Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:56

Жоокерлерди кордогондор абактан чыкты


Иллюстрация
Иллюстрация

Чүй облустук сотунун чечимине ылайык, Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге зомбулук көрсөткөн деген кине менен камалган үч офицер бошотулду.

2019-жылы 19-мартта Аламүдүн райондук соту Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүгүндөгү мыйзамды жана тартипти бузууга байланыштуу аскердик бөлүктүн командирин жана старшинаны 2,6 жылга, прапорщикти үч жылга эркинен ажыраткан.

4-июлда апелляциялык арыздын негизинде бул иш кайрадан Чүй облустук сотунда каралып, үч аскер кызматкерин түрмөдөн бошотуу чечими чыкты.

“Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде Казыбек уулу Заттарбек, Жапаров Жумакмат жана Орозалиев Уланбек белгиленген жазадан бошотулуп, бир жыл, алты ай пробациялык көзөмөл белгиленсин. Соттун чечими күчүнө кирген он күн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө, бул органдын уруксатысыз өлкөнүн чегинен чыкпоого, мыйзамдуу талаптарды аткарууга жана жашаган жеринен кыска мөөнөткө чыгуу үчүн пробация кызматынан уруксат алууга милдеттендирилсин”, - деди Чүй облустук сотунун өкүлү Байыш Байгазы.

Сот чечимине ылайык, бир жоокерге соттолгондордун ар биринен 30 миң сомдон, ал эми эки жоокерге 20 миң сомдон кенемте төлөө үчүн 1-ноябрга чейин убакыт берилди.

Офицерлердин эркиндикке чыгышына зомбулук көргөн жоокерлердин жакындары нааразы болуп жатканын аларга укуктук жактан көмөк көрсөтүп келген “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Укук коргоочу соттун чечими колуна тийгенден кийин юристтер менен кеңешип, Жогорку сотко кайрыларын кошумчалады. Абдирасулова облустук сот экинчи тарапты чакырбай чечим чыгарып салганын айтууда.

“Аябай таң калып жатам. Сотко чакырат деп күтүп жатканбыз. Алардын жактоочуларын, жабырлануучуларды чакырбай эле сотту өткөрүп койгон өтө одоно мыйзам бузууга жатат”.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын дооматына Чүй облустук сотунун өкүлү Байыш Байгазы “сотко чакыруу баарына жөнөтүлөт” деп жооп узатты.

2018-жылы жай айларында “Азаттык” Бишкектеги Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү Ала-Тоо полигонундагы жоокерлердин укугу тепселгенин боюнча биринчи болуп чагылдырган.

Жалпы жолунан аталган аскер бөлүгүндө кызматкерлерден запкы көрдүк деген онго жакын жоокер болгону айтылган. Бирок алардын үчөө гана өз укугун коргоо үчүн арыз менен кайрылышкан. Анда кызмат өтөп жаткан үч жоокердин ата-энеси балдарын аскер жетекчилери башка бирөөлөргө жалдап бергени, кара жумушка салганы, ур-токмокко алып, мазактап-кордогону, мыйзамсыз, уставга жат иштерге барганы тууралуу айтып беришкен.

Ата-энелердин арызынын негизинде Бишкек гарнизондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси ("Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу") боюнча кылмыш ишин козгоп, Чүйдөгү Кой-Таш аскер бөлүгүнүн командири Болот Көчкөнов кызматтан алынган.

Бул чуулгандуу окуядан кийин президент Сооронбай Жээнбеков реакция кылып, армиядагы тартип бузууга жол бергендер жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгилеген.

Кордукка кабылган жоокерлердин укугун коргоп жүргөн адвокат Динара Медетованын айтымында, армиядагы чуулгандуу иштер аягына чыгып, аскер адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурлар аз кездешет. Мындан улам армиядагы адам укуктары сакталбай, жоокерлердин тагдырын талкалаган көрүнүш уланып жатат.

“Аскер кызматкерлери тарабынан жасалган кылмыштардын көпчүлүгү аягына чыгып, жазасын алган эмес. Белгисиз себептерден улам жеңилдетилген жаза берилип калат. Жазасын албай калуу көрүнүштөрү кайрадан кылмыштын көбөйүшүнө алып келет. Кызматтык адамдардын жоопкерчилигин көтөрмөйүнчө, мындай кылмыштар болгон, болуп жатат жана боло берет”.

"Азаттыктын" архиви, 2018-жыл

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тарта кыргыз армиясы аскерлер арасындагы чоңсунуу, башкача “дедовщина” көйгөйүнөн арылбай келет. Мындан улам аскер бөлүктөрүндө майып болуп, айрым учурда адам өлүмү менен аяктаган окуялар байма-бай катталат.

“Кылым шамы” уюмунун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан. Алардын өз жанын өзү кыйганы да айтылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG