Европа кеңеши дүйшөмбү күнү Орусиянын газынан баш тартуу демилгесин жактырды. Эгер документти Европа парламенти колдосо, биримдик 2028-жылдын 1-январына чейин Орусиядан газ сатып алууну толугу менен токтотот.
Маалыматка караганда, документ күчүнө кирсе, Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Орусиядан түтүк аркылуу жеткирилүүчү да, суюлтулган да газды алууну токтотот.
Венгрия жана Словакия бул демилгеге каршы чыккан, бирок биримдикке мүчө өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү колдоп, документ көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.
Орусиянын 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу кол салуусунан кийин Евробиримдик орус газына болгон көз карандылыгын азайткан. Бирок айрым өлкөлөрү орус газына дагы деле көз каранды.
Бир ай мурда Европа комиссиясы Орусияга каршы санкциялардын 19-пакетин жактырган. Еврокомиссия Орусиядан чийки мунайды деңиз менен ташууга тыюу салып, орус мунайынын бир баррели 47,6 доллардан ашпоого тийиш деген чектөө киргизген.
Москва санкцияларды натыйжасыз жана мыйзамсыз деп мүнөздөп, аларды жоюуну талап кылып келет. (AiA)
Шерине