Орусиянын аскердик күчтөрү 9-октябрга караган түнү Украинанын аймактарын дрон менен аткылоону улантып, Одесса облусунун Черноморск шаарына сокку урду. Маалыматка караганда, порт жана энергетикалык инфраструктура жабыркаган, согуш башталганга чейин 57 миң тургуну бар шаар электр жарыгысыз калган.
Аймактык аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдиргендей, аба чабуулунун кесепетинен, баштапык маалымат боюнча, беш киши жабыркаган. Черноморск шаарынын башчысы энергетикалык объектилерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
Украин армиясы 9-октябрдын таңында билдиргендей, өткөн түнү Орусия Украинанын аймагына жалпы 112 дрон учурган. Алардын 22си бутага тийгени кабарланды.
Ал эми Орусия тараптан Волгоград облусунун Котово шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводго украиналык дрондор менен сокку урулганы айтылууда. Жергиликтүү бийлик “күйүүчү май-энергетикалык комплекстин аймагында өрт тутанганын” билдирген.
Аба соккуларынын кесепети тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Коробковский заводу – Түштүк федералдык округдагы жаратылыш газын кайра иштетүүчү эң ири ишкана. Бул жерден бензин, суюлтулган газ жана өнөр жайдын ар кандай тармактарына керектүү чийки зат чыгарылат.
Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн суткада өлкөнүн аймактарынан 19 украиналык дрон байкалганын билдирди. Алардын ичинен 10 дрон Волгоград облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөн. Жалпы канча аппарат учурулган жана алардын канчасы бутага тийгени так айтылган жок. Волгоград, Саратов жана Самара шаарларынын аэропортторунда убактылуу чектөөлөр киргизилген.
Шерине