Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

Талас: Чек ара маселеси күн тартибинде


Кечээ жана бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Таласка иш сапары менен барганда негизги маселе катары чек ара көйгөйү көтөрүлдү.

Казакстандын Жамбул облусу менен Талас облусунун тургундары илгертеден өз ара соода-сатык, алака-катыш куруп, керек болсо кыз алып-беришип жашап келген.

2010-жылдын 6-7-апрель окуяларынан кийин эки аймактын эли бири-бирине каттап келген Манас районундагы "Чоң-Капка" жана Кара-Буура районундагы "Кичи-Капка" өткөрмө бекеттери коңшу өлкө тарабынан бир тараптуу жабылып, 3 айга чамалуу убакыттан кийин эки өлкөнүн жетекчилеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында "Чоң-Капка" бекети ачылган. Ал эми "Кичи-Капка" бекети ошол бойдон ачылбай турат.

16-ноябрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кичи-Капка" бекетине барганда анын качан ачылары арсар экенин билдирди.

- "Кичи-Капка" боюнча "ачылат же ачылбайт" деп так айта албайм. Аны эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билебиз.

Чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленовдун айтымында, аталган өтмө бекет аркылуу болжол менен күнүнө бир жарым миң киши өтүп турган. Союз мезгилинен 2010-жылдын 6-апрелине чейин бул бекет аркылуу көбүнчө Таластан Тараз аркылуу Бишкекке эл ташыган машинелер өтүп келген экен.

Закир Тиленов буларды билдирди:

- Казак тарап Бажы биримдигине киргенден бери өзүнүн тартиби бар экенин айтып жатат. Ошого байланыштуу биз бул жерге инфраструктура түзүшүбүз керек. Азыр мүмкүнчүлүк болбой жатат, ошон үчүн бул жер ачык турат дейт. Алар бул өтмө бекетин жабабыз деген сунуш киргизди. Биз макул болбой жатабыз.

"Чоң-Капка" өткөрүү бекети аркылуу негизинен таластык дыйкандар өстүргөн жер-жемишин Казакстандын Тараз шаарынын базарына алып барып сатып же коңшу өлкөнүн аймагы аркылуу башка базарларга алып өткөрүшөт. Бирок өкмөт башчы Талас шаарындагы борбордук базарды кыдырып жүргөндө аталган бекет ачык болгону менен ары-бери каттаган соодагерлер бир топ тоскоолдуктарга кабылып жатышкандыктарын айтып, даттангандар да болду. Алардын бири Айгүл:

- Бизге казак-кыргыз маселесин чечип бериңиздер. Бишкектен миң сомго алынган товар Казакстан аркылуу беш миң сом менен келет. Ошону чечип бериңиздер.

Ошентип "Кичи-Капка" бекетинин тагдыры кандай болоору ачык бойдон кала берүүдө. Ал эми "Чоң-Капка" бекетинде эки өлкөнүн эли бири-бирине кыйналып өтүп турмушун улантышууда.

XS
SM
MD
LG