Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барды


Президент Садыр Жапаров 9-октябрда иш сапары менен Тажикстандын борбору Душанбе шаарына барды. Мамлекет башчынын администрациясы кабарлагандай, аны аба майдандан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Жапаров иш сапарынын алкагында "Борбор Азия – Орусия" экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Саммиттердин алкагында бир катар биргелешкен документтердин каралышы жана кабыл алынары күтүлүүдө.

8-октябрда Орусия президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, эки мамлекет башчылары жабык жана кеңири форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

9-октябрда “Борбор Азия – Орусия” саммитине эки лидерден тышкары Кыргызстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышат.

Жыйында мамлекет башчылары көп тараптуу өнүгүүгө байланыштуу жана терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү, улут аралык чакырыктар боюнча талкуулайт.

10-октябрда Тажикстандын төрагалыгы астында КМШ лидерлеринин саммити өтүп, ага жогорудагы мамлекет башчыларынан тышкары Армениянын, Беларустун, Азербайжандын лидерлери катышат. Саммитте эл аралык күн тартиптеги маселелер, аймактык жана глобалдык коопсуздук талкууланат. Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары айтылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG