Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп азырынча Украинага "Томагавк" канаттуу ракеталарын берүүнү караштырбайт. Бул тууралуу ал 2-ноябрда Air Force One учагынын бортунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
АКШ президенти анын мындай позициясы өзгөрүшү мүмкүн экенин да кошумчалады.
Буга чейин Трамп эгер бул ракеталар Украинага жеткирилсе кырдаалды чыңалтып жибериши мүмкүн экенин белгилеген.
Айрым серепчилер Америка лидери бул канаттуу ракеталардын жеткирилиши тууралуу октябрдын ортосунда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда жарыяларын боолгошкон.
Буга чейин Москва Вашингтонго "Томагавк" ракеталарын Украинага жеткирбөөнү эскерткен. Ал эми орус президенти Владимир Путин мындай кадам АКШ менен Орусиянын ортосунда "эскалациянын жаңы айлампасын тутантышы мүмкүн" экенин билдирген.
"Томагавк" канаттуу ракеталарын жеткирүү тууралуу маселе Путиндин Орусия "Буревестник" ракетасын сыноодон өткөргөнүн айткандан кийин көтөрүлө баштады.
"Буревестник"- алыс аралыкка учуучу, атомдук дүрмөт ташыган ракета.
Ал эми Томагавк (Tomahawk) - бир эле маалда бир нече бутага сокку ура алган, жогорку тактыктагы, стратегиялык жана тактикалык багыттагы ракета.
Ал 1600-2500 чакырым аралыкка уча алат. "Томагавкты" суунун алдынан жана үстүнөн, кургактан учурса болот.
Шерине