Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Дүйнөдө алтын кымбаттады. Кыргызстанда сатып алгандар көбөйдү


Улуттук банктын чендик алтын куймалары.
Улуттук банктын чендик алтын куймалары.

мазмуну

  • Алтындын баасы 62% өстү, бул Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизүүдө.
  • “Кыргызалтын” алтын куймаларын чыгаруу жана сатуу боюнча ишмердүүлүгүн кеңейтип, кирешеси өсүп жатат.
  • Геосаясий тирештер жана глобалдык инфляция алтын баасын көтөрүүдө, инвесторлор алтынды коопсуз актив катары көрүшүүдө.

Дүйнөлүк базарда алтын кымбаттап жатат. Кыргызстанда да Улуттук банк менен “Кыргызалтын” ачкан алтын куймаларын саткан дүкөндөрдө баа улам өсүп, ошого карабай сатып алууга кезекке тургандар көп болууда. Алтын баасынын көтөрүлүп жатканынын себеби эмнеде? Мындан өлкө экономикасына кандай пайда болот?

Бишкек шаарынын тургуну Зейнеп чогулткан 100 миң сомдой акчасына бүгүн Улуттук банктын алтын куймаларын саткан дүкөнүнөн 1, 2 жана 5 граммдык кылып жалпысынан 8 грамм алтын сатып алганын, мындай тандоого ага эмне түрткү бергенин айтып жатат.

“Биртике акчаны кармап турса, анан улам кымбаттаса бир аз кийинчерээк көбүрөөк акча болуп калса бир керегибизге жараса деген максатта алдык. Себеби, былтыр мен майыптыгы бар кызымдын бир аз чогулган пенсиясын өзүнө балким келечегине жарап калабы деген үмүттө банктын өзүнө эле депозит кылып салып койсом, бир жылда биз салган акчанын 10% да жетпеген кошумча пайда - үстөк катары берилиптир. Чынын айтсам, ыраазы болгон жокмун. Анан мага тааныштарым “андан көрө Улуттук банкка барып эле, кассасына кезекке туруп, алтын алып кой” деп кеңеш беришкен”.

Былтыр Улуттук банк менен "Кыргызалтын" акционердик коому Бишкек шаарында алтын куймаларын саткан бирден дүкөн ачкан. Дүкөндөрдө 1, 2, 5, 10, 20, 31, 1035 (1 унция), 50, 100, 250, 500, 1000 граммдык алтын куймалары сатылат.

Зейнеп дүкөндө кезек күткөндөр көп экенин жана алтындын баасы да акча алмаштыруучу жайлардагыдай болуп күн сайын Лондон биржасына карап өзгөрүп турарын баамдаган.

“Бир күн мурда барганымда Улуттук банктын кассасында жүзгө жакын адам кезек күтүп туруптур. Мен саат 11лерде баргам. Касса болсо саат түшкү 3кө чейин эле иштейт экен. Ошондо дагы 12ден 1ге чейин түшкү тыныгуу бар экен. Анан, баары бир кезек жетпейт деп кетип калгам. Бүгүн барсак, баа дагы өзгөрүптүр. Бирок бүгүн деле кишинин саны көп болду. Мурда алганын кайра банкка өткөрүп, акча кылып жатышкандары бар экен ичинде. Бирок көпчүлүгү алтын алабыз деп кезек күткөндөр экен”.

"Кыргызалтын" 2024-жылдын 30-августунда чендик алтын куймаларын чыгаруучу заводун ишке киргизген. Заводдун курулушуна 320 млн сом каражат жумшалганы кабарланган.

Компания алтындын баасы динамикалык түрдө өсүп жаткандыктан, сатып алууга талап жогору болуп, дүкөндөрдөгү чендик алтын куймалар тездик менен түгөнүп жатканын, мындан улам заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун улам жогорулатып жатканын билдирүүдө.

“Биринчи дүкөнүбүз 2024-жылы сентябрда ачылган. Былтыркы сентябрдан быйылкы октябрга чейин заводдун чыгашаларын жаап, анын үстүнө дагы 335 млн сом киреше таптык. Буга чейин тесттик режимде иштеп жүргөн, кечээ расмий түрдө экинчи дүкөндү Манас 30да ачтык. Талап күн сайын өсүп атат, анткени алтындын баасы азыр кымбат болуп жатпайбы”, - дейт “Кыргызалтын” компаниясынын өкүлү.

"Кыргызстанда алтын базары өнүгүүдө"

Кардар дүкөндөрдөн сатып алган чендик куйма алтындарын ырастама документтери менен кошо өзү менен алып кетет же банк уячаларында сактай алат. Улуттук банк мурдараак тастыктама кагазын берип, алтындын өзүн убактылуу сактап берүү кызматын сунуштачу. Кийин анысын токтотуп койгон. “Кыргызалтында” да андай кызмат жок, компаниянын өкүлүнүн билдиришинче, жакынкы мезгилдерде пайда болушу мүмкүн.

Алтын куймаларды сатып алуу жана кайра сатуу баасы баалуу металлдардын эл аралык биржа котировкасынын негизинде күн сайын сом менен белгиленет.

Статистикалык маалыматтарга көз чаптырсак, Кыргызстандагы чендик алтын куймаларынын баасы жыл башынан бери 62% өстү. Маселен, Улуттук банкта алтындын бир трой унциясынын баасы январдын башында 236 миң 817 сом болсо, 21-октябрга карата 383 миң 766 сомго жетти. Бир трой унциясы 31 граммдан бир аз ашат.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев алтын дүкөндөрүн ачып, элге куйма түрүндө сатуу тажрыйбасы өлкөнүн ички базарын өнүктүрөт деп эсептейт.

“Биринчиден, бул биздин зергерлерге мүмкүнчүлүк. Биздин зергерлер мурун көмүскөдөн, же болбосо башка өлкөдөн алчу. Бул алтын өндүргөн мамлекет үчүн такыр акылга сыйгыс көрүнүш болчу. Өлчөнгөн куймаларды банктар жана жеке жарандар алат. Бул абдан жакшы нерсе, базар өнүгүшү керек. Биздин мамлекетибиз алтын өндүргөндөн кийин, бул бизге аябай жакшы көрүнүш. Анан, алтынды жыйнап көбөйтсөк, жеке жана мамлекеттик инвестиция кылсак. Жакынкы эки-үч жыл ичинде кризис күтүлүүдө, глобалдык туруксуздук айынан глобалдык инфляция күчөп жатат. Алтын биздин позициябызды күчөтөт. Мисалы, кризис өткөндөн кийин, башка өлкөлөргө караганда биздин мүмкүнчүлүгүбүз көбүрөөк болот”.

"Геосаясий чыңалуулар алтындын баасын өстүрдү"

Эксперттер Кыргызстандын алтын менен улуттук резерви бар болгондуктан, баанын өсүшү өлкөнүн макроэкономикалык позициясын бекемдей турганын белгилешет.

Улуттук банктын документтеринен көрүнүп тургандай, Кыргызстандын эл аралык алтын кору август айына карата 1 млн 295,4 унция алтынды түзөт. Бул 41,6 тоннадай болот. Улуттук банк Кумтөрдөн жана башка кендерден өндүрүлгөн алтындарды сатып отуруп, бир жыл мурда 51 тонна алтын чогулткан. Анын четинен Британияга жана Швейцарияга алып барып сатып турат.

Талдоолор көрсөткөндөй, дүйнөлүк базардагы алтын баасынын арыш алышына көпчүлүк өлкөлөрдүн алтынды ири көлөмдө сатып алышы жана эл аралык соода согушу, санкциялар, аймактык чыр-чатактар өңдүү чыңалуулар түрткү берип жаткандай. Мындай жагдайлар алтындын коргоочу актив катары баркын арттырууда.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев дагы бул жааттагы көз карашы кесипкөй талдоолорго төп келип турганын айтууда.

“Алтындын өсүшү инвесторлордун геосаясий туруксуз жаңылыктарга болгон реакциясы. Анткени, бардыгы чоң геосаясий өзгөрүштөр болуп, анын айынан бир аз оорчулук жаралат деп күтүп жатышат. Ошондуктан, алтын камдап алып, алдыдагы бир-эки жыл оор заманды күтүп туралы деп атышат. Бүт дүйнө жүзү боюнча криптовалюталар жөнгө салууга кириптер болууда. Криптовалюталарда волатилдүүлүк күчөп атат. АКШ дагы волатилдүүлүктү пайдаланып криптобазарлар аркылуу ири акчаны айландырууда. Ушул дагы салттуу инвесторлорду тынчсыздандырууда. Алар алтын, кыймылсыз мүлк жана бекем турган компаниялардын акцияларын сатып алышууда”.

Шаршеев алтындын баасы мурда-кийин мынчалык өспөгөнүнө баам салып, анын себебин глобалдык инфляция менен дүйнөлүк ири инвесторлордун мамлекеттерге ишенбегендигинен көрүп турганын белгилейт. Муну менен катар Украина, Жакынкы Чыгыш сыяктуу согуш оту тутанган окуялардын кесепети дагы ушундай көрүнүшкө алып келди деп эсептейт.

Талдоочунун айтымында, эл аралык баалар Кыргызстандын ички базарына түздөн-түз таасир кылат. Кыргызстандын базары соңку кездери эл аралык биржалар менен тыгыз байланышта иштей баштаган. Банктар дагы алтын менен операцияларды жүргүзүп, резервдерди жасап турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG