Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Кыргызстан Газадагы согушту токтотуу үчүн башталган аракеттерди кубаттады


Ынтымак Ордо.
Ынтымак Ордо.

Кыргызстан Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча башталган иш-аракеттерди кубаттай турганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 9-октябрда Фейсбукка жазды.

Анда расмий Бишкек “эл аралык укуктук принциптерине, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык демилгелерин колдоого берилгендигин дагы бир жолу ырастай турганы” белгиленген.

“АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгеси, ошондой эле Египеттин, Катардын жана Түркиянын дипломатиялык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна татыктуу”, - деди Алагөзов.

Шаршембинин кечинде АКШ президенти Дональд Трамп Израил жана ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму тынчтык планынын алгачкы этабын ишке ашырууга макул болгонун Truth Social баракчасына жазды. Макулдашууга ылайык, ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу учурунда барымтага алынган израилдик жарандарды бошотот жана ага жооп катары Израил аскерлерин алдын ала макулдашылган чек ара сызыгына кайтарышы керек.

Бул Газа секторундагы согушту токтотуу тууралуу ортомчулар Египет, Катар жана Кошмо Штаттар өкүлдөрүнүн Египеттеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилген чечим болду.

Макулдашуунун чоо-жайы азырынча белгисиз. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС менен түзүлгөн келишим өкмөттүн атайын жыйынында бейшемби күнү бекитилиши керек экенин билдирген.

Ал бул келишимди “маанилүү бурулуш” деп атап, макулдашууга жетишүүгө жардам көрсөткөнү үчүн Дональд Трампка ыраазычылыгын айтты.

Сентябрдын аягында президент Дональд Трамп сунуштаган тынчтык планына ылайык, ХАМАС Израил туткунга алган дээрлик эки миң палестиналыктын бошотулушуна жооп катары израилдик туткундарды эркиндикке чыгарышы керек. Учурда 48 израилдик туткундун тагдыры белгисиз бойдон калууда. Израилдин маалыматы боюнча алардын 20сы тирүү экени айтылат.

Планга ылайык, ошондой эле ХАМАС куралсыздандырылып, Газа секторундагы бийликтен четтетилиши керек. 4-октябрда уюм АКШнын тынчтык планындагы айрым пункттарга, анын ичинде туткундарды айырбаштоого жана Газаны башкарууга катышуудан баш тартууга макул экенин жарыялаган. Бирок уюм башка пункттар боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл экенин белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG