Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:57

Ооганстан менен Пакистан ок атышууну токтотууну макулдашты


Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чек арадагы кагылышуулардан кийин. Кандагар провинциясынын Спин-Болдак районунда талибдердин коопсуздук кызматкерлери талкаланган автоунаанын жанынан өтүп бара жатат.
Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чек арадагы кагылышуулардан кийин. Кандагар провинциясынын Спин-Болдак районунда талибдердин коопсуздук кызматкерлери талкаланган автоунаанын жанынан өтүп бара жатат.

Пакистан жана Ооганстан ок атышууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу Катардын Тышкы иштер министрлиги 19-октябрдын таңында билдирди. Жаатташкан коңшуларды жараштыруу үчүн Катар менен Түркия ортомчулук кылган.

Катардын Тышкы иштер министрлиги X (мурунку Twitter) баракчасы аркылуу билдиргендей, сүйлөшүү Дохада өткөн.

"Сүйлөшүүлөр жүрүшүндө эки тарап дароо ок атышууну токтотууга жана эки өлкө ортосунда туруктуу тынчтык менен коопсуздукту чыңдоого багытталган механизмдерди түзүүгө макул болушту", - деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар жакынкы күндөрдө кошумча жолугушууларды өткөрүү, ок атышпоо режимин сактоо жана анын ишке ашырылышын текшерүү боюнча да макулдашкан.

Ооганстан менен Пакистан 18-октябрда Катардын борбору Дохада тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаган.

Бул сүйлөшүүлөр эки өлкө чек арасындагы кандуу кагылышуулар жана чабуулдардан кийин, согуш күчөп кетиши мүмкүн деген кооптонуу күчөгөндө өткөрүлгөн.

Талибдер жетектеген өкмөттүн расмий өкүлү Забихулла Мужахид буга чейин X платформасы аркылуу Ооганстандын премьер-министри Хасан Ахунд Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушканын билдирген. Мужахиддин айтымында, Малайзиянын өкмөт башчысы менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф да сүйлөшүү өткөргөн.

Анвар Ибрагим тараптарды жараштырууда ортомчулук кылып, "маселени дипломатиялык жол менен чечүү маанилүү экенин" баса белгиледи, - дейт Мужахид.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, сүйлөшүүлөрдүн максаты - өлкө аймагына болуп жаткан террордук чабуулдарды токтотуу жана чек арадагы тынчтык менен туруктуулукту калыбына келтирүү.

Пакистан Ооганстандагы талиб бийлигин эл аралык коомчулук алдындагы милдеттенмелерин так аткарууга жана Пакистандын коопсуздугуна коркунуч туудурган террордук топторго каршы чара көрүүгө чакырды.

Чыр эмнеден тутанды?

Пакистан менен Ооганстан ортосундагы акыркы кагылышуу 2021-жылы талибдер Кабулду басып алгандан берки эң катуу зордук-зомбулук болуп калды.

Тараптардын ортосундагы ок атышуу 11-12-октябрда башталган.

Ооганстандын талибдер башкарган бийлиги Пакистандын аскерлери койгон чабуулдан карапайым 12 киши каза тапканын билдирген. Ушул эле күнү Пакистандын Чаман аймагынын администрациясы тараткан маалыматка ылайык, талиб күчтөрү бажы пунктуна сокку урганда төрт киши жабыркаган.

Пакистан Кабулдун борборуна жана Ооганстандын чыгыш бөлүгүнө дрондор менен сокку урган. Ага "Техрик-и-Талибан Пакистан" экстремисттик тобунун чабуулдары түрткү болгон. Исламабад “Талибанды” ошол уюмга башпаанек бергени, жоочуларга каршы чара көрбөгөнү үчүн айыптап келсе, талибдер кошуна өлкөнүн дооматын четке кагууда.

Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Пакистандын күчтөрүнүн базаларына каршы жооп катары ок чыгарышканын ырастаган. Алар Пакистан тарапты Ооганстандын аба мейкиндигин мыйзамсыз бир нече ирет бузууга айыптаган.

Талиб бийлиги Исламабаддын жоочуларды жашырууда деген айыптоолорду четке каккан. Кабул өз кезегинде Пакистан армиясын жалган маалымат таратууга жана “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларын өз аймагына жашырууга айыптаган. Исламабад бул дооматтарды четке каккан.

Ооганстан товарлар менен азык-түлүктү Пакистан аркылуу ташыйт. 2021-жылдан бери “Талибан” кыймылы менен Пакистандын аскерлери 2 миң 600 чакырым чек ара тилкесинде утур-утур кагылышып жүрөт.

Исламбад "Талибанды" кыймыл түптөлгөн 1990-жылдардан бери колдоп келген. Атүгүл Ооганстандын батышчыл өкмөтүнө каршы козголоң учрунда согушкерлерге жөлөк-таяныч болгону айтылып жүрдү.

Аналитиктер куралдуу жаңжал согушка айланып кетсе, Пакистан аскердик жана технологиялык жактан артыкчылыкка ээ болорун, бирок талибдер да чабуулдардын мизин кайтарууга жөндөмдүү экенин белгилешет.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун башкы редактору Фруд Бежан буга чейин согуш курчуп кетсе качкындар Борбор Азияга агыларын айткан.

"Ооганстан менен Пакистан ортосунда согуш чыгып кетсе, албетте, анын залакасы эки өлкөгө гана эмес бүтүндөй чөлкөмгө да тийет. Атап айтсак, ансыз да качкындар Иранга, Пакистанга, бир бөлүгү айталы Тажикстанга агылып жатат. Уруш андай кырдаалды ого бетер кыйындатат. Көптөгөн оогандар кошуна өлкөлөрдө башпаанек издей башташы мүмкүн. Андан тышкары экономикага да зыяны тийет. Ооганстандагы "Талибан" Борбор Азия менен соодасын өрчүтүп жатат. Согуш сооданын өнүгүшүнө да жолтоо болушу ыктымал", - деген ал "Азаттыкка" курган маегинде.

Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин өз колуна алган.

Эл аралык изоляцияда калган талибдердин бийлигин биринчи болуп Орусия быйыл жайында расмий тааныган. 2024-жылы Кыргызстан “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган.

Шерине

XS
SM
MD
LG