Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

"Дөө Чыңгыздын" карааны: Күч органдарынын алын сынаган операция


Чыңгыз Жумагуловду кармоо учуру. Сүрөт 2019-жылы жарыяланган.
Чыңгыз Жумагуловду кармоо учуру. Сүрөт 2019-жылы жарыяланган.

Күч органдарынын Көк-Жар айылындагы ийгиликсиз операциясынан бери төрт күн өттү. Бирок атайын кызматтын кимди кармоого аракет көргөнү, качып кеткен кара түстөгү машиненин ичинде кимдер болгону расмий айтылбай жатат. Ал эми журналисттердин маалыматы такыр башка.

Интернетке тараган видеодо Көк-Жар айылындагы “Фрунзе” дүкөнүнүн тушунда бараткан кара түстөгү “Гелендвагендин” алдын тороп токтогон кичи автобустун ичинен атайын кийимчен кишилер чуркап чыкканын, бирок машине токтобой кеткенин көрүүгө болот.

Формачандар курал кармап жүргөнү да байкалат. Тасмадан ок атылганы байкалбайт. Бирок куралдын үнүн уккан адамдар болгон.

Окуя болгон жерге алгачкылардан болуп барган “Кактус Медиа” агенттигинин журналисти Марат Уралиев кара машинеде кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов болгонун, аны кармоого аракет кылгандар УКМК кызматкерлери экенин айтууда.

Марат Уралиев.
Марат Уралиев.

“Мендеги маалыматтар боюнча, булар бир кафенин ээсинен 100 миң доллар доолап жүрүшкөн. Ал арыз жазган экен. Атайын кызмат анын негизинде кармайын деген аракети ишке ашпай калды. Окуя болгон жердеги күбөлөр спецназ ок чыгарганын айтып жатышат. Бирок Чыңгыз Жумагуловдун машинесине ок өтпөйт экен. Ал өзүнүн айылына, Ичке-Сууга качып кетиптир. Айылга барганда Жумагуловдун үйүн 20 чакты жигит тегеректеп жүргөнүн көрдүк. Сурасак айыл тургундары экенин айтышты”.

"Чыңгыз Жумагулов качып кетти" делген күнү интернетте ички иштер министринин орун басары "Нурбек Абдиевдин атынан жазылган багыттык маалымкат" деген сүрөт тараган.

Анда 8-июлда кечки саат алты чамасында УКМКнын кызматкерлери “Дөө Чыңгыз” деген каймана аттуу Чыңгыз Жумагуловду кармоого аракет кылганда алар каршылык көрсөтүп, белгисиз жакка качып кеткени жазылган жана аларды кармоого багыт берилген.

Жумагуловдун сүрөтү бар кагазда “Кармоо учурунда мүмкүн болушунча сак жана этият болуу керектиги, шектүүлөр курал менен каршылык көрсөтүшү ыктымал” экени эскертилген.

ИИМдин басма сөз катчысы Тилек Оторов аталган документтин юридикалык күчкөө ээ эместигин айтат.

Тилек Оторов
Тилек Оторов

“Өзүңүздөр көрүп тургандай, бул кагазда каттоо номери, датасы жок. Ошондой эле министрдин орун басарынын колу коюлган эмес. Ошондуктан документ юридикалык күчкө ээ эмес”.

Тилек Оторов “Азаттыктын” “Ички иштер министрлиги Көк-Жар айылындагы окуяга катыштыбы?” деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартты.

Буга чейин Чыңгыз Жумагуловго байланыштуу окуя тууралуу УКМК да билдирүү тараткан. Анда журналисттер жазып чыккан окуялардын көбү четке кагылган. Бирок уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо аракеттери болгонун жашырган эмес.

“2022-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Ч.Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгону тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырат”, - деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

УКМК менен ИИМдин билдирүүсү соңку операцияга байланыштуу суроолорду күчөтүп жатат. Анткени атайын кызматтын кылмыштуу топтун кайсы мүчөсүнө капкан салганы, азыр аны издөө иштери токтотулганы же уланып жатканы белгисиз болууда.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыров бул окуя күч органдарына көө жапканын айтып жатат.

Кубанычбек Кадыров
Кубанычбек Кадыров

“Мен билгенден күч органдарына кылмыштуу топтун мүчөсүн кармоо маселе жаратпашы керек. Операция толугу менен пландалгандан кийин ишке ашат. Кимдир бирөөнү кармаш үчүн кылмыш иши козголушу керек, аны кармоого соттун санкциясы болушу абзел. Ошон үчүн Чыңгыз Жумагуловдун аты аталган окуя спектаклге окшоп калганы айтылууда. Окуя жалпыга жарыяланып кетти. Эми тиешелүү органдар түшүнүктүү билдирүү таратышы керек. Эгер күч түзүмдөрү криминалга алы келбей отурса, анда жарандарды кантип коргойт?”.

Атайын кызмат апрель айында Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар делген үч адамды кармаган.

УКМКнын маалыматында, алар бир адамды уурдап кетип, ижарага алынган батирде кармап турганы жазылган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө “Кун төлөп берүү же башка жеке кызыкчылык үчүн адам уурдоо” фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик башындагылардын “Дөө Чыңгыз” боюнча пикири бир эмес экенин айтып жатат.

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

“Бийликтин ичиндеги карама-каршылыктар да. Жумагуловдун аты аталган окуя бири-бири менен макулдашылбай жасалган иш деп ойлойм. Ача пикирдин бар экени ушундай учурда билинип калып жатат. Биринчи күнү кармоого аракет болгону айтылса, андан кийин маалыматтар төгүндөлүп атат. Негизи эле күч органдарынын ишине суроо көп”.

“Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов 41 жашта. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени, Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында жашай турганы айтылып келет. 2016-жылы Жумагуловдун үйүн тинтүү үчүн барган милиция кызматкерлери каршылыкка кабылып, “Дөө Чыңгыздан” тарапташтары алардын жолун бууп салышкан.

Камалганынан бошотулганы бат Жумагулов


Чыңгыз Жумагулов буга чейин бир нече жолу соттолгон. 2016-жылы адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген айыптар боюнча күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошонуп чыккан.

Мындан көп өтпөй 2019-жылы Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Соттун жүрүшүндө Жумагулов эки берене боюнча акталып, “Бейбаштык” беренеси менен беш жылга кесилген. Анткени эки адамдын өлүмү боюнча ишти Жумагулов менен кошо кармалгандар моюнуна алган. Жыйынтыгында тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелип, 2021-жылы 10-июлда камактан чыккан.

Криминалга байланыштуу макалаларды жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу Чыңгыз Жумагулов боюнча мындай деди:

“Дөө Чыңгыз” Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, ишенген он баласынын бири. Чүйдөгү иштердин көбүн ушул Жумагулов бүтүрөт. Окуянын өнүгүшү сүйлөшүүлөргө көз каранды. Эгер камай турган болушса, анда бат эле кайра чыгарышы да мүмкүн. Себеби, криминал бийликке керек. Мындай көрүнүш болгон жана боло берет. Криминалдык топтун өкүлдөрүн революция учурунда пайдаланышат. Соңку учурда майдаланып, бийликке каршы пост жазган блогер, активист, ырчыларды коркуткан учурлар болуп атат”.

2019-жылы Чыңгыз Жумагулов баштаган топтун колунан каза тапты делген эки жаран криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну кримтөбөл Камчы Көлбаев менен кылмыш чөйрөсүндө “Сакал” деген каймана атка конгон Улан Токтосуновдун тиреши экенин айтышкан.

2019-жылы интернетте тараган видеодон скриншот. Анда Жумагуловго окшош адамдын кара түстөгү "Гелендвагенден" түшкөнүн көрүүгө болот.
2019-жылы интернетте тараган видеодон скриншот. Анда Жумагуловго окшош адамдын кара түстөгү "Гелендвагенден" түшкөнүн көрүүгө болот.

Ошол жылы интернетте үрөй учурган видео тараган. Анда белгисиз эки жаран башка эки баланы сабап, андан кийин машинеге салып кеткенин көрүүгө болот. Видеонун башталышында кара түстөгү “Гелендвагенден” түшүп келген Чыңгыз Жумагулов экени айтылган. Күч органдары бул тасма тууралуу комментарий берген эмес.

Милициянын 2019-жылдын декабрындагы расмий маалыматына караганда, Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдин кылмыш тобунун 421 мүчөсү бар.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин кылмыштуу топтор менен аёосуз күрөш болорун айткан.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Түштүктө өзүнчө, түндүктө өзүнчө мафия бар. Бири мыйзамдагы ууру, экинчиси "положенец" болуп, керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга басым кылып, мамлекеттик ишканаларга кол сала баштаган. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби же башкасы башын көтөрүп көрсүн, жанчыйбыз. Бир дагы уюшкан кылмыштуу топ башын көтөрө албайт".

14-июнда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин дагы бир көздөй адамы, "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов соттон акталган. Аны УКМК 2021-жылы кармап, “Жерди мыйзамсыз басып алуу” жана “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу” деген эки берене менен айыптаган. Досоновго козголгон иштин кыскарып кетиши коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, бийликтин криминал менен күрөшүн сындагандар көп болгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө байланыштуу мыйзамды өзгөртүү керектигин айтып жатат.

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

“Соңку бир-эки жылдан бери уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш токтоп калгандай. Күч органдары аракет кылып кармап келет. Бирок соттон кримтөбөлдөрдүн мөөнөтү кыскарып, бир-эки жылда абактан бошотулат. Биз 2013-жылы мыйзам кабыл алганбыз. Ага ылайык, ИИМдин атайын каттоосуна алынгандар абактагы мөөнөтүн толук өтөп чыгыш керек эле. Бирок аны ишке ашырууга тоскоолдуктар көп экен. Ошол эле соттун чечими керек болот. Ошон үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизбесек, криминал менен күрөштө өзгөрүү болбойт”.

Соңку жолу 2013-жылы "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Жаңы мыйзамда негизги аныктамалар менен түшүнүктөр кыйла кеңейген жана беренелердин саны 19дан 35ке чейин көбөйгөн. Маселен, милициянын "каралар" тууралуу ыкчам тизмеси, аны түзүүнүн жол-жобосу мыйзамдаштырылган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG