Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Казакстан: токойчуларды өлтүргөндөр табыла элек


Панайот Захаропуло токойчулар менен Иле-Алатау паркында. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Панайот Захаропуло токойчулар менен Иле-Алатау паркында. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

13-августта Казакстанда адатта мэмиреп жаткан көз тайгылткан кооз Иле-Алатау улуттук паркында 11 кишинин, анын ичинде бир нече токой корукчусунун өлүгү табылды. Алардын бардыгы бычак жеген, айрымдары өрттөлүп, таанылбай калган.

Панайот Евстафевич Захаропуло 76да болчу. Улуу жашына карабастан, алдуу-күчтүү эле. Аны тааныгандар оор челекти көтөргөн колу менен Иисус Христоско чокунуп койот деп таң беришчү. Бирок анын балбандыгы да, Казакстандагы эң баалуу жаратылыш коругунун жалтанбас коргоочусу деген атагы да аны өлүмдөн сактап кала албады.

Иле-Алатау улуттук паркында 30 жылдан ашык башкы корукчу болуп иштеген Захаропулонун өлүгүн 13-августта коруктагы үйүнүн сыртынан табышты. Санашса денесине 26 жолу бычак сайылган экен. Ушул эле айланадан дагы 10 кишинин, анын ичинде Захаропулконун аялынын, эс алууга келген туугандарынын жана кесиптештеринин өлүктөрү табылды. Бул үй-бүлөнүн тоо-ташта жүрүүчү Нивасы болсо ичи бүт канга боёлгон калыбында үйдөн алысыраак жерде туруптур. Андан арыраакта Захаропулонун баласы Игордун Ниссан Патрол деген үлгүдөгү машинасы тосмого урунган бойдон токтоп калыптыр, анын ичи да бүт кан, бирок ээсинен дайын жок.

11 өлүктүн бешөө баш корукчунун орун басарынын өрттөлгөн үйүнөн чыкты. Өлүктөр таанылгыс болуп калгандыктан, алардын кимдигин эми адистер аныкташы керек. Полиция өлүктөрдүн арасында Захаропулонун баласы Игордуку жок экендигин боолголоп, ага издөө жарыялады.

Көз карандысыз «Время» гезитинин кабарчысы Геннадий Бендицкий учурда ушул окуяны чагылдырып жатат. Анын айтымында, Захаропулонун баласы Евгений да былтыр үйүндө таанышы менен мушташта өлтүрүлгөн эле. Ошол эле мезгилде Игор да, Евгений да Иле-Алатау улуттук паркын атасы менен кошо кайтарышчу, алардын өз арасында ырксыз экендиги деле байкалган эмес.

Бендицкийдин таң калганы, Захаропулонун үйүндө жана Ниссанда бир нече заманбап мергенчинин мылтыгы табылган, бирок өлтүрүүдө бир гана бычак колдонулган:

- Көп жолу бычак сайылган. Захаропулону гана көп жолу сайышкан эмес. Ал бир топ жашка барып калса да олбурлуу киши болчу. Ага 26 жолу бычак урушуптур. Бир кишини 18 жолу, калгандарын, 6, 8, 10 жолудан сайышкан. Адатта бир кишинин бир эле жолу бычак сайып өлтүрсө болот эмеспи. Ким болсо да, буларды жөн эле былчылдатып сайа бериптир.

Бул кылмыш кеңири таанымал жаратылыш коругунун как жүрөгүндө орун алгандыктан, аны Захаропулонун браконьерлер менен талыкпас күрөшү менен байланыштырышууда.

Алматыга жакын жайгашкан бул корук көз тайгылткан кооздугу, сейрек кездешүүчү кызгалдагы, кара куу, илбирс өңдөнгөн жок болуп бараткан куш, жаныбарлары менен белгилүү. Ага браконьерлер, анын ичинде бийлик чөйрөлөрү менен табакташ бай ишкерлер көз артып келгени маалым.

Бендицкийдин айтымында, Захаропулону Советтик армиянын Экинчи Дүйнөлүк согушта нацисттик Германияга каршылык көрсөтүүсүнүн эн-белгиси болуп калган Беларустагы чептин атынан "Брест чеби" деп коюшчу. Анткени корукчу лицензиясыз аң уулагандарга карата келишпес мамиледе болуп, чакыруусуз келген конокторду уулдары менен чогуу «кылтакка» түшүрчү:

- Мен билгенден ал күч-кубаттуу, айбаттуу да адам эле. Атка минерлер, мартабалуу тартип коргоочулар кызматынан пайдаланып, корукта билгенин кылгылары келчү. Бирок Захаропуло алардын мансабын көзүнө илчү эмес. Ошонун айынан аны бир нече жолу иштен алышты. Ар бир жолу соттошуп, кайра иш ордуна кайтып келген эле.

Иле-Алатаудагы массалык кыргын май айындагы Кытай менен чек арадагы 14 аскер менен токой корукчусунун өлүмүн эске салууда. Анда бийликтер алеки заматта тирүү калган 19 жаштагы Владислав Челахты күнөөлүү деп жарыялаган менен ал сырдуу кыргындын айланасында да көп белгисиз жагдайлардын бети эмигиче ачыла элек.

XS
SM
MD
LG