Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

"Орусиядан айдалып, Сербияга келдик". Балкандагы кыргыз мигранттар


Cербияда иштеген кыргызстандык мигранттар
Cербияда иштеген кыргызстандык мигранттар

Орусиядан качкан мигранттар Европага кантип кирет? Сербия Европага карай жол ачкан астанабы? Еврошаркетке кирбеген бул өлкө Орусиядан качкан мигранттарды кандай кабыл алат? Алдамчылык, эмгек эксплуатациясы жана үнсүз мигранттар. Белграддагы кыргыздар арыз-муңун кимге айтат?

Депортациядан кийин: Белграддагы жашоо

Сербиянын борбору Белграддагы чакан батирде Борбор Азиядан келген мигранттар жашайт. Кыргызстандык Халил Куранбаевдин Сербияга келгенине бир жыл боло элек, бирок ал бул жердеги турмуш-шартты, жердештеринин жашоосун ичинен билет:

Халил Куранбаев.
Халил Куранбаев.

"Башында келгенде хостелдерге барышат. Бирок ал жакта деле узак турушпайт. Эки-үч айдай жашап, анан батирге чыгып кетишет. Дос таап, таанышып, үч-төрт адам биригип, жашап калышат. Бул жакта батир маселеси, мисалы, Орусия менен салыштырганда, таптакыр башкача. Орусияда “славяндарга гана ижарага берилет” деген нерсе бар го, бул жакта андай жок. Андай дискриминацияга туш болбойсуң. Батир ээлерин серб тилинде “властник” деп коюшат. Алар, адатта, түшүнүктүү, оңой тил табышкан адамдар болушат. Негизи маселе жок. Тынч, кечинде ызы-чуу кылбай жашасаң эле болду. Алар да анчалык талап койбойт".

Имаратта батирлерден тышкары, борборазиялыктардын тамак-ашын даярдаган чакан ашкана да иштейт. Аны Халил досу экөө үч ай мурда ачкан.

"Биз атайын ушул районду тандап алганбыз. Ашканабыз ылдыйкы кабатта жайгашкан. Жогорку кабаттарында ушул сыяктуу батирлер, хостелдер да бар. Биз төртүнчү кабаттагы батирди өз кызматкерлерибиз үчүн ижарага алганбыз. Анткени алар үчүн ыңгайлуу. Түшүп иштеп, анан кайра көтөрүлүп келип эс алышат".

Белграддагы кыргыз ашканасына келген борборазиялыктар.
Белграддагы кыргыз ашканасына келген борборазиялыктар.

Халил да Сербиядагы башка эмгек мигранттарындай эле буга чейин Орусияда иштеген. Орусиядагы тынымсыз текшерүүлөрдөн, мигранттарга жаңы талаптардын күчөгөнүнөн жана мыйзамдардын катаалдашканынан улам алар орус жергесинен кетүүгө аргасыз болгон. Мигранттарга түзүлгөн эки өлкөдөгү шартты Халил минтип салыштырды:

"Белградда тынч иштей аласың. Орусияда болсо ар күнү коркунуч менен жашайсың, ким, качан келип сага тийишип кетет деп дайыма ойлонуп турасың. Акыркы убакта ал жакта “элдик кошуундар” пайда болду. Полиция менен кошо алар да көчөдө кармап, текшерип турушат. Ошондон кийин “бул жерден кетиш керек окшойт” деген чечимге келдик. Анткени канчалык чоң өлкө болбосун, бизге окшогон мигранттар үчүн ал жакта жашоо мүмкүн болбой калды. Бул жак болсо коопсуз. Эгер мыйзамды бузбасаң, өзүңдү маданияттуу алып жүрсөң эч ким сага тийишпейт. Мен бул жакта деле бир нече ирет полицияга туш болгом. Документ сурашат, текшеришет, сылык коштошуп кетишет. Эч кандай басымды сезбейсиң. Чынында, Орусия менен салыштырганда айырма асман менен жердей".

Сербиянын Улуттук статистика башкармалыгынын маалыматына караганда, 2025-жылдын июль айында өлкөдөгү орточо айлык акы 150 миң динар, же 1 300 еврону түзгөн. Минималдуу айлык орто эсеп менен 53 миң динар, же 450 евро тегерегинде. Ал эми мигранттардын көбү, айрыкча кызмат көрсөтүү тармагында иштегендер, эмгек акысын конверт менен “колго” алышат. Айрым учурда алган акчасы орточо айлыктан кыйла төмөн да чыгып калат.

"Киреше жагынан болсо, адамдын өзүнө жараша. Мисалы, жакшы иштеген балдар айына 2 миң евро табат. Бул Орусиядагы эсеп менен алганда 200 миң рублга жакын. Бирок Орусияда андай акчаны табыш үчүн күнү-түнү, жети күн тынымсыз иштеш керек. Бул жакта болсо андай эмес. Документ жагынан да жеңил. Кыргызстандын жарандары 90 күн визасыз жүрө алат. Ошол 90 күндүн ичинде жашоого уруксат алуу үчүн документ тапшырууга болот. Аны алгандан кийин сенде дээрлик жергиликтүүлөр менен бирдей укуктар пайда болот. Ошол эле медициналык камсыздандыруу да бар. Маселен, эгер ооруп калсаң, каалаган шаардык ооруканага барып, документиңди көрсөтөсүң, алар сени кабыл алышат. Бул жакта баары мыйзамдуу. Анткени сен салыгыңды төлөйсүң, ал эми мамлекет ошого жараша сага шарт түзүп берет", - деди Халил Куранбаев.

Сербиянын борбору Белград шаарынын көрүнүшү.
Сербиянын борбору Белград шаарынын көрүнүшү.

Белград Сербиянын борбору жана эң ири шаары. Украинада уруш башталган 3 жарым жылдан бери бул өлкөгө Москванын мобилизациясынан качып миңдеген адам келип, убактылуу же туруктуу жашоо тапкан. Ошол эле кезде, Сербия Европадагы Орусиянын эң жакын өнөктөшү, орус жарандарын визасыз киргизет. Бул өлкө Евробиримдикке жана НАТОго кирбейт. Ал эми соңку маалда курулуш, тамак-аш жана тейлөө кызматтарында Борбор Азиядан келген мигранттардын саны да кыйла көбөйдү. Ошентип, азыр Белграддын көчөлөрүндө орусча сүйлөгөндөр менен катар эле Борбор Азиядан чыккан жүздөрдү да арбын учуратасыз.

Белграддагы курьерлик ишин аткарган борборазиялык мигранттар.
Белграддагы курьерлик ишин аткарган борборазиялык мигранттар.

Шаксултан Кочкорбаев мындагы ашпозчулардын бири. Ал бул жерге алыста жүрүп, мекенин жана тамак-ашын сагынган жердештери көп келерин айтат. Мурда Орусияда иштеген ашпозчу Сербияга бир жыл мурун келген экен:

"Атам мени бала кезимден ашпоздукка үйрөткөн. Тамак жасаганды ошондо эле үйрөнгөм. Орусияда да төрт жылдай ашпозчу болуп иштедим. Акыркы жылдары ал жактагы абал начарлап, Кыргызстанга кайтып келдим. Бирок Белград же Сербия тууралуу таптакыр уккан эмесмин. Бул жакка жарнама аркылуу эле келип калдым".

Соңку жылдары кыргызстандык ишке орноштурган агенттиктер үчүн Сербияга жумушка жиберүү жаңы багытка айлангандай. Эки өлкө ортосундагы үч айлык визасыз режим Балкандагы бул өлкөгө келүүнү жеңилдетет. Ошондуктан жергиликтүү фирмалар Белград багытын социалдык тармактарда улам-улам жарнамалап турушат. Анын үстүнө бул өлкөдө да, Орусиядагыдай эле, кызмат көрсөтүү тармагында жумушчу күчүнө талап жогору.

Шаксултан Кочкорбаев.
Шаксултан Кочкорбаев.

"Жергиликтүү агенттик бул жактагы компания менен сүйлөшүп, сага чакыруу кат жиберет. Бул жакка келгенде иш берүүчү сени хостелге жайгаштырат. Кыргызстандын жарандарынын көбү Сербия тууралуу көп билишпейт. Маалыматты негизинен жарнамалар аркылуу алышат. Жарнамалар көбүнчө Telegram менен Instagram’да чыгат. Көпчүлүгү жеткирүү кызматында же курулуш тармагында иштейт", - деди Шаксултан.

Сербиянын миңдеген өз жараны Батыш Европа өлкөлөрүнө иш издеп кеткендиктен айрыкча курулуш жана тейлөө тармактарында жумушчу күчкө муктаждык чоң. Ошондон улам серб өкмөтү 2021–2027-жылдардагы экономикалык миграция стратегиясын ишке ашырып, чет элдик жумушчуларды тартууну көздөп жатат.

Азырынча Борбор Азиядан келген мигранттар боюнча расмий маалымат жок, бирок өткөн жылы Ташкент Сербияга виза алган өзбек жарандарынын саны кескин өскөнүн билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү жана эл аралык басылмалар да жаза баштады. Мисалы, жакында Balkan Insight өзбек мигранттарынын эмгек укуктары боюнча иликтөө жарыялап, алардын көбү курулуш жана тейлөө кызматтарында иштеп, кээ бирлери эксплуатацияга жана алдамчылыкка туш болуп жатканы белгиленди.

Белграддагы "Татыктуу эмгек" борборунун жетекчиси Марио Рельянович өлкөдө мигранттардын мыйзамдык коргоосунун жоктугу жана жумуш уруксаты иш берүүчүгө байланган система экенин айтууда:

Марио Рельянович
Марио Рельянович

"Айрым байкоолорго караганда, 2024-жылы Сербияда 80 миңге жакын чет элдик жумушчу иштеген. “Экспо” жана башка мамлекеттик долбоорлор курулуш иштерине көп жумушчу талап кылууда. Акыркы жылдары келген чет элдик жумушчулардын 40% Кытай менен Орусиядан келген. Чет элдик жумушчулар көбүнчө жергиликтүүлөр баргысы келбеген оор жана аз төлөнгөн жумуштарда иштешет, мисалы, курулуш же тейлөө тармагында. Айрым иш берүүчүлөр чет элдик жумушчуларды атайылап жалдашат, анткени алар мыйзамдарды жакшы билишпейт жана өз укуктарын коргой алышпайт. Биздин эмгек мыйзамы акыркы 10–20 жылда олуттуу өзгөргөн эмес. Эгер мыйзам так иштесе, чет элдик жумушчулардын да укуктары корголмок. Бирок азыр реалдуу көзөмөл жок. Менин оюмча, бүгүнкү күндө Сербиядагы чет элдик жумушчулар туш болуп жаткан эң чоң көйгөй - көмүскө же катталбаган эмгек. Башкача айтканда, алар эч кандай документсиз, уруксаты жок иштеп жатышат".

Сербия мигранттарга расмий түрдө жумуш жана жашоо уруксатын берүүдө Европадагы эң либералдуу өлкөлөрдүн бири. Ошентсе да, мыйзамдардын так сакталбаганынан мигранттар эксплуатацияга кабылууда.

2022-жылы “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы Сербиядагы өзбекстандык жумушчулар зордук-зомбулукка кабылып, акчасын ала албай, мажбурлап депортациялоого туш болгону тууралуу жазган. Анда көпчүлүк жумушчуларды адилетсиз келишимдерге кол коюуга мажбурлап, оор жана ден соолукка зыян шарттарда иштетишкен. 500 жумушчунун ичинен 200ү маянасын албай туруп эле мекенине депортацияланган.

Маселени өзбек бийлиги өзү да көзөмөлгө алган, бирок азыркы күндө деле журналисттерге Сербиядагы укук бузуулар тууралуу маалыматтар келип турат.

Белграддагы кыргыздар арыз-муңун кимге айтат?

Балкан өлкөсү Сербия Евробиримдикке кирбегени менен анын чек арасынан болгону бир нече сааттык аралыкта жайгашкан. Ошондуктан акыркы жылдары Сербия мигранттар үчүн Европага өтүүнүн эң жеткиликтүү жолдорунун бири болуп калды. Бирок бул өлкөдө кыргызстандыктардын санынын өскөнү алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын ким коргойт деген суроону пайда кылды.

“Азаттыкка” Сербияда кезиккен кыйынчылыктар тууралуу ачык айтып берүүнү каалаган Рысбек бир нече ай мурун мекенине кайтып келген. Ал Сербияга жөнөткөн агенттиктердин убадалары чындыкка дал келбей, иш жүзүндө таптакыр башкача болуп чыкканын айтып берди:

Рысбек
Рысбек

"Көбүнчө бул жактан курьерлик ишке жиберишет. Бизди да алдап жиберишкен экен. Баргандан кийин таптакыр башкача болуп чыкты. Айлык акыны 900 доллардан 2500 долларга чейин болот деп айтышкан. Машина же скутер берилет дешкен, бирок андай болгон жок. Иш жүзүндө айына 700 доллардан кармап алышты, айрым учурларда маянадан дагы кыскартып турушту. Көпчүлүгү Орусиядан келгендер эле. 2019-жылдан 2022-жылга чейин Орусияда иштедим, андан кийин Кыргызстанга кайтып келдим. Бирок иш жакшы болбой, кайра кетүүнү чечтим. Европанын башка өлкөлөрүн да карагам, бирок “визасыз өлкө” деп бизди Сербияга жөнөтүштү. Бизди жөнөткөн компаниялардын көбү кийин жабылып кетти. Келгенде аларды таппай калдык"-, деди Рысбек.

Кыргыз жарандарына Сербияга кирүүгө виза талап кылынбаганы менен 90 күнгө чейин гана өлкө аймагында эркин жүрүүгө уруксат берилет. Бул мөөнөттөн ашып, документтерин мыйзамдуу түрдө узартпай же убактылуу жашоого уруксат албаган жарандар өлкөдөн депортацияланышы мүмкүн. Бирок азырынча Сербияда канча кыргызстандык жашап, иштеп жүргөнү тууралуу так маалымат жок.

Рысбек азыр Кыргызстанда иш издеп, ушул жакта калууну чечкен. Бирок, анын айтымында, Орусиядан депортация болуп, мекенине кайткандардын көбү кайрадан башка өлкөнү тандап кетүүгө аргасыз болушкан.

2024-жылы Москвадагы “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Ошондон бери расмий Москва мигранттарга болгон талаптарды кыйла катаалдатып, аларга каршы бир катар мыйзамдарды кабыл алды. Соңку жылдары миңдеген кыргызстандык мигрант Орусиядан депортацияланып же өз каалоосу менен өлкөдоң чыгып кеткен. Алардын арасында 21 жаштагы Шамил да бар.

Шамил
Шамил

Шамилдин бир жыл ичинде бир нече иш алмаштыруусуна дагы деле жумуш берүүчүлөрдүн мамилеси себеп болгон. Белгилей кетчү нерсе - Сербия Шенген аймагына кирбейт, андыктан бул өлкөдө турган кыргыз жарандары Кыргызстандын Венадагы элчилигине тоскоолдуксуз бара алышпайт. Ошондой эле мекендештердин диаспорасы түптөлө элек болгондуктан мигранттардын көйгөйлөрү көп учурда көз жаздымда калат.

"Эки ай мурун ашпозчунун жардамчысы болуп киргем. Азыр су-шеф болуп иштеп жатам. Айлыгым 600 динар. Мен бул жакка башка досторумду да чакыргам, бирок тилди билбей кайра кетип калышты. Бир жыл ичинде мен бир аз болсо да үйрөнүп калдым. Күн сайын иштен кийин үйгө барып, тиркеме аркылуу үйрөнөм. Бир компанияда төрткө жакын кыргыз элек. Алар кетип калышты. Башка улуттар да бар болчу. Ал компания 15 күн иштетип, акча бербейт, анан дагы 15 күн күт дегидей кылат. Натыйжада 100гө жакын жумушчу бир жарым ай айлык албай калды. Ошондуктан бул жакта консулдук болсо жакшы болот эле, мындай учурда кайрылганга мүмкүнчүлүк болмок. Анткени азыр кыргыздар көбөйүп, Сербия дээрлик Орусиядай эле болуп калды го", - деди Шамил.

Ошентип, биз Сербияда кепке тарткан мигранттардын айрымдары өз мекенинде туруктуу жумуштун, жетишүү маянанын жана социалдык кепилдиктин жоктугунан улам бул өлкөгө сапар алганын айтышса, башкалары Орусиядагы катаал саясаттан качып келишкен. Балкандагы борборазиялык эмгекчил мигранттар коопсуз жерде, мыйзамдуу иштеп, алыскы ата журтундагы жакындарына жардам берип, бутуна тургузсак деп тилешет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG