Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрдагы парламенттик шайлоодо жыйынтыгы таанылбай, жокко чыгарылган №13 округ боюнча маселени жекшембиде карап, Ноокен жана Майлуу-Суу аймактык комиссияларындагы 35 шайлоо тилкесинин төрагалары кызматтан алынганын билдирди.
“Көрсөтүлгөн шайлоо тилкелеринин төрагалары мыйзам бузуулардын болушуна жол бербөө чараларын көргөн эмес”, - деп түшүндүрдү Боршайкомдун шайлоону уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева.
Чечимге ылайык, 35 шайлоо тилкесинин төрагалары беш күндүн ичинде кайра шайланышы керек.
БШК 3-декабрда Жалал-Абад облусундагы №13 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга аталган округдагы 35 добушканада талапкерлердин байкоочулары камераларды мыйзамсыз орноткону себеп болгонун маалымдаган. Боршайком муну менен добуш берүүнүн купуялуулугу тууралуу эреже бузулган деп таап, кайра шайлоого азыркы талапкерлер катыша албайт деген чечим чыгарган.
Анын алдында облустук милиция 30-ноябрда №13 округдагы №2410 шайлоо тилкесинде талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрү эсептөө үкөктөрүн видеокамерага тартып жатканы аныкталганын билдирген.
Ага чейин “7-канал” добушканада шайлоо күнү тартылган видеону жарыялаган. Анда добушканада бюллетендерди салуучу үкөктүн үстүнө илинген телефонду көрүүгө болот.
Видео тартып жаткан кишиге жооп берген адам ал талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлү экенин, кайсы бир адамдар телефонду ушинтип илип коюуга буйрук беришкенин айтканын көрүүгө болот. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алар “мүмкүн эмес экенин айтканына карабай, илип коюшканын” билдирген. Мындан кийин шайлоо тилкесине милиция кызматкерлери келип, териштире баштаганы тартылган.
Бактыбек Сыдыков кийин өзү билдирүү жасап, анда жыйынтыктын жокко чыгарылышына атаандаштарын айыптаган.
Бул округда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттин сегизинчи чакырылышына депутат болуу үчүн 14 талапкер ат салышып, баштапкы эсептерге ылайык эркектерден Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, аялдардан Айгүл Карабекова алдыга чыккан. Аталган округда 160 миң 340 шайлоочу катталган, шайлоо күнү 94 добушкана ачылган.
Шерине