Кыргызстанда блокчейндерди өнүктүрүү жаатындагы амбициялуу пландары кандай ишке ашат?
Кыргыз бийлиги виртуалдык активдер жана блокчейндерди өнүктүрүүгө олуттуу киришкенинин бул жаатта түзүлгөн Улуттук кеңешетин жыйынында дагы бир ирет белгилешти. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан чөлкөмдөгү виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алынган жана бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүп жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири экенин айтты. Бул жааттан алганда өлкө криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турганын мисал кылды:
“Кыргызстан глобалдык финансы архитектурасындагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашып гана тим болбостон, өзүнүн, аймактык мааниге ээ моделин түзүүгө умтулган мамлекеттердин катарына кирет. Биздин өлкөнүн мындай лидерликке бекем негиз түзгөн: ийкемдүү институционалдык чөйрө, таланттуу жана шыктуу жаштар, экологиялык таза энергетикага жеткиликтүүлүк, ошондой эле мамлекеттик сервистерди жана инфраструктураны активдүү санариптештирүү сыяктуу уникалдуу артыкчылыктары бар. Бул факторлордун жыйындысы Кыргызстанды виртуалдык активдер жана Web3 технологиялары жаатында аймактык хабга айландыруу маселесин реалдуу жана жеткиликтүү кылат”, - деди президент Садыр Жапаров.
Көпчүлүк үчүн азырынча түшүнүктүү боло бербеген виртуалдык активдерди кыргыз өкмөтү өлкө экономикасын өнүктүрүүгө колдонуу керек деп эсептейт. Бул жаатта Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао учурдагы бийликтин кеңешчиси болуп жатат. Аны Садыр Жапаров санарип активдерди өнүктүрүү боюнча коомдук кеңешчи кылып дайындаган.
"Ынтымак-Ордодо" өткөн жыйынга кечээ дүйнөлүк жаңылыктардын башкы каармандарынын бири болго Чанпэн Чжао да катышты. Кечээ АКШ президенти Дональд Трамп ага ырайым бергенин жарыялаган. Чанпэн Чжао былтыр апрель айында АКШда "акча адалдоого күнөөлүү" деп табылып, төрт айга абакка өкүм кылынган болчу.
Жапаров Чанпэн Чжаого Трамптын ырайым бериши анын Бишкекке келип турган маалга туш келишин символикалуу деп атады.
“Санарип сом KGST стейблкойну менен айкалышып иштейт”
Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов санарип сом жана аны менен катар KGST деп аталган мамлекеттик стейблкойн чыгарылып жатканын, алар келечекте бири-бири менен айкалышып иштерин билдирди.
“Бул контексттен алганда өзүбүздүн стейблкойнду ишке киргизүү, мамлекеттик криптовалюталык корун түзүү жана реалдуу активдерди токендештирүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу чоң мааниге ээ болуп турат. Бул демилгелер туруктуу финансылык-санарип архитектураны түзүүгө мүмкүндүк берет. Стейблкойн боюнча айтарым, учурда акча агымына жана төлөм инфратүзүмүнө көзөмөлдү сактап калуу үчүн көпчүлүк мамлекеттер улуттук санарип валютасын жана стейблкойнун чыгарууга өтүп жатышат. Бул жаатта стейблкойн жана кыргыз сомуна бирме-бир байланган KGST санарип активин чыгаруу иши жүрүп жатат. KGST снаарип активдердин мамлекеттик реестринде катталган жана BNB Chain тармагына чыгарылган. KGST эл аралык эсептешүүлөрдө кош конвертациясыз эле колдонула берет жана келечекте снаарип сом менен айкалышмакчы. Бул анын өлкө сыртында колдонулушун күчөтөт. Стейблкойн менен KGST байланыштыруу эл аралык эсептешүүлөр жана акча которуулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү арттырат”.
Муну менен катар, Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик криптовалюталык корун түзүү аракетин көрүүдө. Криптокор алтын-валюталык корду алмаштырбайт, акча-насыялык саясатка таасир кылбайт жана валюта курсун турукташтырууга иштетилбейт. Кыргыз өкмөтү мындай кадамын дүйнөдө Bitcoin жана BNB криптовалюталарынын базасында улуттук криптокорлорду түзүү тенденциясы өсүп жатканы менен түшүндүрүүдө.
“Эл аралык эксперттердин жардамы талап кылынат”
Май айында президенттин алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн. Кеңештин алкагында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бириктирилген. Анын ишине Binance крипто экосистемасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону тартышкан.
Улуттук коопсуздук комиетитинин төрагасы Камчыбек Ташиев санарип экономика мүмкүнчүлүктөр эле эмес, тобокелдиктер менен да коштолорун эскертип өттү.
"Менин жеке баамымда, нормативдик базаны түзүүдө жана мыйзамдык актыларды иштеп чыгууда биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктар менен улуттук коопсуздукту камсыздоо маселелери эске алынышы зарыл. Бул жааттагы ар бир чечимде саясий, экономикалык, репутациялык жана санкциялык тобокелдиктерди ойлонуш керек. Өзгөчө өнөктөштөрдү тандоодо. Социалдык инженерия жана жасалма интеллект технологиялары менен байланышкан замандын чакырыктары өзүнчө көйгөй болуп турат. Бул куралдарды көбүнчө эл аралык киберкылмыштуу топтор мамлекеттик финансылык коопсуздугуна каршы колдонушат. Алдамчылардын тузагына да карапайым жарандар түшүп калышат. Ошондуктан, коопсуздук жана көзөмөл системасы санарип долбоорлордун архитектурасында башынан тарта камтылышы кажет. Бул багытта улуттук коопсузду коргандары кылмыш мыйзамдарына виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү жоопкерчиликти киргизип жатат. Криптоактивдер акча адалдоо, терроризмди каржылоо, баңгизатын сатуу жана башка бузуку иштер үчүн ашкере анонимдүү курал болуп саналат. Тергөө тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, мыйзамсыз криптоактивдерди жүгүртүүгө күнөөлүүнү жоопкерчиликке тартуу үчүн так укуктук негиз жок. Андыктан, тийиштүү лицензиясын албай туруп криптоактивдерди жүгүртүүгө - алмашуу, сатуу, кызмат көрсөтүүгө так кесе тыюу салынышы жана аны бузганга кылмыш жоопкерчилиги каралышы керек".
Улуттук банк билдиргендей, соңку үч жылда эле лицензияланган криптовалюталарды алмаштыруучулардын саны 28 эсеге өскөн. Криптовалюта менен соода кылгандар жана майнинг өндүргөндөр да көбөйүп жатат.
Экономикалык талдоочу Нургүл Акимова кыргыз өкмөтүнүн виртуалдык активдерди өнүктүрүү жаатындагы иштери сыноо режимде жүрүп жатканын, жетишпегендиктер менен кемчиликтер кадам сайын оңдолуп барса криптовалюта базарынын келечеги жарык болорун айтат.
“Мамлекеттик органдар азырынча бул системаларды сыноодон өткөрүп жатышканын моюнга алышты. Бардык иштер азыр башталуу этабында баратат, криптоэкосистема зыян алып келбеши үчүн мыйзамдык база иштелип чыгууда. Муну президент менен Камчыбек Ташиев дагы белгилешти. Талкуунун деңгээлин жана маанайды карап көрсөк, бул иштин келечеги бар деп ойлойм. Билдирүүлөр бир кыйла мазмундуу. Эл аралык эксперттер экосистеманын өзүн иштеп чыгууга эле эмес, колдонуучулардын түшүнүгү менен иштөөдө да көмөктөшөт деп ойлойм. Анткени, мында санарип сабат маанилүү ролду ойнойт”.
Кыргызстанда быйыл жыл башында эле уюшулган Grinex аттуу криптобиржа төрт ай аралыгында 9,3 млрд долларлык токен айлантканы маалым болгон. Иликтөөчүлөр аныктап чыккандай, Grinex криптобиржасы жана анда айланып жаткан токен Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган Орусияга кирген-чыккан каржы агымдарын тейлөөгө багытталган. Анда соодаланып жаткан орус рублине байланган А7А5 токени теги молдовалык, өзү Кремлдеги саясатчыларга тыгыз байланышкан чуулгандуу миллиардер Илан Шорго байланыштуу экени кабарланган. Кийин Grinex криптобиржасы да, А7А5 токени да АКШнын санкциясына кириптер болгон.
Шерине