Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Доха: Байсалов Кыргызстан "ачкачылыкка кептелген палестин элине тилектеш" экенин айтты


Газада тамак-ашка кезекке турган балдар, 7-октбярь, 2025-жыл
Газада тамак-ашка кезекке турган балдар, 7-октбярь, 2025-жыл

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катардын борбору Доха шаарында өткөн ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынына катышты. Бул иш-чара социалдык өнүгүү боюнча экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагында уюштурулган.

«Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адам ачкачылыктан, жакырчылыктан жана жокчулуктан жапа чегүүдө – биздин жалпы адамгерчилигибизди жана чечкиндүү жамааттык аракеттерибизди талап кылган трагедия. Биз алардын азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга милдеттүүбүз. Бирок өзгөчө тилектештик сөздөрү Палестина элине арналат, алар бүгүнкү күндө 100% жасалма жол менен пайда болгон ачкачылыкты – эл аралык кылмыштын бир түрүн башынан кечирүүдө», - деп билдирди Байсалов.

Ал Кыргызстан “жакырчылыкты жоюу жана бардыгын азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча жалпы максатты тең бөлүшүп, ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянска кошулганын” белгиледи.

Маалыматка караганда, ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянс 2024-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн G20 саммитинде БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүү үчүн түзүлгөн. Учурда анын курамына 104 мамлекет кирет.

Гуманитардык уюмдар Газадагы согуштун айынан миңдеген киши курсагы тоюп тамактанбай, ачарчылыктын кырына кептелгенин, Израил бийлиги ачарчылыкты курал катары пайдаланганын айтып келишет. Расмий Тел-Авив айыптоолорду четке каккан.




Шерине

XS
SM
MD
LG