Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

"Абакта криминал үчүн шарт бар". Көлбаевдин талкуу жараткан туулган күнү


"Кактус Медиа" басылмасы тараткан сүрөт
"Кактус Медиа" басылмасы тараткан сүрөт

Кыргызстандагы абактардын биринде кримтөбөл Камчы Көлбаевдин туулган күнү белгиленип, дасторкон үстүндө отургандардын сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Айрымдар абактагы түзүлгөн шартты сындаса, дагы бири өлкөдөгү кримчөйрөнүн таасири күчөгөнүн айтууда.

Буга чейин атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев өлкөдөгү кылмыш топтору толугу менен жоюла турганын айткан.

Чүйдүн Новопокровка айылындагы №3 колонияда жаза мөөнөтүн өтүп жаткан 20дай кишинин жайыл дасторкондо отурган сүрөтүн "Кактус Медиа" басылмасы жарыялады.

Андагы адамдардын футболкасына кримтөбөл Камчы Көлбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн.

Алар отурган камеранын дубалына кооз туш кагаз чапталып, терезеге парда тартылганын көрүүгө болот.

Кылган кылмышы үчүн соттолуп, абакка кесилген адамдарга темир тор артында мындай шарт түзүлгөнү социалдык тармакта кызуу талкууланды.

Жаза аткаруу кызматынан буга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

"Азыр ички иликтөө жана кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыкканда толук маалымат берилет", - деди Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат катчысы Ызаат Тургунбаева.

"Абакта кримтөбөлдөрдүн таасири чоң"

Кыргызстандагы абактардын биринде отуруп чыккан, атын атагысы келбеген жаран сүрөттөгү көрүнүшкө таң калуунун кереги жок экенин айтты.

"Шарты жакшы камералар көп эле. Эркин жашоодон көрбөгөндөрдү ошол жактан көрдүм. Дубал менен тең телевизорлор, бардык шарты менен эмеректер коюлуп, Италиянын килемдер төшөлгөн. Түрмөнүн ичинде кадимкидей дүкөндөр бар. Товарды спринтер менен алып келип беришет. Андыктан сүрөткө таң калуунун кажети жок. Мисалы, саясий көз карашы үчүн камалгандарды телефон тартпаган, абалы начар, суук камераларда кармашат. Булар болсо ээн-эркин эле жүрүшөт. Бир жолу түрмө кызматкерлери телефон издеп жатып, кулакчынын таап алышкан. Ага болсо эки-үч тамеки берип эле кутулуп кетишкен. Көйгөй жаралса тамеки же тамак-аш менен эле чечип коет. Анткени, кримтөбөлдөрдүн таасири күчтүү. Мисалы, бул жакта да эсепчи бар, ал абактада отургандар кайсы кылмыш үчүн камалганын, тууганы ким, кайсы жакта иштерин, ким менен байланышы барын жазып, дайыма аларга отчет берип турат".

"Ал жакта башка эрежелер иштейт"

Айрым серепчилер абактагы кримчөйрөнүн таасири дагы эле күчүндө экенин белгилешет.

Көп жылдардан бери абак жайларына байкоо салган укук коргоочу Төлөкан Исмаилова чуулгандуу сүрөттүн жарыяланышы кримчөйрөнүн абак кызматкерине баш ийбегенинин белгиси деген ойдо.

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

"Кызматкерлер бийлебей эле ал жакта өзүнчө совет мезгилинен калган "общяк" деген адамдар башкарат. Биз ага күбө болгонбуз. Чыр- чатактар да болгон. Ошон үчүн ал сүрөткө таң калган жокмун. Анткени абактагылар мамлекетке баш ийбей, башка эреже менен жашайт. Ал совет мезгилинен калган көрүнүш. Ошон үчүн бизде ИИМ, УКМК реформа болмойунча, эгемендүү сот системасы орномоюнча ушундай элементтер каалаганын кыла берет".

Буга чейин Кочкор жана Сузак райондорунда "криминал менен кызматташты" деген айып менен бир нече милиция кызматкери кармалган.

Кыргызстанда криминалдын таасири күч алып, алар саясий окуяларга чейин аралашып жатканын атайын кызматтын мурдагы орун басары Артур Медетбеков да белгиледи.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

"Абакта отуруп алып кримчөйрөнүн анабашыларынын туулган күнүн белгилөө бул бир чекеси. Бүгүн криминалдык топтордун мүчөлөрү саясатка аралашып, керек болсо айылдык кеңештерге чейин депутаттыкка түртүп, мамлекетке кыр көрсөтүп, коомду бура турган чоң криминалдык саясий топко айлана баштады. Эгерде буларды убагында ордуна коюп, катуу жазалабаса, келечекте мамлекетти баса турган чоң жетекчилерин алып келиши мүмкүн".

"Телефондор чоң көйгөй"

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков 7-августта "Азаттыкка" курган маегинде абакта кримчөйрөнүн таасири күч экенин жашырган эмес.

"Криминалдык чөйрөнүн таасир кылуу аракети бар. Бирок абактын администрациясы аларга баш ийет деген туура эмес. Телефондор биз үчүн чоң көйгөй. Кээде ошол телефон аркылуу алдамчылык, шылуундук кылган фактылар да кездешет. Ал фактылар боюнча биз иликтөөлөрдү жүргүзөбүз. Аныктайбыз, ошол адамдарды жоопкерчиликке тартабыз. Айып изоляторуна 15 күнгө чейин камакка алынат".

Ал тапта Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөт жыйынында уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш дагы күчөтүлөрүн билдирген.

Ал мындай топтордун башчыларына кайрылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган.

"Кыргызстаныбызда эч кандай уюшкан кылмыш топтору, бандиттер, рэкеттер жана бизнеске кол салуу болбойт. Уюшкан кылмыш топтору толугу менен жоюлат. Менин сөздөрүмдү жөнөкөй эле жарандар эмес, уюшкан кылмыш топтору, бандиттер дагы угуп отурса керек. Урматтуу президентибиздин койгон тапшырмасы - Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбосун. Мындай топтордун жетекчилери, эгер тынч жашай албасаңар, анда өлкөдөн чыгып кеткиле. Эгер алар Кыргызстандан кетпеген болсо, жазаланат, эркиндикте жүрбөйт. Мен муну жоопкерчиликтүү түрдө айта алам".

ИИМдин маалыматына ылайык, азыркы кезде 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17инин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG