Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Селден жабыркагандардын арманы


Май айында болгон үч жолку суу ташкын Аксы районуна 7 миллион сомдон ашык зыян келтирди.

Райондун тоо этегиндеги Кызыл-Туу айылында бир саат катуу жааган жамгырдан улам 30 үйдү сел каптап, алардын үчөө жарактан чыккан. Сел 170 малды агызып кетти. Ал үйлөрдүн жашоочулары балдарыныкына көчүрүлдү. Суу ташкындан өлгөн малдын жарымы көмүлдү. Бирок адам өмүрүнө зыян тийген жок.

Айыл өкмөт башчы Болотбай Төрөбеков суу ташкын 3 миллион сом зыян келтиргенин, жабыркаган үйлөрдү алардын ээлери тазалап жатканын айтты:

- Ар бир сайдан чоң көлөмдөгү сел келди. 120 мал өлдү, калганын эсептей элекпиз. 60ка жакын малдын өлүгүн дезинфекциялап, көмдүрдүк. Элге түшүндүрдүк, селден өлгөн малдын этин жегенге болбойт, оору чыгышы мүмкүн. Бизде үй курууга да жер жок.

Суу ташкын айыл тургуну Сүйүналы Тургунбековдун турак жайын жексен кылды. Кошумча үйдө сакталган оокат-азык, буюм-тайымы менен малдын жеми селге акты. Суу ташкын күндүз жүргөндүктөн ал үй-бүлөсүн коопсуз жерге алып өткөн. Селден кийин үйү жараксыз болгондуктан окчун турган башка үйгө көчүп чыккан.

- Сел үйдү тешип өткөндүктөн аны бузуп, кыштарын бул жакка жыйдык. Бул гараж болчу. Гараждын ичинде ун бар болчу, бүт агызып кетти, эч нерсе калган жок. Бул атамдын тамы болчу, ушунда жашап турганбыз. Тамыбыз бар эле, ошого көчүп чыктык. Техника жагынан жардам болду. Анан жардам бер деп айтыш деле кыйын экен. Бүт баарын сел каптап, суу алып атпайбы. Үй-бүлө аман, сел күндүзү жүрүп, адамга зыяны тийген жок.

Жылуу-Суу айылынын башчысы Бакыт Мамыралы уулу сел коркунучун алдын алалбады деп, өзгөчө кырдаал тармагына нааразы болууда. Анын айтымында, алгачкы сел жана кийинкисин болтурбоо тууралуу тармактын райондогу кызматкерине сунушталган:

- 7-майда сел болгондон кийин 8-майда айыл өкмөт башчы болуп, бирге барып райондун МЧС кызматкерине айттык. Алар келип, “биз эч нерсе кыла албайбыз. Үйлөрдү сел басып калса жардам беребиз, ансыз биз эч нерсе кыла албайбыз” деди. Биз “эртең үйлөрдү суу каптап кетсе, силер жооп бересиңер. Алдын алып 50-60 миң сомдук иш бүткөрүп койбосоңор эртең миллион сомдук чыгашага учурайсыңар” дедик. 19-май күнү да сел жүрдү. 20-майда райондун жана облустун МЧСи келди, райондун акими баш болуп. "Эки күндүн ичинде селден тазалатып, жардам берем" деп кетти. Биз эки күн күттүк, ал иш болгон жок. Айла кеткенде айыл өкмөткө барып, "эптеп техника менен солярка таап бер, убактылуу болсо да биз өз күчүбүз менен сел жүрчү жерлерди бекитип туралы” дедик. Ошондон баштап МЧСтен жардам да жок, эч нерсе жок. Селди алдын алуу, суу ташкынды болтурбай коюу – ошо МЧСтин күнөөсү болуп атат. Ошол убакта алдын алып, бекемдегенде мынчалык кырсык болбойт эле да.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов суу ташкын өтө көп болуп жаткандыктан бардык аймакка жетишүү кыйын болуп турганын билдирди:

- Кыргызстан боюнча 600гө жакын селден кооптуу жай бар. Ошонун бардыгын бир мезгилде алдын алуу иштерин жасаганга мамлекетибиздин каржы жетпей жатат. Акчанын жетишинче быйыл 120 объектти бекемдеп калганга үлгүрдүк. Бардыгына жетишүү – каржынын тартыштыгынан кыйын болуп атат.

Бекиловдун маалыматында, 28-майда болгон жаандан улам Сузакта 274 үйгө суу кирген. Жалал-Абаддын алты-жети району ушул убакта суу ташкындан жабыркап турат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG