Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24

БУУ: Түрк Кыргызстанды өлүм жазасын кайтаруу аракетин токтотууга чакырды


БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, 19-март, 2025-жыл
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, 19-март, 2025-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасын кайтаруу аракеттерин токтотууга чакырып, мындай кадам эл аралык укукту бузарын эскертти.

"Мен Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасын кайтарып алуу боюнча сунуштардан баш тартууга, анын ордуна күч-аракетин мыйзамды толук сактоо, сот адилеттигин жана зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу үчүн жумшоого чакырам. Жабырлануучулардын кызыкчылыгын коргогон, зомбулукка, анын ичинде сексуалдык зомбулукка каршы бардык чаралар камтылган жооп болушу керек", - деди БУУнун жогорку комиссары.

Түрк өлүм жазасын киргизүү боюнча демилгелер Кыргызстан алган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин белгилеп, оор кылмыштарды алдын алууда өлүм жазасы олуттуу роль ойноруна эч кандай далил жок экенин белгилеген. Анын ордуна кыргыз бийлигин мыйзамдарды коргоого, сот адилеттигине жетүүгө чакырган. Жогорку комиссар эч бир сот системасы кынтыксыз эместигин, мындан улам айыбы толук далилденбеген адамдар да эң акыркы чарага кириптер болуп калышы ыктымал экенин белгилеген.

Буга чейин Адам укуктары жаатында иш алып барган эл аралык жети уюм Кыргызстанда өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгесин кескин айыптап, андан баш тартууга үндөгөн.

16-октябрда “Адилет” укуктук клиникасы билдирүү таратып, Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келери жазылган.

27-сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. 13-октябрда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. 1998-жылы өлкөдө өлүм жазасына мораторий жарыяланган. 2007-жылы Жогорку Кеңеш аны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылкы Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.

Шерине

XS
SM
MD
LG