Ак үйдө Трамп Аш-Шараа менен жолукту
Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Сириянын утурумдук жетекчиси Ахмед аш-Шараанын жолугушуусу өттү. Сириянын президенттери буга чейин бир да жолу Вашингтонго расмий сапар менен барган эмес. Кошмо Штаттар Дамаскиге салынган санкцияларды алып, Аш-Шарааны террорчулардын "кара тизмесинен" чыгарган. Сириянын жаңы жетекчиси өлкөдө жаңы доор башталганын жарыялаганы менен укук коргоочулар улуттук азчылыктардын тагдырына тынчсызданат.
Шерине