Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Казакстанга ракета жайгаштырылабы?


"Искендер" ракетасы Москвадагы парад учурунда, 20-апрель, 2010
"Искендер" ракетасы Москвадагы парад учурунда, 20-апрель, 2010

“Известия” 28-мартта Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме менен быйыл жыл аягында Казакстан менен чек арага жакын жерде “Искендер-М” ракеталар комплексин сактоочу жай куруларын кабарлады.

Орусия быйыл декабрга чейин Оренбург облусунун Тоцкое-2 кыштагында “Искендер-М” ракеталык комплекстерин кабыл ала турган сактоочу жай куруп бүтөрү тууралуу маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги ырастады.

Ал жерден Казакстанга чейин болгону 100 эле чакырым аралык бар. Ракеталарын Орусия Казакстанга атайылап жакын жайгаштырууну каалап жатканын билдирген. Анткени быйыл Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылышы керек. “Ошондо абал курчуп кетсе, Орусия өзүн жана Казакстанды коргой алат, Казакстанга өзүнүн ракеталарын жеткирип барып жайгаштыруу оңой болот” деп айтылат.

Муну расмий Москва Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алкагында кабыл алынган келишимдерге туура келет деп сыпаттады. Бирок ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа 1-апрелде ИТАР-ТАСС маалымат агенттигине берген маегинде ракета базасы тууралуу маалыматты четке какты.

“Искендер-М” ракеталары 500 чакырымга чейин учат, ал эми Р-500 канаттуу ракеталары 2000 чакырымга чейин жетет. Эгер сырттан коркунуч болсо, алар чабуул койгонго ылайыктуу экени айтылат.

71 жаштагы Эркин Мусабаев – отставкадагы генерал-майор, узак жылдар бою түрдүү ракеталарды изилдеп жүргөн. Мусабаев азыр Орусия өзүнүн “Искендер-М” ракеталык комплексин Казакстанга жакын жайгаштырып жатканын Батыш Украинадагы окуялардын айынан Орусияга киргизген санкциялар менен байланыштырды.

"Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда мамиле Украинанын айынан сууп кетиши, кийин НАТО Орусия менен аскерий кызматташтыктан, маалымат алмашуудан баш тартышы Москванын ракеталар боюнча ыкчам аракет көрүшүнө түрткү болду. Ооганстандан чыгышы мүмкүн болгон коркунучтан НАТО менен Орусия бирге коргонушу күтүлгөн, бирок азыр альянс кызматташтыгын токтотуп койгондуктан Орусия өзүн өзү коргоого муктаж болуп жатат", - дейт отставкадагы генерал-майор Мусабаев.

Анткен менен казакстандык айрым саясатчылар Орусиянын ракеталарды чек арага жакын жайгаштырууга байланыштуу расмий түшүндүрмөсүнө ишенбей турганын айтып жатышат. Алардын бири Дос Кошим “Азаттыктын” казак редакциясына сүйлөп: “Орусиянын ракеталарды жайгаштыруудагы чыныгы максаты түшүнүксүз. Эгер ал бир топ мамлекеттердин биргелешкен аракети болсо, ишеним жаратмак, бирок азыр сөз жалгыз Орусия жөнүндө болуп жаткандыктан, муну анын империялык саясаты катары караса болот”, - деди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG