Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Ак-Ордодогу өлүм: шектүүнүн камалышы, бийликтин кайрылуусу


Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда эки бир тууганды өлтүрүүгө шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алынды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ак-Ордо конушундагы эки адамды өлтүрүүгө шектүү 3-декабрга чейин камакка алынды. Биринчи май райондук сотунан шектүү И.С.М эки айга чейин Тергөө абагында кармала турганын билдиришти.

Ички иштер министрлигинин 8-октябрда жарыялаган видеосунда шектүү ал үйгө акча үчүн киргенин айтып, эки кишини бычактап өлтүргөнүн моюнуна алган. Ал жерге маршруттук каттам менен барганын, бычакты Орто-Сай базарынан сатып алганын билдирген.

“Ал ордунан турганда башка эки-үч жолу чаптым. Ал мени кучактап жерге кулатты, экөөбүз алышып жатып, эшикти кулаттык. Ал мени түртүп, мен эшикти сындырдым. Кийин ал кулаганда ичине бычак сайдым. Ал кайра турууга аракет кылганда желкесине дагы бир жолу бычак урдум”, - деген шектүү.

Кийин маркумдун эжеси келе калып колдон кармаганда "коркуп кетип, ичке, желкесине бычак урганын” кошумчалаган. Милиция ушул эле күнү маркумдун жубайынын көрсөтмөсүнүн видеосун жарыялаган. Келин шектүүнү тааныганын айтып берген.

“Биринчи беткапчан болчу, жолдошум анысын чечип салды. Экөө алышты. Мен жарыкты жандырганда бетин даана көрдүм. Бети былтыйган, көзү жымшыйган. Жүз эмес, миң пайыз тааныйм, мен эмес кызым да таанып жатат. Кайнежемди бычактап жатканда, балдарды терезеден түшүрүп, качпайм деп ойлогом. Кызымды кач десем, “Мама, сен дагы чык, качпайм”,- деп туруп алды”.

9-октябрда окуя болгон жерден кылмышка шектүүнү алып кеткен таксист дагы көргөзмө бергени белгилүү болду. Кылмышка шектүү 19 жаштагы адам 7-октябрда коомдук жайларда орнотулган “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган адамдын жүзүн тааныган камералардын жардамы менен кармалганы айтылган.

Окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров билдирүү жасады.

“Милицияларга бардык шарттарды түзүп бердик. Техникалык каражаттары жетиштүү. Керек болсо милициялардын өздөрү кайда, кантип иштеп жүрүшкөнүн башкы штабда онлайн көзөмөлдөп турушат. Кээ бир жарандарыбыз: “ИИМ элге тез-тез маалымат берип турса болмок, минтип ызылдабайт элек” деп чыгышты. ИИМ мындай учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тез-тез маалымат бербейт. Качан гана толук изилдеп бүткөндөн кийин бериши мүмкүн. Ошондуктан мындай чуулгандуу иштерде баарыбыз эксперт болуп кетпей, сабырдуулук менен күтүшүбүз керек.”

Ички иштер министрлигинин маалыматында, жыл башына карата өлкөдөгү чоң шаарлардагы коомдук жайларда “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында 25 миң видеокамера орнотулган, ал эми “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында өлкөдө 12 миң камера иштеп жатат.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов техникалык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо маанилүү экенин белгиледи. Ошол эле учурда ал кылмышты алдын алууга, коопсуздук маселесине олуттуу кароо керектигин белгиледи.

“Мектептерде жаңы предметти киргизүү зарыл. Кылмыш менен күрөшүү эмес, алдын алуу чараларды башташыбыз керек. Кылмышка барган адамды эмне күтүп турат? Кылмыш жасабаш үчүн адам кандай жолду тандашы керек деген суроону изилдеп, жаштарды оң жолго үгүттөө зарыл. Кылмышка шектүүнүн жашы 19да экен. Кечээ эле мектепти бүтүргөн да. Балким ал кылмышкерлердин чөйрөсүндө жүрүп калган. Ошол тарбияны көрүп чоңойсо керек. Психикалык да жактан да өксүгү бар. Ошондой эле идеология жаатында жаңы программаларды ойлоп табуу зарыл”.

Коомдогу агрессияны таалим-тарбия, билим берүү аркылуу жоюу көп жылдан бери сунушталып келет. Буга чейин билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков "Азаттыкка" мындай пикирин билдирген:

“Ааламдашуу шартында кайчылаш, оң жана терс окуяларга бай доордо жашап атабыз. Бирок акыркы кезде жырткычтыктын элементтерин камтыган кылмышка баргандар болууда. Айрымдарын укканда дене боюң дүркүрөп кетет. Коомдо гуманизм, адамдык баалуулуктар баарынан жогору турат деген түшүнүк орношу керек. Бирок шарт-жагдайдан улам биздин коомдо күчтүн, байлыктын үстөмдүгү күч болуп жатат. Социалдык-экономикалык абал оорлогондо адамдарда бири-бирин аёо, урматтоо сезими төмөндөп жаткандай. Агрессияны жоюш үчүн мугалим менен ата-эне эриш-аркак иштөөгө тийиш. Коомчулук дагы терс мамилеге, алдамчылыкка, зомбулукка, адамдын көңүлүн ооруткан терс көрүнүшкө чыдабасын, аны жерий турганын ачык көрсөтүшү керек. Адамды, коомду караңгылыкка түртө турган окуяларды сындап, ага каршы чыгып, анын алдын алууга бирге аракет кылуу абзел. Биз тескерисинче кайдыгер болуп баратабыз. Анын ордуна оройлукту же кол көтөрүүнү “ырас кылды” деп кол чаап, кубаттагандар бар. Мунун баары коомго терс таасир этет”.

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өмүрүн алган окуя 3-октябрга караган түнү болгон. Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине түн катып кирген киши эки бир тууганды, 38 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркекти бычактап өлтүргөн.

Кылмыш болгон үйдөн маркумдун жубайы үч баласы менен качып чыгууга үлгүргөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси – “Адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында быйыл сегиз айда 3 439 кылмыш катталган, бул 2024-жылдын ушул айына салыштырмалуу 9,9% көп. Өткөн жылдын январь жана август айларында 100 адам өлтүрүү кылмышы катталса, 2025-жылы 107ге жеткен.

Ак-Ордо-3 конушунда болгон окуянын алдында эле 27-сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз курбусунун үйүнө барам деп чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Эки күндөн кийин сөөгү Боом капчыгайынан табылып, анын өлүмүнө шек саналып 41 жаштагы киши кармалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG