Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

"Зөөкүрдү актагандар жазалансын". Айзиректи айыптаган блогер камакка алынды


Айзирек Эралиева 38 жашта болчу.
Айзирек Эралиева 38 жашта болчу.

Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеванын аброюна шек келтирген блогер Айбек Уланов Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Буга чейин коомчулук, активисттер анын мыйзам алдында жоопко тартылуусун талап кылышкан.

Маселе парламентте да көтөрүлүп, депутаттар Ички иштер министрлигин бул окуяга көңүл буруусун жана тийиштүү адамдарды жазага тартуу керектигин белгилешкен. Үй-бүлө зомбулугу, аялын өлтүргөн үрөй учурган окуялар Кыргызстанда көп катталууда. Соңку 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгон.

Күйөөсүнүн колунан өмүрү үзүлгөн келиндин сүрөтүн жарыялап, аял кишини айыптаган пост жазганы үчүн коомчулуктун сынына кабылган Инстаграм колдонуучу Айбек Уланов Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Бул тууралуу 5-июнда адвокат Шердор Абдыкапаров маалымдап, блогерге каршы кылмыш иши "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" деген берене менен козголгонун айтты.

Кылмыш-жаза кодексиндеги бул берене (330) боюнча айыптуу деп табылган жаран беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Уланов, адвокаттын айтымында, Бишкектин тергөө абагына (ТИЗО-1) камалды.

Улановду жазага тартуу демилгесин көтөрүп, петиция жарыялап чыккан адвокат Шердор Абдыкапаров блогер тараптын коркутуп-үркүтүүсүнө кабылганын, өзүн Улановдун агасы деп тааныштырган киши да милицияга жазылган арыздын негизинде беш суткага камалганын билдирди. Кол топтоону уюштурган юрист Улановдун окуясы башкаларга сабак болуусун максат кылганын жана кыз-келиндердин укугун коргош үчүн аракет көргөнүн билдирди.

Шердор Абдыкапаров
Шердор Абдыкапаров

"Буга чейин да үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, зордукталган кыз-келиндердин укугун коргоп келген элем. Бул тууралуу коомчулук жакшы билет. Ошондуктан Айбек Уланов Айзиректин сүрөтүн коюп, "Эгер 20 жылдыкка барып, аялыңыз сиздин көзүңүзгө чөп салып койсо эмне кылат элеңер?" деп жазган постун катталуучуларым мага Инстаграмдан көп салышты. Бул маселеге юрист катары көңүл бур, ал жазага тартылсын дешти. Мен өзүм да окуп чыгып, укук коргоочу катары жөн отура алган жокмун. Айзирек беш баланын асыл апасы, бирөөнүн кызы, бир тууганы, жакшы санаалашы эле. Аны эң жакын деген, ушу менен коргойт деген адамы өлтүрүп салып жатат. Ошондуктан анын аброюна шек келтирип, зөөкүр күйөөсүн актаган Айбек Улановду жазага тарталы деп петиция топтодук. 5-июнда Бишкектин Свердлов райондук соту аны бир айга камады. Мага Инстаграмдан чалып, укук коргоо органдарында иштерин айтып коркуткан агасын болсо беш суткага камады. Бул Улановдордун окуясы оозуна ээ боло албай, өйдө-төмөн сүйлөгөндөр үчүн сабак болсун дедик. Алар да кыз-келиндерди басынткан, билбей туруп айыптаган жалган сөздөрдү жаза турган болсо, ушундай жоопко тартыларын билсин".

Бишкек шаардык милициясы 31 жаштагы Айбек Улановду 30-майда кармап, кое берген, ал ката кетиргенин мойнуна алып, маркумдун жакындарынан, коомчулуктан кечирим сураган. Бирок андан кийин деле түз эфирге чыгып, элдин нааразылыгын жараткан сөзүн уланткандан кийин 5-июнда кайра кармалган.

Маселе Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 4-июндагы жыйынында да көтөрүлдү. Анда депутаттар үй-бүлөлүк зомбулук жана андайда аялды айыптаган жарандар көп болуп жатканын, ошолорду жазага тартуу керектигин айтышты. Депутат Айсулуу Мамашова Уланов "Экстремизм" беренесине ылайык жоопко тартылышы керек болчу деген оюн билдирди:

Айсулуу Мамашова
Айсулуу Мамашова

"Биздин өлкөбүздө өзүнүн аялын, беш балалуу энени өлтүрсө дагы аны канчалаган адамдар колдоп, "ооба, туура эмес кылгандыр ал аял" же "башка менен жатып келди" деп жатышат. Мисалы, ошол эле Айзиректин окуясында аны мазактаган билдирүү жазган Айбек Уланов. Анын аракеттерин "экстремисттик" катары санасак болот. Анткени жарандарыбыз өлгөн кишини жамандап, жалган жалаа жаап жатышты. Айбек Уланов өзүнүн Телеграм каналы аркылуу кыргыздын кыздары чет өлкөдө башка улуттагы жигиттерге турмушка чыкса аларды өлтүрүш керек, сабаш керек, алар кыргыздан башкага тийбеши керек деген видеолорду чыгарып жүргөн экен. Аны чындап эле отургузуп, аягына чейин изилдеш керек. Мындай жарандар түрмөдө отурушу зарыл. Анткени аял каза болуп жатса ушундай жаман ойлорду жазууда. Бирөөнү жаманатты кылгандар менен күрөшүшүбүз керек".

