Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Мусулман өлкөлөрүнүн башкы дипломаттары Газаны калыбына келтирүүнү талкуулашат


Газа тилкеси. 29-октябрь 2025-жыл
Газа тилкеси. 29-октябрь 2025-жыл

Дүйшөмбүдө Түркияда мусулман өлкөлөрүнүн башкы дипломаттарынын саммити башталды. Министрлер Газанын келечегин талкуулашмакчы.

10-октябрда АКШ президенти Дональд Трамптын, Египет, Катар жана Түркиянын арачылыгы менен жетишилген ок атышпоо келишими бир нече жолу бузулуп, Израил менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюму бири-бирин айыптап келатат.

Эки жылга созулган согуштан жабыркаган палестин анклавын калыбына келтирүү аракеттерин ыкчамдатуу максатында түрк тышкы иштер министри Хакан Фидан Сауд Арабия, Катар, Бириккен Араб Эмираты, Иордания жана Индонезиянын башкы дипломаттарын Стамбулга сүйлөшүүлөргө чакырган.

Түрк Тышкы иштер министрлигиндеги булактар маалымдагандай, Анкара тилкедеги коопсуздукту камсыздоону жана башкарууну палестиналыктарга өткөрүп берүү планын сүрөөнгө алмачы.

Жекшембиде Хакан Фидан ХАМАСтын Халил ал-Хайя баштаган делегациясын кабыл алган.

Түркиянын башкы дипломаты “Газадагы кыргынды токтотуу зарыл. Ок атышууга чекит коюу жетишсиз. Газаны палестиналыктар башкарышы керек”, - деп билдирди.

Буга чейин Ислам кызматташтык уюмунун Стамбулдагы жыйынында түрк президенти Режеп Таип Эрдоган радикал топ, сыягы жарашууну сактап жатат деп, аны бузууга жоопкерчиликти Израилге жүктөдү. Анын айтымында, мусулман өлкөлөрү анклавды калыбына келтирүүдө “алдынкы роль ойноого тийиш”.

Анкара тилкеге көбүрөк гуманитардык жардам киргизилүүгө тийиш деп кайталап келатат. Гуманитардык уюмдар Газанын айрым жерлерине тамак-аш, таза суу, дары-дармек жеткирүү кыйын болуп атканын айтышат.

Андан тышкары Түркиянын чукул кызматынын атайын топтору Газадагы уранды астында калган сөөктөрдү, анын ичинде хамасчылар барымтага алган израилдиктердин жасаттарын чыгарууга жардам бермек. Анкара алар да чек арадан өтө албай жатышканын айтууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG