Былтыр жыл этегинде "бомба чуусунун" айынан ошол кездеги Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев иштен кеткен. Атайын кызмат ага 24-ноябрда "жаңы президент ант берген күнү президенттик кортеж өтчү жолго "бомба коюлду" деген жалган маалымат тараткан" деген айып таккан. Зилалиев болсо бул дооматтардын негизи жок экенин айтып жүрөт.
ИИМдин маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери эле бомба тууралуу жалган маалымат таратуу боюнча беш факт катталды. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, былтыр ошондой он көрүнүш болгон:
- Бул фактыларды биз каттайбыз. Аны тергеп-иликтөөнү УКМК жүргүзөт. Маалымат "102ге" түшкөндө биз ал маалыматты дароо УКМКга жөнөтөбүз. Окуя болгон жерге биздин кызматкерлер барып, ал жердеги элдин баарын чыгарып, тегерете курчап, жарандардын коопсуздугун сактайбыз. УКМКнын кызматкерлери - сапёрлор, атайын жабдуулары менен келип, биздин кызматкерлер менен чогуу текшерип чыгат. Тергеп-иликтөө, сотко жөнөтүү иштерин УКМК жүргүзөт.
УКМК "бомба коюлду" деп жалган маалымат берген жарандарды издеп-иликтеп жатканын кабарлады жана мындан башка азырынча кеңири комментарий бере элек.
Өткөн аптада Бишкекте алгач Борбор Азиядагы Америка университетинде, андан кийин "Бишкек Парк" соода борборунда, мындан көп өтпөй эле “Бишкек 2” темир жол бекетинде "бомба бар" деп кимдир-бирөөлөр маалымат берген. Бирок текшере келгенде мунун баары жалган болуп чыккан.
"Телефон террорчулары" деп тергеме ат менен аталгандар адатта жумушсуз жарандар же тентектик кылган өспүрүмдөр болуп чыгат. Бирок жооптуу кызматта иштегендерге да айып тагылган учурлар катталган.
Былтыр ошол кездеги Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин аты "бомба чуусуна" байланыштуу чыккан.
УКМК 24-ноябрда жаңы президенттин ант берген күнү кортеж өтчү көчөгө бомба коюлганы тууралуу жалган боюнча кылмыш иши козгогон. Тергеп-иликтөөдө бомба тууралуу милицияга ИИМдин академиясында окуган курсант кыз кабарлаганы, ага болсо 1532 ВК мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө айтканы маалым болгон. Кийинчерээк бул унаа Зилалиевдики экени аныкталган. Зилалиев иштен кеткен.
"Бомба чуусу": Зилалиев отставкага кетти
"Бомба чуусу": Зилалиев отставкага кетти
Атайын кызмат ушул айдын башында ага "террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренеси боюнча айыбын угузду жана кылмыш ишин сотко өткөрдү. Зилалиев болсо "курсант кыз анын формасы тууралуу мактоо сөздөрүн туура эмес түшүнүп алган" деп айтып жүрөт:
- Сурашты, мен бардыгын айтып бердим. Ал кыз менен жолуктум. "Чоң кыз, сизге форма жарашат экен" десем ал болсо "бомба жарылат экен" деп угуп алыптыр. Болду, ошол эле.
УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Марат Иманкулов бомба тууралуу жалган маалымат тараткандар көбөйүп жатканын белгиледи. Бирок анын пикиринде, мындай маалыматтын баары кылдат текшерилиши керек жана укук коргоо органдары кыраакылыгын жоготпошу зарыл:
- Мындай сигналдарга биз абдан кылдат карашыбыз керек. Эгер мындай сигнал тамаша эмес, чын болуп калса бир топ жарандарыбыз жабыркап калышы мүмкүн. Адекваттуу реакция болушу керек. Негизи бул боло бере турган нерсе. Бирок муну жакшылап талдаш керек. Экстремиссттик-террористтик уюмдар да ушундай нерсени атайлап жасашы да мүмкүн. Мындай маалыматка кээ бири түшүнбөстүк мамиле кылат, "атайын эле өздөрү ушундай чагым кылып жатат" дегендей жаман ойлор да кетиши мүмкүн. "Бизди сынап, текшерип жатат" деп ойлогондор да болгон. Ошондуктан мунун баарын коомго, элге түшүндүрүш керек. Анткени коопсуздук биринчи орунда турушу керек да.
Ал арада адистер Кыргызстандагы коомчулуктун сактыгы, кыраакылыгы жагында маселе бар экенин белгилешет. Маселен, күч органдары террордук чабуулдарга карата жарандардын даярдыгын текшерген бир катар машыгууларды өткөргөн. Анда кайсы бир стратегиялык объектилерге атайлап ташталган шектүү буюм-тайымдарга, баштыктарга ошол жерде жүргөн жарандар көңүл бурбай турганы да аныкталган. Атайын кызматтарда көп жыл иштеген генерал Артур Медетбеков коомчулукту сактыкка үйрөтүү зарыл деп эсептейт:
- Жарандар көп учурда кайдыгерлик кылат, кам санабайт. Ошол шектүү буюм жата берет, көп учурда "бирөөнүкү да" деп көңүл бурушпайт. Маселен, чет мамлекеттерде ошондой ээсиз шектүү баштык, буюм-тайым болсо дароо тиешелүү жактарга кабарлашат. Бизде болсо мындай нерселерге көңүл бурушпайт. Бул жерде коопсуздук боюнча сабаттуулукту күчөтүш керек. ЖОЖдордо, социалдык тармактарда ушундай эскерткен маалыматтар берилип турушу керек. Ошондой коомчулуктун эсинде болот эле.
Кыргызстанда "бомба коюлду" деп жалган маалымат тараткандарга Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси, тактап айтканда, "Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" айыбы боюнча кылмыш иши козголот. Анда айыппул төлөп, кара жумушка тартуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жазалар каралган.