Милициянын маалыматында, шектүү Уланов кармалганда Республикалык наркология жана психиатрия борборуна жеткирилген, ал жактан медициналык экспертизанын жыйынтыгында баңги зат колдонуудан кийин мас абалында болгону аныкталган.

Кармалган жарандын жакындары бул туурасында жана жалпы эле окуя боюнча комментарий бере элек.

Ал тапта парламенттик комитеттин жыйынында дагы бир депутат Бактыяр Калпаев милиция дин кызматкерлери менен биригип, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керек деген оюн билдирди. Калпаев жылдан жылга кыз-келиндерге карата көбөйүп бараткан зордук-зомбулук маселеси түп-тамыры менен жок кылынышы керек экенин белгиледи:

Бактыяр Калпаев
Бактыяр Калпаев

"Зомбулук орчундуу маселеге айланды. Кыз-келиндердин өлүмүнө алып келген окуялар абдан көбөйдү. Мисалы, 2024-жылдын үч айында 4767 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталса, 2025-жылдын төрт айында 6536 факт катталыптыр. Тагыраагы, барган сайын зомбулук көбөйүүдө. Ошондуктан мен ИИМге кайрылам, бул багытта иш алып барууну колго алыш керек. Конкреттүү бир чаралар көрүлүшү зарыл. Бир карасаң кескилеп, бир карасаң атып салууда. "Аял киши чыдаш керек" деген стереотиптерди жок кылуу ишин күчөтөлү. Дин аалымдары менен биргеликте иштеп, мечиттерде ушул темада баяндарды уюштуралы, түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн. Кыздарыбыз, аялдарыбыз кыргыздын эркектеринен кордук көрбөй, колдоо гана көрүшү керек".

Айбек Уланов Айзирек өлтүрүлгөндөн кийин ага байланыштуу талаштуу пост жазган соң социалдык тармактын колдонуучулары ал мындай мамилеси менен маркум келинди мазактап, атып өлтүрүлгөнүн актап жатканын айтышкан.

Психолог Малаке Кыдыралы коомчулукту нес кылган бул окуядан кийин кайра аялдын өзүн айыптаган аң-сезимдин тамырын минтип чечмеледи:

"Коомдун көп тарабында “аял мындай болуш керек, аял тигиндей болуш керек" деген адат бар, анын таасири тийбей койбойт. Психологдор "эркек аялдан ажыраганда жашоосунан ажырап калгандай болот" деп эсептешет. Бул эркектин табиятына байланыштуу нерсе. Бирок аялды өлтүрүүгө эч нерсе себеп боло албайт. Биз бул окуяны анализ кылып жатабыз. Дагы бир жагдай - эркектин өзүндө кандайдыр бир патология болушу да ыктымал. Ал эми Айбек Уланов пикирин ушул жагдайларды эске албай туруп айткан”.

26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районунун Алга айылына бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине барып келгенден кийин өз үйүндө өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип 40 жаштагы күйөөсү кармалган. Ички иштер министрлиги ал аялын аңчылык курал менен атканын билдирген. Маркум келиндин жакындары Айзирек күйөөсүнүн кызганычынын курмандыгы болуп калганын айтышкан.

Айбек Уланов өңдүү зомбулук көргөн, күйөөсүнүн колунан өлгөн аялдарды айыптаган жарандарды жоопко тартуу керектигин бир катар белгилүү блогерлер, медиа коомчулук өкүлдөрү да айтып жатышат.

Адвокат Шердор Абдыкапаров баштаган петицияга кол койгондор 15 миң кишиге жетти. Алардын арасында актер Актан Рыскелдиев да бар.

Актан Рыскелдиев
Актан Рыскелдиев

"Айбек Уланов аркасынан миңдеген аудиторияны ээрчитип келаткан блогер. Бул адам ар бир кадамы, ар бир айткан сөзү үчүн жооптуу, демек. Башынан эле Телеграм каналы аркылуу катталуучу топтош үчүн кыз-келиндерди мазактаган, башкалардын аброюна шек келтирген, элди козуткан билдирүүлөрдү таратып келген. Соңку билдирүүсү Айзиректин өлүмүнө байланыштуу болду. Ал беш балалуу эне кара жерди жамынып, муздак жерде жатып калса да аброюна шек келтирип жатат. Ал тууралуу бакыйтып жазып да чыкты. Аны колдоп, толтура билдирүү жазгандар да болду. Демек, бул адам элди козутпаганда эмне кылып жатат? Ошондуктан мыйзамдын чегинде жоопко тартылсын, жазасын алсын. Бул ага байланыштуу биринчи гана окуя эмес. Мындан мурда да бир топ мыйзам бузуулары болгонун коомчулук айтып жүрөт. Ал тигил же бул кызды же келинди айыптагыдай ким? Ким ага ушундай укук берди? Уланов башкаларга сабак болсун, өзгөчө жүздөгөн катталуучусу бар блогерлерге. Кыздарыбызды коргоп, аларга аяр мамиле жасоо биздин колдо".

Улановдун Инстаграмдагы баракчасына 35 миңге чукул колдонуучу катталган.

Ош облустук милициясы Айзиректин өлүмүнө байланыштуу "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бул үрөй учурган окуядан кийин кыргыз коомунда зордук-зомбулукту токтотууга чакырыктар айтылып, кескин реакция жаралды. Укук коргоочулар, адистер соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы зордук-зомбулук көп катталып, ал кадыресе көрүнүшкө айланып баратканын эскертип, коңгуроо кагып келишет.

Башкы прокуратуранын маалыматында, Кыргызстанда соңку эки жарым жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен каза болду.


Шерине

XS
SM
MD
LG