Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Латвияда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шектүү кармалды


Латвиянын атайын кызматы Орусиянын пайдасына "тыңчылык кылган" деген шек менен бир кишини кармады. Маалыматка караганда, жергиликтүү жаран Вентспилс шаарында 17-октябрдан 18ине караган түнү колго түшүрүлгөн. Бирок бул тууралуу дүйшөмбүдө кабарланды. Ал өлкөнүн коргонуу тармагы тууралуу маалымат чогултуп, Орусиянын аскердик чалгын башкармалыгына (ГРУ) өткөрүп берчү деп шектелүүдө.

Кармалган кишиш аты, иштин чоо-жайы белгисиз.

Delfi сайты тергөөчүлөргө шилтеме менен кабарлагандай, шектүү НАТОнун Латвиядагы аскерлери тууралуу да маалымат берип турган. Вентспилстин жанында альянстын машыгуулары өткөрүлүп келет.

Мындан тышкары шектүү авиациялык максатта колдонууга мүмкүн болгон менчик инфраструктура, мобилдик байланыш карталарын сатып алуу шарттары тууралуу маалымат чогулткан.

"Настоящее Время" телеканалы жазгандай, өткөн аптада Германия Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган бир нече кишиге өкүм чыгарды. Ага чейин Эстониянын Нарва шаарында иш алып барган Иван Дмитриев аттуу жаран ушундай эле айып менен беш жылга абакка кесилген. Маалыматка ылайык, ал Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) чек ара бөлүмүнө шаардагы саясий абал, аскерлердин кыймыл аракеттери, жергиликтүү музей тууралуу маалыматты өткөрүп берчү. Нарва музейнини директорунун үстүнөн "Путин - согуш кылмышкери" деген баннер үчүн Орусияда кылмыш иш козголгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG