Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда түзүлгөн суу чарба комиссиясы ишин баштап, биринчи жыйыны Душанбе шаарында өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 9-октябрда маалымат таратты.
Ага ылайык, комиссия эки өлкө ортосунда суу ресурстарын туруктуу башкаруу, суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу, суу чарба маселелерин алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча аракеттерди координациялоо үчүн түзүлгөн.
Алгачкы жыйында комиссиянын жобосу, чек арага жакын аймактар үчүн өзгөчө мааниге ээ гидротехникалык курулуштарды модернизациялоого жана калыбына келтирүүгө инвестиция тартуу маселелери каралды.
Кыргыз делегациясын Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев, тажик тараптан Мелиорация жана ирригация агенттигинин директору Зафарбек Давлатзода жетектеген.
“Жыйындын аягында комиссиянын ишин туруктуу негизде улантуу жана суу ресурстары жаатындагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча даярдык билдирилди”, - деп айтылат маалыматта.
Быйыл 13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.
31-мартта эки президент Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан. Ратификацияланган үч документтин бири кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу болгон.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.
Шерине