Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Кумтөр: ишкерлер өкмөттү мунасага чакырды


Эл аралык ишкер кеңеши кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голд Инк" ишканасын мунасага келүүгө чакырды.

Уюмдун билдирүүсүндө Кумтөр боюнча соттошуу өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизет деп айтылат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты мунаса тууралуу сунуш боюнча, дегеле Кумтөр маселеси тууралуу комментарий бере элек. Президент Алмазбек Атамбаев былтыр жыл этегинде Кумтөр маселесинде жылыш болот деп убада кылган эле.

Эл аралык ишкер кеңешинин Кумтөр боюнча күтүүсүз билдирүүсүндө кыргыз өкмөтү тоо-кен тармагындагы саясатында мамлекеттин да, инвестордун да кызыкчылыгын эске алышы керек деп айтылат. Уюм президент Алмазбек Атамбаевдин "Кыргызстан бизнес, инвестор жана бардык ишкерлер үчүн бейиш болушу керек" деген сөзүн мисал келтирип, "Центерра Голд Инк" өлкөдөгү ири салык төлөөчү жана инвестор экенин белгилеген.

Канада сотунун чечими Кыргызстанга ооду

Канада сотунун чечими Кыргызстанга ооду

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту төрт чет элдик компаниянын “Центерра Голддогу” Кыргызстандын акцияларын алып берүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Эми алар талаштуу маселе боюнча башка сотторго кайрыла алышат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен анын аппараты азырынча бул чакырыкка үн ката элек. Өкмөттүн маалымат кызматы Кумтөр боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. "Центтера Голд Инк" дагы азырынча мунаса тууралуу пикирин айтпай турат.

Жогорку Кеңеште дагы Кумтөр маселеси качан каралары азырынча белгисиз. Парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев Кумтөр маселесин кароо өкмөттүн айынан токтоп турганын бышыктады:

- Кумтөр унутулган жок. Өкмөт кат жөнөтүп, "токтоп тургула, сүйлөшүү жүрүп жатат, жакшы чечилип жатат", деп бизди токтотуп жатат. Ошону күтүп турабыз. Жакында бизге маалымат берип баяндама жасашат. Анан бул маселени жакында алып чыгабыз го. Соттошо турган, соттон ута турган иш болсо соттошубуз керек. Ишкер кеңеш өзүнүн оюн айтып жатат. Кыргызстан тарап, биз дагы өзүбүздүн оюбузду айтышыбыз керек. 30 пайыздан ашык акциябыз болгондон кийин анын баарын мамлекет өзү чечиши керек.

Саясат талдоочу Даниел Кадырбеков Эл аралык ишкер кеңешинин Кумтөр тууралуу билдирүүсүн орунсуз экенин айтып сынга алды. Кадырбеков өкмөттүн эмдигиче Кумтөр боюнча түшүндүрмө бербей жатканын жана Эл аралык ишкер кеңешинин маселени соттошпой чечүү тууралуу кокусунан чыккан сунушун кыргыз бийлигинин позициясы болушу ыктымалдыгы менен түшүндүрдү:

- Биринчиден, Эл аралык ишкер кеңеши бул чакан эле топ. Ишкерлер өзүнчө ассоциация куруп алып элдин кызыкчылыгына төп келеби, же жокпу, ага карабай мамлекетке ошондой кылгыла деп айтканы түшүнүксүз нерсе. Алар кимдер? Кимден мандат алып кимдин атынан сүйлөп жатат? Маселени сотко жеткирбей чечүүнү алар кайдан билет? Мүмкүн сот биздин кызыкчылыгыбызга чечим чыгараттыр? Алардын мындай көрсөтмө бергени туура эмес. Алардын башкы жүйөсү негизсиз. Менимче президент Алмазбек Атамбаевдин командасы соттон ута турган учурларды колдон чыгарып жиберген, же аргументтерди дүйнөлүк тажрыйбага ылайык кыла алышкан эмес. Алар кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп жатат. Ошондуктан Эл аралык ишкер кеңешинин оозу менен мунасага барышыбыз керек деп айттырып жатат. Арбитраж - бул дүйнөлүк тажрыйба. Талаш-тартыш болсо ага элдин баары эле кайрылат. Андан инвестицияга эч кандай доо келбейт деп ойлойм.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчиси, Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов "Центерра" менен баштапкы сүйлөшүүлөр оор болгонун, соттошуу аргасыз кадам болгонун айтып берди:

