Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

"Дача СУ - 2017-жылкы глобалдык авиациядагы эң чоң апаат"


Cаймон Калдер
Cаймон Калдер

Cаймон Калдер – Британиянын Independent гезитинин редактору. Дүйнөнү кыдырып, авиация коопсуздугу жана саякат жаатында жазган макалалары үчүн 2017-жылдын мыкты журналисти наамын алган.

"Азаттык": Саймон мырза, 2017-жыл дүйнөдө аба мейкиндиги үчүн эң коопсуз же кырсыктар аз катталган жыл болуптур.

Independent гезитине чыккан макалаңызда авиакырсыктарды анализдеп, Бишкектин сыртында болгон кырсыкты өткөн жылы адам өмүрү көп кыйылган трагедия деп жазыпсыз.

Cаймон Калдер: Бир жыл мурунку Бишкектеги трагедияда жакындарын жоготкондорду эстегенде жүрөгүм сыздайт. Мен өткөн жылдын июнь айында Бишкекке барып, окуя болгон жерди кө​рүп келдим. Ал трагедия 2017-жылкы глобалдык авиациядагы эң чоң апаат болду. Адатта учактагы жүргүнчүлөр үчүн кандайдыр бир тобокелдик бар десек, Бишкекте болгон кырсыкка жерде жашаган бейкапар адамдар кабылды.

Жүргүнчүлөрдү тейлеген авиация жүк ташыган авиацияга караганда тыкыр көзөмөлдөнөт. Бишкектеги кырсыкка ошондой жүк ташыган учак туш келбедиби.

Дача СУ. 16-январь, 2017-жыл
Дача СУ. 16-январь, 2017-жыл

"Азаттык": Жүк ташыган учактардын каттамын жөнгө салуу үчүн кандай эрежелер киргизилиши керек? Айрыкча Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келаткан өлкөлөр эмнеге көңүл бурушу абзел?

Cаймон Калдер: Албетте, бул жерде бардыгы эрежелерден көз каранды. Бишкекке учкан жана ал аркылуу башка жерлерге кеткен авиакаттамдарды аткаруунун жаңы эрежелери киргизилиши керек. Ал эрежелер кынтыксыз жана үзгүлтүксүз аткарылышына көз салуу зарыл.

Айрыкча өнүгүп келаткан өлкөлөрдө эрежелерди так сакташпайт. Бишкектеги окуяда кайсы эреже кандайча бузулганын майда-чүйдөсүнө чейин иликтеген жокмун. Эл аралык прессада белгисиз бир компаниянын учагы эл көп жашаган аймакка кулап түшкөнү, андан адамдар набыт кеткени чоң трагедия деп сыпатталган.

"Азаттык": Бул каргашадан кийин Москвада жайгашкан Эл аралык авиация комитети иликтөө жасап, учкучтардын айынан самолет кырсыкка кабылган деген бүтүмгө келген. Авиация тармагын караган башка эл аралык уюмдар бул кырсыкка эмне үчүн көңүл бурушкан жок?

Cаймон Калдер: Жүргүнчүлөрдү тейлеген авиацияга баш кеңсеси Монреалда жайгашкан Эл аралык жарандык авиация уюму көз салып турат. Жүргүнчүлөр кабылган кандай гана авиакырсык болбосун бул уюм тарабынан иликтенип, ага эмне себеп болгону ийне-жибине чейин каралат.

Ал эми жүк ташыган учак кырсыкка кабылып, анын айынан жерде канча киши өмүрүнөн айрылса дагы, ал жүк ташыган учак деп каралат. Албетте, авиажүргүнчүлөр менен жерде жашаган адамдардын өмүрү бирдей деп бааланса дагы – бул жерде эреже ушундай жазылып калган.

Бишкектеги окуя эл аралык коомчулукта, керек болсо Улуттар Уюмунун алкагында каралышы зарыл эле. Эл аралык коомчулук карапайым адамдардын өмүрүн алган кырсыкка көңүл буруп, андай каргаша кайталанбашы үчүн эмне сабак алабыз деген маселени талкуулашы керек болчу. Улуттар Уюму ошончо киши өлгөн окуяны тиешелүү деңгээлде иликтөө маселесин көтөрүшү турган иш болчу.

"Азаттык": Эл аралык коомчулук өз көзөмөлүнө алган мындай мисалды айта аласызбы?

Бишкектеги окуя эл аралык коомчулукта, керек болсо Улуттар Уюмунун алкагында каралышы зарыл эле.
Саймон Калдер

Cаймон Калдер: Салыштыра турган оңтойлуу бир мисал – малайзиялык МН370 каттамындагы учак. Жүргүнчүлөрдү ташыган учак эмне себептен кырсыкка кабылганы азыркыга чейин белгисиз. Андан бери төрт жылга жакын убакыт өтсө да, дүйнө жүзү боюнча иликтөө токтогон жок. Австралияда, Малайзияда, Кытайда табышмактуу окуя эмнеден болгонун иликтеп жатышат. Мамлекеттер эң жогорку деңгээлде кызматташып, токтоосуз иш жүргүзүлүп келет.

Албетте, эки жүздөн ашуун жүргүнчүсү менен жоголгон учакка көңүл көп бурулары талашсыз. Бирок мен муну менен учактагы адамдардын өмүрү жердеги кишилердин өмүрүндөй эле баалуу экенин айткым келип жатат. Кандай гана жагдай болбосун, адам өмүрү кымбат.

"Азаттык": Адам өмүрүн алган авиакырсыктарды азайтуу үчүн кандай коопсуздук чаралары көрүлүшү керек?

Cаймон Калдер: Жүргүнчү ташыган учак болобу же жүк ташыганы болобу коопсуздук боюнча стандарттардын баарына төп келүүсү керек. Учактын абалы мыкты болсун, бардык техникасы, кыймылдаткычы талапка толук жооп берсин, көзөмөлдөөчү жабдыктар, авионика, электроника системалары кынтыксыз иштесин, анан куйган майдын сапаты жогору болушу зарыл. Бишкектеги кырсыкта мына ушулардын эмнесинен кемтик кеткенин тилекке каршы, биз эмдигиче билбейбиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG