Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:02

Криминалды бийликке аралаштырбоо аракети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн шайлоого катышуусун чектеген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, аталган топтун мүчөлөрү өлкө президенттигине, парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлана албайт.

Министрлик жалпы үч мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Алар «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдары.

Документ өкмөттүн сайтына жарыяланды. Анда кылмыштуулукка каршы күрөштүн жаңы механизмдери каралган.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде учурдагы экономикалык, саясий туруксуздуктун шартында уюшкан кылмыштуулук барган сайын таасирдүү болуп баратканы белгиленет.

Ошондой эле алар социалдык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, кылмыш жолу менен тапкан акчаны адалдаштырып, коомдук-саясий партияларга, кыймылдарга, бирикмелерге кирүүгө, шайлоо алдындагы үгүт иштери аркылуу каржылоого умтулуп жатат.

“Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этабында уюшкан кылмыштуулук көйгөйү өтө курч, эртерээк чечүүнү талап кылган маселелердин бири болуп саналат. Бул социалдык-криминалдык көрүнүштүн актуалдуулугу уюшкан кылмыштуулук өтө кооптуу көрүнүш экендиги менен шартталат. Уюшкан кылмыштуулуктун өсүү масштабы мамлекеттин жана коомдун коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат, анткени ишенимдүү ченемдик укуктук базанын жоктугунан пайдаланып, бийликтин жогорку бутагына кирүү менен өз позицияларын бекемдейт”, - деп жазылган.

Жогоруда айтылган себептер бул мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга негиз болгон. Анын негизги багыты соттуулугу бар, анын ичинде уюшкан топтордун жана кылмыштуу уюмдардын курамында жана алардын кызыкчылыгы үчүн кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу алынган же жоюлган, ошондой эле уюшкан топтордун жана кылмыштуу уюмдардын лидери, мүчөсү катары борборлоштурулган каттоодо тургандар президент жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбошу керектиги айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш оңой эместигине токтолду.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Былтыркы парламенттик шайлоодо уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү ар кайсы партиялардын тизмелерине кирип талапкер болушкан. Бирок ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан алар депутат боло алышкан жок. Ошол эле кезде азыркы иштеп жаткан парламентте да уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү отурат. Тилекке каршы алардын аттарын ачык атай албайм. Бирок алар өз өкүлдөрүн министрликтерге алып барбаса да таасирлүү кызматтарга сүрөйт. Ал эми Жогорку Кеңеште алар жөнүндө катуу сындар айтылбайт. Анткени депутаттардын көбү алардан коркушат. Мен ИИМдин демилгесин колдойм. Бирок бул кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн кичинекей эле кадам”.

Учурда иштеп жаткан парламенттин 6-чакырылышынын депутаттарынын арасында мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени айтылып эле жүрөт. Ал эмес, кримчөйрөгө тиешеси бар деп үч-төрт депутаттын аты да аталган.

Мыйзам боюнча, уюшма кылмыш топтун мүчөсүн аныктаган чечимди сот гана аныктайт. Бирок Кыргызстанда сот аркылуу мындай макам алгандар тууралуу расмий кабар жок.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев буларды айтты:

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

“Учурда баланча кылмыштуу топтун мүчөсү бул министрликке келди же министр болуп иштеп жатат деген конкреттүү далил жок. Андай болсо ИИМ анын аты-жөнүн ачык айтып бериши керек эле да. Жөн эле аргумент менен жалпылап айтып коюш ИИМ үчүн туура эмес. Кадр кызматынын мурдагы жетекчиси катары аткаруу бийлигинде кылмыштуу топтордун мүчөлөрү иштеп жатканы тууралуу маалыматым жок. Коомчулукта мындай сөздөр айтылып жатканы менен конкреттүү фактыны көрө элекмин. Бирок ИИМ көтөрүп жаткан демилге абдан туура. Анын ичинде кылмыштуу топко кимдер кирери жана кандай аныкталары так болушу керек”.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков кылмыштуу топтордун мүчөлөрү парламентке келгенден кийинки кесепеттерине токтолду.

“Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү парламентте отурса алар тартип коргоо органдарынын ишине кийлигишүүсү мүмкүн. Балким милиция кызматкерлери майда кылмышкерлерди кармаса “чыгарып кой” деп басым жасашы мүмкүн. Мындан башка да көп маселелер бар. Ошондуктан уюшма кылмыш топторунун мүчөлөрү мамлекеттик иштерден оолак болгону эле жакшы”.

ИИМ сунуштаган мыйзам долбоору бир айдан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Эрежеге ылайык, парламенттин үч окуусунда колдоо таап, президент кол койсо гана күчүнө кирет. Ал эми 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнү турат. Ал азыркы иштеп жаткан шайлоо мыйзамынын негизинде өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоого катышкан талапкерлерге коюлган айрым талаптарга токтолду.

“Соттуулугу болбошу керек. Ал эми уюшкан кылмыштын мүчөсү деген бүтүмдү аныктаган соттун чечиминин негизинде талапкер кылып каттоо тартиби аныкталат”.

ИИМ 2020-жылы киши өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, адам уурдоо, опуза, талап, каракчылык сыяктуу оор кылмыштар менен 127 уюшкан кылмыштуу топко таандык тараптар кармалганын кабарлаган.

Мындан бир нече жыл мурда ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамдардын толук тизмесин жарыялаган. Ошол учурда анын катарындагы жыйырмадан ашуун киши бир нече жергиликтүү кеңештерде жана шаардык кеңештерде депутат экени ачыкка чыккан. Алардын айрымдары депутаттыктан ары айыл өкмөт башчылыгына да шайланышкан.

XS
SM
MD
LG