Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Дүйнө Айтматовду эскерүүдө


"Ата-Бейиттеги" эскерүү, 12-декабрь, 2013.
"Ата-Бейиттеги" эскерүү, 12-декабрь, 2013.

Залкар жазуучунун 85 жылдыгына карата Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Бишкектеги эскерүү аземи “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде залкардын эстелигине гүлчамбар коюп, куран окуу менен башталды. Айтматовду эскерүүгө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бийлик адамдары, экс-президент Роза Отунбаева, Чыңгыз Айтматовдун бала-чакасы, коомдук ишмерлер жана жазуучунун көптөгөн замандаштары катышты. Күндүн суугуна карабай Айтматовдун эстелигине гүл коюп, аны эскергендер көп болду.

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева эскерүү сөзүндө Айтматов кыргыз эли үчүн таянар тоо экенин айтты.

- Дүйнө жүзүндөгү эң чоң маркадагы адамды колубуздан жоготуп отурабыз. Кыргызстан азыркы учурда оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Кыргыз эли бардык оорчулуктардан Манас сыяктуу, Айтматов сыяктуу чокуларыбыздын арбагына таянып чыгарыбызга ишенели. Биз колубузда бар нерсени убагында баалабайт экенбиз. Баркына жетпейт экенбиз...

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария, карындашы Роза, иниси Илгиз, уулдары Аскар жана Элдар Айтматовдор маркумдун күмбөзүнө гүл коюп, көздөрүнө жаш алып эскеришти.

Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00


Аскар Айтматов атасынын эстелиги 5 жылдан кийин тургузулганын баса белгилеп, курулушка кол кабыш кылгандарга ыраазычылык билдирди. Ал биздин сурообузга жооп берип жатып, атасын ойлогондо дайыма бала кези көз алдына келээрин эскерди:

- Атабыз азыр жаныбызда болсо жакшы болмок. Бала кезимде атам менен тоодо жүргөнүмдү көп эстейм. Ал мага өз колу менен чопо чоор жасап берген.

Ушу эле күнү жазуучуну эскерүүгө чогулгандар үчүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы Айтматов жашаган үйгө саякат уюштурулду. Айтматов аталган үйдө Бишкекте жүргөн учурунда жашаган.

Жазуучунун карындашы Роза Айтматова келгендерге маркумдун иш бөлмөсүн тааныштырып жатты.

- Ал киши төргө, биз аны тегеректеп отурчубуз. Бул жерде чай ичээр элек. Иш бөлмөсү жанаша бөлмөдө. Уктоочу бөлмө болсо экинчи кабатта жайгашкан.

Айлана-тегереги бак-дарак менен курчалган эки кабат чоң үй Айтматовдун колдонгон буюм-тайымдары, сүрөттөрү, сыйлыктары менен толтурулганы менен азырынча музей деген расмий статус ала элек.



Айтматовдун туулган күнү бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө чоң салтанат менен белгиленип жатканын "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди.

- Айтматовдун 85 жылдыгы Орусиянын Москва, Екатеринбург, Казан, Тюмень, Казакстандын Алматы, Астана шаарларында белгиленди. Мындан сырткары жазуучуга арналган ар кандай иш-чаралар Украина, Түркия, Бельгия, Түркмөнстан, Тажикстан, Жапония, Британия, Германия мамлекеттеринде жана Араб Эмираттарында өтүп жатат.

Дүйнөлүк жазуучунун 85 жылдык мааракеси жыл жаңырганда Малайзия, Иран, Сауд Арабиясы, АКШ, Кытай, Пакистан, Индия жана Австрия өлкөлөрүндө да белгиленет.

Улуу жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган. Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG