Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Москва таасирин сактап калуу үчүн күч үрөйт: Путиндин Душанбе сапары


Владимир Путин жана Эмомали Рахмон. 2025-жылдын 8-октябры. Душанбе.
Владимир Путин жана Эмомали Рахмон. 2025-жылдын 8-октябры. Душанбе.

Орусиянын президенти Владимир Путин 8-октябрдын кечинде Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды. 10-октябрда Душанбеде "Борбор Азия — Орусия" саммити башталат, ага мамлекет башчылары катышат. Геосаясий атаандаштык күчөгөн кезде Орусия чөлкөмдүн өлкөлөрүнө кандай убада берет?

Украинада уруш төрт жылга аяк басып, Кремлге Батыштын басымы күчөп, эл аралык деңгээлде обочолонуп калган кезде Москва өзүнө таяныч болчу өнөктөштөрдү издеп жатат.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Москва үчүн Батыштын санкцияларынан айланып өтүүчү маанилүү транзиттик коридор гана болбостон, Борбор Азия дипломатиялык атаандаштык күчөгөн аймакка айланды.

Орусиянын президенти Владимир Путин бул жолу Душанбеге бараандуу делегация менен барды. Москванын делегациясына күч түзүмдөрүнүн, экономикалык жана гуманитардык блоктун өкүлдөрү кирди.

Жайлаган жагдай

Биринчи "Борбор Азия — Орусия" саммити 2022-жылдын октябрында Астанада өткөн маалда жагдай такыр башкача эле. Москва санкциялык чектөөлөргө кадимкидей туруштук берип, орус экономикасынын ыргагы кыйла демдүү эле. Бирок Украинадагы согуш төртүнчү жылга созулганда экономикалык өсүү бир топ жайлап, каржы адистери стагнация жөнүндө айта баштады. Эң жакын коңшусуна ачкан согуштун куну Кремль үчүн барган сайын кымбатка түшүүдө.

- Орусия фронтто олуттуу жоготууларга дуушар болууда, ал эми украин дрондорунун мунайды кайра иштетүүчү заводдорду бутага алганы өлкөнүн өзүндө күйүүчү майдын тартыштыгын жаратты. Ушул тапта экономикалык басым күчөп, салыктар көбөйүп, бюджеттин кирешеси кыскарууда, эл арасында нааразычылык күчөп бара жатат. Булардын баары Орусиянын туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш катары аброюна сокку урууда. Бул айрыкча Борбор Азияда байкалып турат, - деп белгилейт Британияда жайгашкан Central Asia Due Diligence изилдөө борборунун негиздөөчүсү Алишер Илхамов.

Казакстанда Орусия Көкчөтоо, Семей жана Өскемен шаарларында жалпысынан алты миллиард долларлык көмүр жаккан үч ЖЭБ (жылуулук электр станциясы) курууну пландаган. Бирок каржылык каатчылыктан улам бул долбоорлордон баш тартты. Астана ал объекттер Москванын катышуусусуз эле куруларын жарыялады.

ЕАЭБ: Москва уюмдун аймагын кеңейтүүнү көздөйт
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:43 0:00

Орус экономикасындагы стагнацияны ушул тапта өлкө жетекчилиги да моюнга алууда (быйылкы өсүш апрель айындагы божомолдон 2,5 эсе төмөн, анда 1% деп божомолдошкон). Мындай жагдайда эмгек мигранттарынын акча которуулары да азайышы ыктымал. Миллиондогон кыргызстандыктар, тажикстандыктар жана өзбекстандыктар Орусияда иштеп, мекенине акча жөнөтүшөт.

Астанада өткөн саммиттен кийинки үч жыл ичинде Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалы кыйла начарлап, бул Борбор Азия өлкөлөрү менен Москва ортосунда чыңалууга түрткү болууда.

- Чөлкөмдөгү өлкөлөр Орусияга экспортун кескин көбөйтүп, Украинада уруш уланып жатканда экономикалык жактан пайда көрүшкөнү менен акыркы убактарда тараптар ортосунда чыңалуу күчөдү. Ал Орусияда өзгөчө Өзбекстандан менен Тажикстандан барган эмгек мигранттарынын абалына барып такалат, - деп белгилейт Илхамов.

Борбор Азиядан барган мигранттар Москванын ички саясатынын "бутасына" илинди. Алар Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, акча жана орус жарандыгын берүү убадасына жетеленип, согушка тартылууда. Аймактан чыккан он миңдеген адамдар бөтөн жердеги согушка аралашып калды. Айрымдары согушка басым-кысымдан улам барууга аргасыз болгонун айтышкан.

Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерт залындагы кандуу терактты ишке ашырды деп тажикстандыктар айыпталган соң орус жергесинде мигранттарга каршы рейддер күчөдү.

Ксенофобиялык маанайды Кремлге жакын маалымат каражаттары активдүү түрдө жайылтууда. Миңдеген мигранттын балдары орус мектептерине кире албай калды. Ал эми Москвадагы айрым саясатчылар мигранттарга үй-бүлөсүн кошо алып келүүгө тыюу салууну сунуштап жатышат.

Орусия: Жапырт депортация коркунучу, мигранттар күткөн жардам
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:02 0:00

Орусияда мигранттардын жалпы эле жашоосун чектеген жаңы мыйзамдар жана эрежелер ишке кирүүдө. Жакында эле мигранттарга расмий айлыгынан ашык акчаны мекенине жөнөтүүгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү.

Мисалы, эгер мигрант расмий түрдө айына 45 миң рубль алса, бирок мекенине 50 миң рубль салам десе, банк бул операцияны өткөрбөй коюшу мүмкүн. Мыйзам долбоорунун авторлору белгилегендей, көптөгөн мигранттар "конверт менен айлык алып", ири суммаларды жакындарына жөнөтүшөт. Өткөн жылы акча которуунун жалпы суммасы 18 миллиард долларга жеткен.

Мыйзамдын максаты - салык төлөөнү камсыз кылуу жана акчанын кайдан алынганын ачык көрсөтүү. Эгер мигрант расмий кирешесинен ашык сумма жөнөтүүнү кааласа, анда ал акчанын төркүнүн түшүндүрүүгө милдеттүү болот.

Мигранттар Орусиянын социалдык көзөмөл механизмдерин сыноо үчүн колдонулган ыкмада эң аярлуу топтордун бири болуп калганын Берлиндеги Карнеги борборунун изилдөөчүсү Темур Умаров түшүндүрүүдө:

— Бул тажрыйба кийинчерээк жалпы эле калкка да жайылтылышы мүмкүн. Мындан тышкары, катаал миграциялык саясат Орусиянын өзүндөгү айрым саясий күчтөргө упай топтоого өбөлгө болуп, мындай саясат коомду бириктирүү, "душманды" табуу жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөө үчүн колдонулат. Москванын миграция саясаты карама-каршылыкка барып такалат. Мындай саясат Орусиянын Борбор Азиядагы стратегиялык кызыкчылыктарына залакасын тийгизип, анын үстүнө аны тышкы саясатка тиешеси жок мекемелер жүргүзүп жатат.

Умаровдун сөзүнө караганда, Душанбеде лидерлердин бири Орусиянын миграциялык саясатына нааразылыгын этият түрдө билдириши мүмкүн, бирок эч ким даап катуу сын айта албайт.

Душанбе саммити: Иш жок, ишарат гана

2022-жылы Астанада өткөн "Борбор Азия — Орусия" саммитинде Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун "Москва аймактагы өлкөлөргө шалаакы мамиле кылганы болбойт" деген билдирүүсү көңүл бурдурган эле. Мындай айтылган сөз саммиттин күн тартибинен да көп талкуу жараткан.

Душанбеде ушул таризде билдирүү болушу мүмкүнбү? Адистер ага ишенбей турганы менен толук четке кагууга дагы болбойт.

Темур Умаров белгилегендей, Москва ушул тапта экономикасы өнүккөн жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү кенен Өзбекстан менен Казакстанга көңүл буруп жатат. Ал эми Тажикстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан экономикалык жактан чабалдыгынан же саясий өзгөчөлүктөрүнөн улам Кремлдин кызыкчылыктарына келгенде оолак турат.

- Ошондуктан мындай форматта олуттуу өзгөрүүлөр болот деп деле ойлобойм жана бул Рахмондун нааразычылыгын ого бетер күчөтүшү мүмкүн. Ал дагы бир жолу сындашы мүмкүн, аны четке кагууга болбойт, - дейт Умаров.

Душанбелик саясат таануучу Мухаммад Шамсуддинов саммитти өткөрүп жаткан тарап дипломатиялык сый-урматты сактап, этияттык көрсөтөрүн айтат.

— Акыр-аягы Рахмон бул жолугушууда кабыл алуучу тарап жана дипломатиялык протоколго ылайык меймандостук көрсөтүүгө аракет кылат. Бирок башка лидерлерден, маселен, Өзбекстандын президентинен ушундай маанидеги билдирүүлөр чыгышы мүмкүн экенин толук четке кагууга болбойт. Бирок андай болушу күмөн го, - деп эсептейт эксперт.

Душанбеликтер жогорку даражалуу конокторду тосууга катуу камданышты, бул маалга шаарда көчөлөр, ири базарлар жана соода борборлору убактылуу жабылууда.

Ошол эле учурда эксперттик чөйрөлөрдө экинчи ирет уюштурулган "Борбор Азия — Орусия" саммити чөлкөмгө эмне берет деген суроо талкууланууда.

Саясат таануучу Мухаммад Шамсуддинов бул саммиттен чөлкөм үчүн бир реалдуу пайда чыгарынан күмөн санап, геосаясатта кандайдыр бир бурулуш деле болбойт деп санайт. Эксперт белгилегендей, "Борбор Азия — Орусия" форматы жана башка КМШ алкагындагы жолугушуулар символикалык платформалар.

Шамсуддиновдун пикиринде, бүгүнкү күндө чөлкөмдөгү талылуу маселелер Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында (Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет, Армения мүчөлүгүн токтоткон), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) аркылуу (Орусия, Беларус, Армения, Казакстан жана Кыргызстан мүчө) же болбосо эки тараптуу деңгээлде талкууланат.

- Жолугушуулар өтө турган түзүмдөр - КМШ жана "Борбор Азия — Орусия" форматы - иш жүзүндө эч нерсе чече албайт, көбүнчө символикалык роль ойнойт. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ) узактан бери эле дипломатиялык риторика үчүн платформага айланган. Лидерлер жолукканда жалпы тарыхты эске салып, элдердин достугун, орус тилинин ролун жана Экинчи дүйнөлүк согушту эскеришет. Андай жолугушуулардан кийин кандайдыр бир чечимдер кабыл алынып же байкаларлык натыйжа деле чыкпайт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн КМШ форматына катышуусу көбүнчө сылыктык иретиндеги кадам саналат. Ал эми "Борбор Азия — Орусия" форматы азырынча кызматташуунун иштиктүү инструменти боло элек, - деп белгилейт Шамсуддинов.

Душанбе саммитинде мамлекет башчылары "бир топ маселелерди", анын ичинде "терроризмге, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана башка чек арадагы коркунучтарга каршы аракеттерди координациялоо чараларын" талкуулай турганы жарыялады.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров саммиттин негизги темасы соода-экономикалык мамилелер болорун билдирген.

Душанбедеги жолугушуу "Борбор Азия — Кытай" жана "Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммиттеринен кийин уюштурулууда. Быйыл июнда Астанага Кытай лидери Си Цзиньпин келип, президенттер чогулган. Саммиттин декларациясында тараптар Бээжиндин "Бир алкак - бир жол" дымактуу демилгесин жогору баалап, аны улуттук стратегиялар менен айкалыштыруу боюнча ишти күчөтүүгө даяр экенин билдиришкен.

Бул долбоор камтыган Кытайды Борбор Азия жана Түштүк Кавказ аркылуу Европага туташтырган "Ортоңку коридор" маршрутунун Украинада согуш башталгандан бери мааниси арта баштады. Жүк ташуучулар жана ишкерлер Орусияны айланып өтүүгө аракет кылып, санкциялардан качуунун айла-амалын издешет. Кыргызстанда Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу өтө турган темир жолдун курулушу башталды. Бул эл аралык жүк ташууда кошумча багыт болуп бермекчи. Си Цзиньпин Астанадагы саммитте Борбор Азиядагы элдин жашоо шартын жакшыртуу жана өнүктүрүү долбоорлору үчүн 208 миллион доллар бөлүүнү убада кылган.


"Борбор Азия — Европа Биримдигинин" саммити быйыл апрель айында Самаркандда өтүп, Батыштын чөлкөмдүн стратегиялык мааниге ээ кен байлыктарына кызыгуусун көрсөттү. Европа Биримдиги Global Gateway стратегиясын сунуштап, соода байланыштарын тереңдетүүгө жана транспорт, маанилүү чийки зат, санарип байланыш, суу ресурстары жана энергетика тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө умтуларын билдирди. Брюссель 13,2 миллиард доллардан ашуун инвестициялык пакет жарыялады.

Адистер ушул тапта Орусия чөлкөмгө кандайдыр бир ири инвестиция сунуштай алат деп айтууга болбойт дешет. Борбор Азия Кытай, Түркия, Перс булуңундагы мамлекеттер менен алака-катышын ургаалдуу өнүктүрүп жаткан шартта Москва чөлкөмдөгү өз таасирин сактап калууга аракет кылууда. Бирок бул үчүн Москва күч үрөбөй, аны көбүрөөк буга чейинки аброюнун эсебинен кармап калууга аракеттенгендей.

- Путиндин сапарынын дагы бир максаты - Москва менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн алакасындагы чыңалууну бир аз жумшартуу. Соода жана инвестицияга байланыштуу кандайдыр бир убада берилип, ишараттар болот. Бирок Орусиянын азыркы акыбалы эки жыл мурункуга караганда кыйла кыйын, - дейт Илхамов.

Шерине

XS
SM
MD
LG