Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:22

“Центерра” ийкемдүү боло баштадыбы?


Кумтөр ишканасы.
Кумтөр ишканасы.

Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Жаратылышты коргоо фондуна каражат бөлүүгө жана талаптарды аткарууга макулдугун берди.

Компания төлөп берүүгө макул болгон каражаттар экологиялык чыгымдардын ордун толтура алабы? Кыргызстандын кызыкчылыгына канчалык туура келет?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева жана экология боюнча эксперт Калия Молдогазиева катышты.

“Азаттык”: Улан мырза, “Центерра Голд” компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы акыркы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы, андагы жетишилген акыркы макулдашуулардын чоо-жайы тууралуу кененирээк түшүндүрмө берсеңиз?

Улан Рыскулов: Коомдо Кумтөр боюнча көтөрүлүп келаткан маселелердин бири – бул экология. Өкмөттүн бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрү болуп келди, болуп жатат.

Экологиялык маселелерди чечкенге компания менен алдын ала келишим бар. Ал документ экологиялык көп суроолорду чечүүгө багытталган. Алардын ичинен рекультивация боюнч көп сөз болуп жаткан, биз ага кете турган каражатты көбөйтүү жөнүндө маселе көтөрүп келгенбиз.

Эл аралык эксперттердин корутундусу боюнча 69 миллион доллар болот деп эсептелген, “Центерра” ага макул болууда. Бул убакытка чейин рекультивацияга делген акча Англияда сакталып келсе, мындан кийин ага кетүүчү акча Кыргызстандын банктарында сакталат. Жыл сайын алар 6 миллион доллардан которуп турушмакчы. Биздин банкта сакталгандан кийин кыргыз экономикасына иштейт десек болот.

Бул иштердин аткарылышын көзөмөлдөгөн эки тараптан шайланган байкоочу кеңеш иштейт. Мындан сырткары Кыргызстан гана эмес, Борбор Азиянын бермети – Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын суу калдыктарын тазалоочу жайларынын абалы оор экендиги белгилүү. Көл жээгиндеги айылдардагы суу тазалоочу жайлардын акыбалы андан көйгөйлүү бойдон калууда. Алардын баарын жаңыртуу зарыл. Булардын баарын ишке ашыруу үчүн атайын фонд түзүлөт, ага “Центеррадан” 50 миллион доллар которулат. Ага кошумча экологиялык долбоорлорду ишке ашырса болот.

“Азаттык”: Эркингүл айым, кыргыз өкмөтү менен “Центерранын” ортосундагы экологиялык жааттагы соттук доолор боюнча эки тарап бир пикирге келүү ниеттери бар деп айтылууда, ал канчалык кыргыз тараптын кызыкчылыгын канааттандыра алат деп ойлойсуз?

Эркингүл Иманкожоева: Мен Улан мырзанын сөзүн угуп алып аябай таң калып жатам. Биринчиден, рекультивациялык фонд деген кыргыз экономикасынын башка жактарына эмес, дал ошол калдыктар төгүлгөн жерлердин экологиялык маселелерин чечүүгө гана жумшалыш керек. Ал каражат эртеби-кечпи Кумтөрдөн канадалыктар кеткенден кийин ал жердин коопсуздугун камсыз кылууга кете турган гана акча. Тиги банк, бул банкта болот, анан экономикабызга жумшайбыз деп отурсак, ар кайсы чиновниктин банктарына которуп отуруп, экологиялык катастрофа болсо акчанын дайынын таппай калсак ким жооп берет?

Эгер кырсык болсо, бир дагы кыргыздын акчасы жетпейт, ал жерде жүз миң тонналаган уулуу заттар жатат. 5 миллион доллар, 3 миллион доллар ала турган болдук деп кыргыз өкмөтү эле айтып жатат. Мына эки жыл болду, “Центерранын” директорлор кеңешинен келип, мындай сүйлөшүү болду деген сөздү уга элекмин.

Эгер жакшы макулдашуу болсо анда азыркы макулдашуунун текстин элге жазуу түрүндө сайттарга жарыялашсын, көрсөтүшсүн. Өкмөт шайлоо болордун алдында эле баары чечилип жатат деп калышат. Былтыр Конституцияны кабыл аларда да “Баш мыйзамды колдоп берсеңер “Кумтөргө” байланыштуу маселелердин баарын чечебиз, күнөөлүүлөрдүн баарын жоопко тартабыз” дешкен. Андан бери ким жоопкерчиликке тартылды? “Центтерра” өз билгенин жасап жатат. Алар документтерине акционерлердин уруксаты жок эле акцияларды эммиссия кылганга укугу бар деп жазып алган. Ошонун айынан Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 33 пайыздан, 26 пайызга чейин түшүп кетти, алты пайызды жоготтук, ага ким күнөөлүү?

“Азаттык”: Калия айым, экологиялык жааттагы милдеттенмелерди "Центерранын" аткарарына ишенбегендер да чыгууда. Сиздин пикириңизде айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык стандарттарга ылайык жыйынтыктарга жетишүүгө болобу?

Калия Молдогазиева: Мен 2012-жылы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгом, анда менимче көптөгөн жакшы, алгылыктуу сунуштар берилген. Эки-үч жылдан бери ал боюнча эмне иш болуп жатканы эч угулган жок. Эми гана сүйлөшүүлөр болуп жатканын билип жатабыз.

Улан мырзанын айтып жаткандарынын баары туура. Бирок биз топурактын, суу ресурстарынын булганып жатышы ж.б. тартып жаткан башка чыгымдар, зыяндардын ордун толтуруу боюнча азыркы макулдашууда сөз болбой жатпайбы, биз кандай документ даярдалып жатканын билбейбиз. Рекультивация деген башка маселе.

Биз мурдагы, ушул убакка чейинки чыгымдар, зыяндарды төлөш керек деп жатабыз. Мисалы, эки чоң мөңгү жок кылынды, анын чыгымы жөнүндө сөз жок. Алардын акчасы миллиардаган сом болот. Ким төлөйт?

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Центерра" ийкемдүү боло баштадыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:19 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG