Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

Атаңды көргөн өлбөсүн...


Бүгүн залкар жазуучу, Улуу ойчул Чыңгыз Айтматов 85 жашка толмок. Жарык көргөн бардык гезиттер атактуу жазуучубузду эскерген макалаларга кенен орун берди.

“Асаба” гезити ”Беш саясий дидар”, “Келдибеков бизнесин ширеңке сатып баштаптыр” деген макалалар менен жаңы санын ачты.

Экс-министр Ибрагим Жунусовдун маеги “Султан Раевдин ордумду тартып алганы чындык” деген ат менен жарык көрдү. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду жазуучунун классташы Сейталы Бекмамбетов менен Ысмайылдын кызы Акбар Сейталиева эскерди.

“Асаба” гезитинин эки бети өмүрдөн эрте кеткен маркум Мелис Эшимкановду эскерүүгө арналды. Журналисттер Назира Саалиева, Сүйүнбай Бөрүбаевдин макалалары менен Дилбар Алимованын Мелистен көзү тирүүсүндө алган маеги тартууланды.

Дагы бир маалымат, жыл сайын журналисттер үчүн ыйгарылуучу “Мелис Эшимканов атындагы сыйлык” бул жолу КТРКнын “Улутман” берүүсүнүн алып баруучусу, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковго ыйгарылып, ага диплом 100 миң сом акчасы менен кошо тапшырылды.

Эске сала кетсек, Эшимканов атындагы сыйлык өткөн жылы анын жубайы Асел Эшимканова тарабынан уюштурулуп, биринчи сыйлыгы белгилүү журналист Алым Токтомушевге тапшырылган.

“Асабанын” дагы бир макаласы карылар үйүндө жашап жаткандарга арналды. Карылар үйүндө жашаган жазуучу Дубаш Калназаров интервью берди.

“Айат” гезити биринчи бетин “Өз башындагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көргөн Жээнбеков”, “Ниязалиеванын көксөгөнү эмне?”, “Динге жамынып, бизнес жасаган Мыктыбек Арстанбек”, “Бишкек шаарынын прокурору кызматтан кетти”, “Эсеп палатасы керекпи?”, “Иса Өмүркулов элчи болуп кетеби?” деген кабарлар менен ачты.

Журналист Балбак Түлөбаевдин макаласы “Мырзакматов кыргыздын Эрдоганы боло алабы?” деп аталып: “Мырзакматов чаң-тополоңдон, мыйзамсыз иштерден алыс туруп, эл эгеси, журт атасы болом десе, келечекти ойлосо, акылдын жолуна түшүүсү зарыл” деген ойду айтты.

“Асман пресс” гезити депутат Анарбек Калматовдун маегине орун берди. Кабарчынын “Кыргызгаздын” “Газпромго” сатылышына кандай дейсиз?” дегенине депутат: “Мен башынан эле сатылышын колдоп келем. Канча жылдан бери Өзбекстан менен Казакстандын көзүн карап келебиз. Орусия үзгүлтүксүз газ берип турам деп атса, эмне үчүн аны колдобошубуз керек? Орусиядан бөлөк бир да мамлекет жардам берген жок. 22 жылдан бери өзүбүзгө эч нерсе кыла албадык. Эгер эл катары өнүгөбүз десек, өзүбүздө жок болгон соң, карыз алып өнүгүшүбүз керек” деп жооп берди.

Ушул эле “Асман пресс” гезитине 60ка чыккан белгилүү акын Маркабай Ааматовдун жаңы ырлары жарык көрдү.

Айтылуу журналист, “Манас” изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин “Айкөл Манас-тарыхый инсан” аттуу эмгеги сандан санга жарыяланууда.

“Учур” гезити жазуучу Мырзахалим Каримов менен маектешти. Жазуучу өз сөзүндө союз тарагандан кийин өлкөнү ар түркүн диндердин идеологиясы каптаганын, буга жардамчы болуп элди уруу-урууга бөлгөн шайлоонун шайтан оюндары басканын, идеологдор болсо “өлкөбүз “светтик” өлкө, колдорунан эчтеке келбейт” деп кайдыгер жүргөнүн, дал ушундай чаржайыттыктын, ооздугу катылбаган диний фанатизмдин айынан кезинде Тажикстан граждандык согуштун өртүндө калганын, тынч жашап турган калкты эки жүздүү интеллигенттер менен диний фанаттар авантюрага түртүп, бир элди бири-бири менен бычактатып, атыштырып, согуштун тозогуна таштап салып чет өлкөлөргө сызып кетишкенин кейиш менен кеп кылды. Жазуучу Мырзахалим Каримов диний фанаттарга бүгүн тозокту башынан өткөргөн Тажикстан да, бизге караганда динге берилген Өзбекстан да сергек мамиле кылып, чек араларын ар кандай агымдардан бекемдеп, бууп атса, Кыргызстан мындай сабактардан эч кандай жыйынтык чыгарбай, кучагын ачкан бойдон уктап жатканын айтып коңгуроо какты.

“Азия ньюс” гезити Бишкек Эркин экономикалык аймагынын башчысы Орозбек Нусувалиевдин маегине окурмандардын көңүлүн бурду. Орозбек өз сөзүндө Москванын соода өнөр-жай палатасынын алдындагы арбитраждык сот Кыргызстанды 23 млн. доллар төлөп берүүгө чечим чыгарганын, бирок доогердин талабы ойдон чыгарылганын, алар эсептеген чыгымдардын баары далилсиз болгондуктан Кыргызстандын Жогорку Соту аны “юридикалык күчкө ээ эмес” деп тапканын, буга дейре кореялык компания коомчулукка атайылап туура эмес маалымат таратып келгенин, эми комиссия тарабынан ашкереленген фактылар боюнча материалдар тиешелүү органдарга жиберилгенин баяндап, ал бир гана максатты - Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын ойлоп иш кылап келатканын кошумчалады.

“ПолитКлиника” гезити “Улутташтыруу менен “Кумтөр” ишканасын жок кылып алабыз” деген макала менен ачты.

Чыңгыз Айтматов тууралуу Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун баяны басылды.
XS
SM
MD
LG