Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Таалайбек Ибраев "Газпромдун" башчысы менен Кыргызстанга газ жеткирүүнү талкуулады


Энергетика министри Таалайбек Ибраев Орусиянын “Газпром” компаниясынын башкаруу комитетинин төрагасы Алексей Миллер менен Санкт-Петербург шаарында Кыргызстанга газ жеткирүүнү талкуулады.

Сүйлөшүү 7-10-октябрда өтүп жаткан XIV эл аралык газ форумунун алкагында уюштурулган.

Тараптар Кыргызстанга Орусиядан газдын жеткирилишин жана калкты газ менен камсыз кылуу боюнча инвестицияны көбөйтүү, күйүүчү майга байланыштуу маселелерди талкуулаган.

Министр Ибраев мындан ары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын газдаштыруу боюнча чараларга жылдык каржылоо суммасын кеминде 1,5 миллиард сомго көтөрүүнү, жаратылыш газынын баасын сактап калуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну, ошондой эле республикадагы жаратылыш газынын үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну сунуштады”, - деп жазылган маалыматта.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстанды жаратылыш газы менен камсыздоону күчөтүү жана кышында үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча макулдашкан.

“Газпром Кыргызстан” ишканасы Орусиядагы “Газпром” компаниясынын 100 пайыздык туунду компаниясы жана Кыргызстанга жаратылыш газын жалгыз импорттоочу, республиканын газды өткөрүү жана бөлүштүрүү тутумдарынын ээси.

Кыргызстанды газ менен камсыз кылууну 2013-жылдан бери орусиялык “Газпром” ишканасы колго алган. Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн келишимине ылайык компания Кыргызстандын аймактарына толугу менен газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубль жумшоону убада кылган. Бирок "Газпром" компаниясынын Кыргызстанды толугу менен газдаштыруу планы аткарылбай жатканы боюнча маселе утур-утур көтөрүлүп келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG