Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Өкмөт "Кумтөр" үчүн дагы бир фонд ачты


Премьер-министр Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү Кумтөрдө.
Премьер-министр Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү Кумтөрдө.

Өкмөт өлкөдөгү экологиялык абалды оңдош үчүн "Жаратылышты өнүктүрүү фондун" түздү.

Аталган фондго "Кумтөр" компаниясы 50 млн. доллар которуп, бул каражат Ысык-Көлдөгү айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө жумшалмакчы. Бирок экологдор өкмөт "Кумтөрдөн" 50 млн. доллар алганын "буга чейинки экологиялык доодон баш тартууга тете иш жана кыргыз өкмөтүнүн келишим боюнча уттуруп койгонунун белгиси" деп сыпатташууда.

"Кумтөрдөн" дагы бир фонд

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү, анын ичинде "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруу учурундагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" деп аталган коомдук фондду түзгөнүн декабрдын этегинде коомчулукка кабарлады.

Токтомго ылайык фонддун түзүүчүсү кыргыз өкмөтү болот жана анын каржылык жана башка мүлкү "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому бир жолу бере турган 50 миллион доллардын жана 2017-жылдан тартып кен казылып бүткөнгө чейин жыл сайын бөлө турган 2,7 млн. доллардын эсебинен түзүлөт. Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул Стратегиялык келишимге ылайык жүргүзүлөт.

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун башкармалыгынын мүчөсү Дүйшөн Касенов “Азаттыкка” билдиргенине караганда каражат фондду уюштуруу иштери бүтөрү менен которулат:

Дүйшөн Касенов.
Дүйшөн Касенов.

- Бул акча даяр турат. Фонд расмий иштегенден тартып каражат которуларына кепилдик бере алабыз. Алгач фондду түзүш үчүн катташ керек, фонддун уставы болушу зарыл. Финансылык реквизиттер ачылгандан кийин гана биз тараптан каражат которулат.

Дүйшөн Касеновдун айтымында, фондго бөлүнө турган каражат буга чейинки төлөмгө салыштырмалуу 10 эсе көп.

- 2017-жылдан баштап "Кумтөр" жыл сайын 2,7 млн. долларды экологиялык зыян үчүн берип турат. Бул каражат "Кумтөр" ишин токтотконго чейин жыл сайын которула берет. Буга чейин "Кумтөр" бул беренеге жылына 310 миң доллардан гана берип келген. Акыркы сүйлөшүүлөрдө "Кумтөр" он эсе көп төлөгөнгө макул болду.

Сапар Исаков (солдо) Кумтөр кенинде. 9-сентябрь, 2017-жыл.
Сапар Исаков (солдо) Кумтөр кенинде. 9-сентябрь, 2017-жыл.

Унутта калган жоопкерчилик

Өкмөт азырынча фондду уюштуруу иштери кайсы баскычта экени, иштөө механизмдери кандай болору тууралуу кеңири маалымат тарата элек.

Буга чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов фондго түшчү 50 млн. доллар Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын суу калдыктарын тазалоочу cистемаларын оңдоого жумшаларын “Азаттыкка” айткан. Ага кошумча экологиялык долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Экологдор менен жаратылыш коргоочулар болсо бул демилгеге түрдүү көз карашта болуп жатышат. "Ири тоо-кен компаниясы экологияга зыяны үчүн которгон акчаны көбөйтүү менен буга чейин келтирилген зыяндан толугу менен кутулуп жатат" дегендер да бар.

"Кумтөр" ишканасы.
"Кумтөр" ишканасы.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кумтөр боюнча парламенттик комиссиянын курамына кирген Эркингүл Иманкожоева “Азаттыкка” билдиргендей, 2012-жылы мамлекеттик комиссия "Кумтөр" иштей баштагандан бери 7 млрд. сомго экологиялык зыян келтиргенин аныктаган.

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

- Мамлекеттик органдар экологиялык зыяндын өлчөмү 7 млрд. сомго чукул экенин аныктап, райондук сот аркылуу жеңишке жеткен. Кийин өкмөт өз чечими менен доону чакыртып алган. Бирок азыр Сапар Исаковдун өкмөтү расмий түрдө “өкмөттүн Кумтөргө доосу жок” деген мааниде келишимге жазып койду. Демек биз "Кумтөрдүн" буга чейинки экологиялык зыяны, мөңгүнү бузганы, аба менен таза сууну булгаганы үчүн келтирилген зыянын өндүрө албай калат турбайбызбы. Бул өкмөт азыркы келишим боюнча келечекте жооп берет деп ойлойм.

Экология боюнча адис Динара Кутманова болсо жаңы фонд түзүүнүн дегеле зарылчылыгы жок деп эсептейт.

- Жаңы фондду түзүүнүн эмне зарылчылыгы бар? Бизде Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине караштуу Жаратылышты коргоо фонду бар, анан калса Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду бар. Фонддордун санын көбөйтпөй, жоопкерчиликти "Кумтөрдүн" өзүнө эле жүктөш керек болчу. Эми жаңы фондго өзүнө тиешелүү кишилерди коюшат, акчаны каалагандай бөлүштүрүшөт, көзөмөл эч кандай болбойт. Айтор, жаңы фондго менин ишенимим аз.

Ушул жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Centerra Gold Inc." компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Жогоруда сөз болгон “Жаратылышты коргоо фондунан” жана жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм каражатынан тышкары, аталган келишимге ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча, бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулушу керек.

Ошондой эле онкологиялык кызматты өнүктүрүүгө канадалык инвесторлор 10 млн. доллар бөлүүгө даяр экенин айтышкан. Бирок бул келишимдин толук расмий версиясы ачыкка чыга элек. Ошондуктан жаратылышты коргоочу активисттер өкмөт жең ичинен “Кумтөргө” жеңилдиктерди берген болушу мүмкүн деп шектенип, документтин толук версиясын ачыкка чыгарууну талап кылып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG