Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

"Абалым оор, барар жерим жок". Үй-бүлө зомбулугун айткан келин жардам сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөндө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айткан келин милиция бул маселеге көңүл бурбай жатканына даттанууда. 37 жаштагы келин аны ур-токмокко алган күйөөсүнө өз убагында чара көрүлбөгөнүнө нааразы. Окуя коомчулукта талкууга түшкөн соң милиция билдирүү жасап, кылмыш иши козголгонун жарыялады.

Өзгөндүн 37 жаштагы тургуну, өзүн Замира деп тааныштырган келин күйөөсүнүн зомбулугуна туш болгонун айтууда. Бети-башы көгала болгон келин күйөөсүнө карата милиция өз убагында чара көрбөгөнүнө нааразы.

Ал жолдошуна мыйзам чегинде чара көрүлүүсүн талап кылып, ишти карап жаткан тергөөчүгө ишенбей жатканын айткан тасма социалдык тармактарга тарады.

Видео коомчулукта дароо талкуу жаратты

“Жазага тартылыш керек. Бул убакка чейин да коркутуп-үркүтүү көп болгон. Жазага тарткыла десем тергөөчү: “Экспертизанын жыйынтыгында жеңил жараат деп келген болсо мен кантип камайм. Сен бекер эле жүгүрүп жүрөсүң, күйөөң таптакыр камалбайт” деди. Кайрадан мага копол мамиле кылып жатат”, - деди өзүн Замира деп тааныштырган жаран.

Келиндин айтымында, окуя ушул жылдын 29-майында болгон. Жолдошунан зомбулук көргөнүн айткан келин эки баланын энеси.

Ал акыркы жолу токмоктолгондо башынан катуу жаракат алганын, толук дарыланууга шарты болбой жатканын “Азаттыкка” айтып берди:

"Кечээги токмоктолгонумда башым жанчылып эле калды. Томография жасатышым керек болуп жатат, дарыгер башыңды текшерт деген эле. Азыркы учурда деле башым ооруп жатат, акыбалым оор, бара турган жерим жок. Бул убакка чейин деле муну менен жашап “ичкеним ириң, жегеним желим” болуп жүрдүм".

Келиндин айтымында, ортодогу чыр-чатакка үй-бүлөдөгү жетишпестик себеп болгон. Ал буга чейин да бир канча жолу сабалганын, бирок милицияга кайрылбаганын айтты.

Өз аялына каршы зомбулукка шектелип жаткан жарандын өзүнөн же анын жактоочусунан окуя тууралуу азырынча комментарий же маалымат боло элек. "Азаттык" алардын жана жогоруда сөз болгон тергөөчүнүн жообуна да орун берүүгө даяр.


Үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгонун айткан келиндин окуясы соцтармактарда талкууга түшкөн соң Ош облустук милициясы атайын билдирүү таратты. Анда милиция өз дарегине айтылып жаткан дооматтарды четке кагып, кылмыш иши козголгонун, териштирүү жүрүп жатканын билдирген.

Шектүү кармалып, ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду. Ош ОИИБ маалымат катчысы Чынара Сейитбекова:

Чынара Сейитбекова
Чынара Сейитбекова

"Бул окуя 29-май күнү каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Жабыркаган аял боюнча соттук экспертиза дайындалып, ага коргоо ордери берилген. Жолдошуна карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“уруп-сабап кыйноо”) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары уланууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат", - деп билдирди.

10-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору биринчи окууда каралды.

Юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу долбоордо үй-бүлөлүк зомбулукка барган кишилерди электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен байкоого алуу чаралары каралганын белгиледи. Ал ошондой эле зомбулук кылган кишини административдик камакка алуунун мөөнөтүн 5 күндөн 14 күнгө чейин узартылып жатканын айтты.

Депутат Гуля Кожокулова зомбулук күчөп жатканын белгилеп, камакка алуу мөөнөтүн дагы узартууну сунуштады:

“Үй-бүлөлүк зомбулук көп катталып жатат. Акыркы үрөй учурган окуялар кырдаал дагы да оор экенин көрсөттү. Ушундай шартта жоопкерчиликти, жазаны күчөтүү керек. Азыр эми ошол 14 күн эмне берет? Эмнеге 5 күндөн 15 күнгө чейин эле узартып жатабыз? Чынын айтсак, бул убакытта зомбулук кылган киши соолугуп, акылына да келип үлгүрбөйт. Балким, бир ай, болбосо үч айга чейин камакка алуу чарасын киргизебиз. Адам ошондо чындап акылына келет. Ошондо бул чаранын тарбиялык мааниси жемиштүү болот”, – деди Кожокулова.

Юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу депутаттын сунушун кийинки окууларга чейин дагы талкуулап көрсө болорун билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов зордук-зомбулукка байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин айтып, катаал жаза кылмышты алдын аларын белгиледи.

Таалайбек Сарыбашов
Таалайбек Сарыбашов

“Биз көрүп жатабыз го, аялдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөр 3-4 жылда бошоп чыккандан кийин кайра эле ошондой иштерди жасап жатышат. Буларды өзүнчө катаал шартта кармап, жазасын күчөтүп койгондо бул көрүнүштөр токтой тургандай эле сезилип жатат".

Министрдин убадасы

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш милициянын быйылкы жылы коомдук тартипти сактоо ишиндеги негизги багыттардын бири болорун февраль айында ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирген. Мекеменин 2024-жылы аткарган иши тууралуу маегинде ал Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн айткан. Министрдин интервьюсу 7-февралда ИИМдин расмий сайтына жарыяланган.

Улан Ниязбеков
Улан Ниязбеков

“ Төртүнчү багыт – Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюп, зомбулук аракеттерин алдын алуу жаатында иш-чараларды тынымсыз алып баруу”, - деген министр бул иш коомдук тартипти сактоодогу негизги багыттардын бири болорун билдирген. Бирок конкреттүү кандай чаралар көрүлөрү айтылган эмес.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алды алуу бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Эрмек Матиев мындай мамилеге кабылган аялдар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип жатканын билдирген:

“Аялдар жана кыздар бул тиркемеден ИНН аркылуу каттоодон өтөт. Андан соң эгер кандайдыр бир зомбулукка кабылган учур болсо, өзүнүн эле турган жеринен кнопканы басуу менен чакыра алат. Мындан сырткары, ошол эле чакыруу берип жаткан маалда 10 секундага чейин үн жаздыра алат. Чакыруу нөөмөт өтүп жаткан жакынкы ички иштер органынын кызматкерине нөөмөт бөлүм аркылуу келип түшөт. Билдирүүнү алган соң жакынкы кызматкер тез убактын ичинде барып жардам бериши керек”.

"Чогуу иштешсек натыйжалуу болмок"

Зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон, зөөкүр күйөөсүнөн качып, балдары менен ар кайсы жакта жашынууга мажбур болгон аялдарга көп жылдан бери жардам берип келе жаткан “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова ички иштер министринин убадасы сөз бойдон калбаса экен дейт. Анын айтымында, Кыргызстанда мыйзамдар жакшы эле жазылган, болгону, аларды тиешелүү органдар так аткарбай жатышат.

Бүбүсара Рыскулова
Бүбүсара Рыскулова

“Мындан бир 3-4 жыл мурун ички иштер министрлигине, азыркы министрге “келишим түзүп, кайсы багытта чогуу иштесек” десек, “жок, ансыз деле силер менен иштешип жатабыз” деп койгон. Бишкекте кризистик абалдагы аялдарга жардам берген көп деле уюм жок. Биздин деле мүмкүнчүлүк жетпейт, анан чогуу иштешсек жакшы, натыйжалуу болмок да”, - дейт Рыскулова.

"Кыз-келиндер үчүн кооптуу өлкө"

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, соңку 2,5 жылда Кыргызстанда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен ажал тапты.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы 10 айда өлкөдө 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылга салыштырганда 37,2% же 3 877 окуяга көп.

Зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргонуу ордери берилген – анын 13 663ү аялдарга, 699у эркектерге.

Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Президент Садыр Жапаров былтыр 20-декабрда Бишкекте өткөн үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту айыптаган. Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалаган.

Былтыр 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерди атайын кызматтын ар бир райондо жайгашкан кеңселерине кайрылууга чакырган. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчана жазган.

Өткөн айда Кара-Кулжа районунда аялын аңчылык курал менен атып өлтүргөн деген айып боюнча жергиликтүү тургун кармалган. Аялдарга жана балдарга карата зомбулук кээ бир учурларда гана ачыкталбаса көп убакытта жашыруун бойдон калып кетерин укук коргоочулар белгилешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG