Бишкекте Кубанычбек Маликов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган “Мурас” турак жай комплексинин биринчи кабаттарында мектеп окуучулары үчүн убактылуу класстар ачылды.
Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, ал №40 мектептин филиалы болду жана 5-9-класстардын окуучулары үчүн шарттар түзүлгөн. Мамлекеттик ипотекалык компания берген имараттар 1000 балага ылайыкташып, окуу эки нөөмөттө өтөт.
МИК курган үйлөрдүн биринчи кабатына класстарды ачуу сунушун президент Садыр Жапаров берген. Бишкектин мэри Айбек Жунашалиев бул пилоттук долбоор борбор калаанын башка райондору үчүн да жакшы мисал экенин айтты.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында борбордогу мектептердин дээрлик бардыгында бир класста 40тан бала окуп жатканын, айрымдарында 50дөн ашып кеткен учурлар бар экенин маалымдаган.
Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат.
2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирди. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган. (BTo)
Шерине