Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

«Аскерге кеткен уулумду ооруканадан таптым»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте аскердик кызмат өтөп жүргөн жоокер психиатриалык ооруканага түшүп калды. Атасы «баламды аскердик бөлүктө сабашкан» деп арызданууда.

Каракол шаарынын тургуну Чыныбек Касымов аскерге жиберген уулун жыл айланбай ооруканадан жолуктурган. Атасынын айтымында, анын 24 жаштагы уулу Азиз Касымов аскерге былтыр күзүндө кеткен. Касымов бир жума мурун уулу оор абалда Бишкектеги Республикалык психиатриялык борборго келип түшкөнүн, аны аскерде сабашканын айтууда:

«Ал «жарандык милдетимди аткарам» деп кеткен. Эми келсем ооруканада башы жарылып отурат. Балам Караколдогу педагогикалык окуу жайын аяктаган. Бокс боюнча спорттун чебери. Окуусун аяктап, «аскерге барам» деп өз каалоосу менен кеткен. Бизге маал-маалы менен «баары жайында» деп кабарлап турчу. Энесине ал кызмат өтөгөн бөлүктүн командирлери бир нече ирет чалышкан. Баары эле алкыш айтып жатышкан. Бир жума мурда балам ооруп калганын, аны ооруканага алып келишкенин айтып чалышты. Келсем, ооруканадан баламды чыгарбай жатышат. Ал буга чейин ооруган эмес, адекваттуу. Менимче, аны көптөн бери сабап жүрүшкөн. Денесинде бир нече так бар экен. Мага балам «жыгылдым» деп койду. Эмне, кайра-кайра жыгыла бермек беле?».

Чыныбек Касымовдун уулу Ички иштер министрлигине караштуу Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Касымовдун кайрылуусунун негизинде бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ишти Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматкери Азамат Оторбаев соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы он күндөн кийин анык болорун билдирди:

«Ал жоокер 7-майда ооруп жатканын айтып, аскер госпиталына кайрылыптыр. Ал жерден неврологиялык-психиатриялык борборго жолдомо жазып беришкен экен. Баланы эч ким урган эмес, бизде мурдагыдай чоңсунуу болгон учурлар жок. Жоокерлер жаш курагына жараша ротага жайгаштырылат. Бир күн мурун экспертиза өткөрүлдү, анын жыйынтыгы он күндөн кийин чыгат».

Азиз Касымов ушу тапта дарыланып жаткан Республикалык психиатриялык борбордун жетекчиси Ураимжан Исмаилов жоокердин абалы тууралуу комментарий берген жок. Ал жоокерлер кайсы учурда аталган ооруканага келип түшөрүн түшүндүрдү:

Ураимжан Исмаилов.
Ураимжан Исмаилов.

«Бейтаптын кагаз түрүндө уруксаты жок биз анын диагнозун айта албайбыз. Атасы келип «алып кетем» дегенге жооп катары айтарым - атайын медициналык кароо, текшерүү жүрүп жаткан учурда ал нерсе мүмкүн эмес. Биздин ооруканага жоокерлерди алып келип турушат. Себеби, курал кармаган адам адекваттуубу же жокпу текшериш керек. Бир да жолу ушул мезгилге чейин биздин оорукана койгон диагноз туура эмес же тастыкталбай калган учур каттала элек».

Кыргызстандын аскер кызматы тууралуу мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон уландар милдеттүү түрдө аскердик кызматын өтөөгө чакырылат. Милдеттүү түрдө аскердик кызматтан ден соолугу туура келбеген уландар бошотулат. Муну аныкташ үчүн атайын медициналык кароо өткөрүлөт.

Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары армияда адам укуктары сакталбайт деп сындап келишет. Укук коргоочулар армияда аскерлер арасында чоңсунуу, зомбулук, уруп-сабоо көп экенин белгилешүүдө. "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова буларга токтолду:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

«Дени сак жоокердин психиатриалык ооруканага жатып калышы - бул аскерде көп колдонулган ыкма. Мындай учурлар буга чейин бир нече жолу болуп келген. Жоокер окуясы тууралуу башкаларга айтпашы үчүн ушул ыкманы колдонушат. Бул нерсе аскер бөлүктөрү менен аталган ооруканын ортосунда сүйлөшүүлөр барбы деген күмөн ойлорду жаратат. Себеби, буга чейин ал ооруканада дарыланып жаткан жоокерлер менен сүйлөшүүбүзгө дарыгерлер өзүлөрү тоскоол болгон. Тилекке каршы, биздин тажрыйбада майып болуп калган жоокерлер аз эмес. Алардын соттук иштери дагы эле уланууда. Мына, былтыркы эле Нарындагы аскерден бир көзү көрбөй калган жоокерди мисалга алалы. Эки колунан ажыраган Майлуу-Суудагы Русландын окуясычы? Бул аябай кейиштүү көрүнүштөр».

Жоокерлердин укуктарын сотто коргоп келе жаткан «Кылым шамы» уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны 60тан ашкан. Алар өз жанын өзү кыйганы да айтылган. Айрымдарынын ата-энелери аскер бөлүктөрү менен соттошуп келе жаткандары бар.

Ушул эле жылдын башында Ички иштер министрлигине караштуу Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө жоокердин асылып турган сөөгү табылган. Маркум 20 жашта болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG