Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри сыяктуу кызматтардан башка өкмөт мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу менен гана дайындалат.
Мындан тышкары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык гвардия, Тышкы чалгын кызматы, Күзөт кызматы өңдүү президентке түздөн-түз баш ийген орган, мекемелердин башчыларын дайындоодо Коопсуздук кеңешинин жетекчиси менен кеңешүү зарыл.
Ошондой эле облус акимдерин, республикалык деңгээлдеги шаар жана борбор калаанын мэрлери да Назарбаев менен кеңешүүдөн кийин гана дайындалат.
«Кош бийлик жок»
Казак президентинин бул буйругун парламенттеги депутаттар дээрлик бир ооздон колдоого алышты. Депутат Геннадий Шиповских муну кош бийлик деп айтууга болбойт деп ишенет:
- Бизде кош бийлик жок. Казактын «Кеңешип кескен тон келте болбойт» деген сөзү дал ушул жерде ыңгайы келип турат.
Анын сөзүн дагы бир депутат Меруерт Казбекова да кубаттады:
- Элбашы бизде кадырлуу адам. Мамлекетке көп эмгеги сиңген. Кадрларды жакшы билет. Ошондуктан эки адам кеңешип кадр дайындоодон жаман нерсе көрбөйбүз.
Межилистин дагы бир мүчөсү Бакытбек Смагул акылдашып кадр дайындоодо жаңылыштык аз болот деген пикирин билдирип, Назарбаевдин макулдугу менен аны ишке ашыруудан эч кандай саясат көрбөй турганын айтты.
Ал эми оппозициялык маанайдагы байкоочулар межилис мүчөлөрүнүн пикирлерин четке кагып, Токаевдин бул буйругу өлкөдө кош бийлик өкүм сүрүп жатканын ачыктап турат деп айтып чыгышты. Коомдук ишмер, журналист Рысбек Сарсенбайулы президент Токаевдин буйругу Нурсултан Назарбаевдин бийликтен кетпегенин көрсөтүп турат деп эсептейт:
- Бул буйрук Токаевдин өзүнүн укуктарын чектөө болуп эсептелет. Мурдараак Назарбаев «өлкөдө кош бийлик жок» деп айткан эле, бирок бул буйрук менен ал сөзү калп экени көрүндү. Биринчиден, бул мурунку президенттин бийликтен кеткиси келбегенин, али да кетпей турганын ачыкка чыгарды. Экинчиден, Назарбаев өзү дайындаган, эл шайлады деп айтылган Токаевге ишенбегенин көрсөтүп турат.
«Катардагы буйрук»
Президент Касым-Жоомарт Токаевдин бул буйругу тууралуу ошол эле күнү анын басма сөз катчысы Берик Уали комментарий берди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына муну «катардагы эле буйрук» деп атады. Уали буйрук былтыр июль айында кабыл алынган, Нурсултан Назарбаевге көзү өткүчө Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болууга жол ачкан «Коопсуздук кеңеши жөнүндө» мыйзамга ылайык кабыл алынганын билдирди.
«Мамлекеттеги маанилүү кызмат орундарга дайындоонун азыркыдай тартиби кадр саясатында президенттин өз алдынча чечим кабыл алуусуна тоскоол болбойт. Муну жакында эле Элбашы «Кабар» телеканалына берген маегинде «Токаев мени менен кеңешет, бирок чечимди өз алдынча кабыл алат» деп айтып бышыктады. Президент - Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы, өкмөттү түзөт, мамлекеттин башчысы» деп жазды.
Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Назарбаев президенттиктен быйыл март айында өз каалоосу менен кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматын жана бийликтеги «Нур Отан» партиясынын лидерлигин сактап калган.
Назарбаев быйыл 79 жашка чыкты. Ал алгач президент болуп 1990-жылы апрель айында шайланган жана беш жолу шайлоого катышып, эң көп пайыз добуш алып жүргөн. Былтыр Конституцияга өзгөртүү киргизилип, Назарбаев Коопсуздук кеңешин көзү өткүчө жетектөө укугун алган.
Нурсултан Назарбаевдин тушунда «жеке адамдын керт башына сыйынуу» көрүнүшү кеңири жайылган жана Назарбаевге «Элбашы» деген наам берилген. Ал президенттиктен кеткенден кийин анын ордуна келген мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Казакстандын борбору Астана шаарын Назарбаевдин аты менен Нур-Султан деп атоо тууралуу буйрук чыгарган.
Назарбаевге адам укугун бузуу, ыйгарым укугунан аша чабуу, демократиялык баалуулуктарга шек келтирүү боюнча сын-дооматтар бир топ жылдардан бери көп айтылып келе жатат.