Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:26

ХАМАС Израилге дагы үч туткундун сөөгүн берди


ХАМАСтын туткунунда каза болгондордун сөөктөрүн алып бараткан Кызыл Чырымдын автоунаалары. 30-октябрь, 2025-жыл.
ХАМАСтын туткунунда каза болгондордун сөөктөрүн алып бараткан Кызыл Чырымдын автоунаалары. 30-октябрь, 2025-жыл.

ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган топ) Газа тилкесинде бир нече ай кармап турган үч туткундун сөөгүн Израилге өткөрүп берди. Бул тууралуу 2-ноябрдын кечинде премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси билдирди.

"Израил Кызыл чырым уюмунун ортомчулугу менен үч туткундун сөөгүн өткөрүп алды", - деп жазылат маалыматта. Кийинчерек Израилдин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү сөөктөр "идентификация жана өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн" Улуттук соттук медициналык борборуна жеткирилгенин ырастады.

ХАМАС Газа секторунун түштүгүндөгү туннелдердин биринде сөөктөрдү аныктаганын 2-ноябрда билдирген. AFP маалымат агенттиги жазгандай, кеп үч аскердин сөөгү тууралуу болуп жатышы мүмкүн. Ушул убакка чейин барымтада каза болгон 28 туткундун 17синин сөөгү кайтарылган.

Алардын арасында Тайланддын жана Непалдын бирден жарандарынын сөөктөрү бар.

14-октябрда Египеттеги саммитте Газа жана Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу боюнча декларацияга кол коюлган.

АКШ президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен Израил жана ХАМАСтын ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, радикал топ барымтадагы 20 туткунду бошотуп, 28 сөөктү өткөрүп бериш керек эле.


Шерине

XS
SM
MD
LG