- Сотко кыргыз өкмөтү, же "Кыргызалтын" биринчи берген эмес. Тескерисинче, алар бизди берип, эл аралык соттон утуп алып "Кумтөрдөгү" акцияларыбызды камакка алышкан. Анан айла кеткенде биз соттошконбуз. 2013-2014-жылдары сүйлөшүү жараяны оор шартта өттү. Бир туруп бизди чет өлкөлүк фирмалар сотко берсе, бир туруп биздин өкмөттөгү айрым аткаминерлер "Центеррага" кеңешчи болуп, "Кыргызалтынды", кыргыз өкмөтүн ушундай кылып сотко бергиле деп чыккынчылык кылып, тескерисинче, биз кыйналып келбедикпи.

Токон Мамытов кыргыз өкмөтү мунаса таба алган жагдайлар бар экенине токтолду:

- 2014-жылы марта канадалыктар менен болгон сүйлөшүү жакшы жыйынтык менен бүткөн. Аларды жетелеп келип эле биз соттон акцияларыбызды бошоттук, негизги акционер бизбиз, мындан ары ушундай иштейли деп ошол сүйлөшүүгө кол койгула деп эле кол койдуруп коюу керек. Болгону ошол. Сүйлөшүүдө ийге келтирүү жолдору бар. Азыр өкмөт, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ишти туура алып келе жатат. Ошол ишти аягына чыгам деп жылдырып келе жатат. Буюрса, жакын арада иш оңунан бүтөт болушу керек.

Президент Алмазбек Атамбаевдин командасы соттон ута турган учурларды колдон чыгарып жиберген, же аргументтерди дүйнөлүк тажрыйбага ылайык кыла алышкан эмес.
Даниел Кадырбеков

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов Кумтөр маселесинин бир канча жылдан бери чечилбей жаткан себебин кыргыз коомчулугу бир пикирге келбей жатканы менен байланыштырды:

- Чындыгын айтыш керек, "Кумтөр" бизди шантаж кылып көнүп алган. Биз кыргыз эли бир муштумга түйүлүп, ынтымагыбызды көрсөтө албай, Кумтөр боюнча бир пикирибизди билдире албай, төртөөбүз төрт башка жакка тартып отуруп, "Кумтөр" бул жагдайды пайдаланып кетип жатат. Арабызды төрт-бешке бөлүп, бири-бирибизди кызыл чеке кылып мушташтырып коюп алар өз ишин кылып жатат. Өңгөсүнөн дагы ушул Кумтөр боюнча бир пикирге келмейинче аларды адилеттүү келишим түзүүгө муюндура албайбыз. Эгерде бизге мөңгүнү талкалаганга уруксат бербесеңер анда биз өндүрүштү токтотуп кетебиз десе эле биз коркуп кетип жатпайбызбы. Алар жылына жети миллиард сом киреше берет экен. Биз ошого байланып, алардын айтканы менен болуп жатканыбыз ушул да. Өкмөт чечкиндүүлүгүн көрсөткөндө "Центерра" менен эбак эле адилеттүү келишимге келет болчу.

Апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик Кумтөр маселесин бир жаңсыл чечүүнү убада кылган. Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин чечүү боюнча 2014-жылы жана 2015-жылы токтом кабыл алган жана өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген.

Былтыр 1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында Кумтөр боюнча "Центерра" менен теңме-тең сүйлөшүү жүрүп, жылыштар болот деп ишендирген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG