Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Коронавирус кайталап жугар-жукпасы арсар


Вирус жугуу коркунучу азыр деле бар.
Вирус жугуу коркунучу азыр деле бар.

Кыргызстандын башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев COVID-19 вирусу көпкө чейин экинчи жолу жукпайт деп эсептейт. Бирок бул теорияны колдобогон башка дарыгерлер да бар.

Ал арада Кыргызстанда коронавирус жуккандар расмий эсепте 40 миң адамдан ашты. Ал эми расмий эмес көрсөткүчтөр мындан да көп экени айтылып келе жатат. COVID-19 илдети менен бир жолу ооруган адам экинчи ирет оорушу мүмкүнбү?

Бишкектик Сырганын абысыны июнь айынын аягында жыт билбей, дене табы көтөрүлүп, ооруп айыккан. Бир айдан кийин ал кайрадан ооруп, эки өпкөсү кагынып, күчтүү дарыларды сайдырууда. Бул ирет коронавируска экинчи жолу чалдыктымбы деп шектенип жаткан чагы. Сырга абысыны тууралуу:

«Арадан 30 күндөй убакыт өткөндөн кийин «кайра экинчи жолу жугузуп алдым окшойт» деп азыр ооруп жатат. Биринчи ирет оруганда бизге деле айткан эмес, жеңил формада болгон окшойт. Ал эми бул жолкусунда ички органдары катуу жабыркап, күчтүү дары-дармек сайдырууга аргасыз болуптур. Негизи тест тапшырып, аныктаган деле жок. Ооруканага барбай эле, үйүндө дарыгердин кеңешин онлайн алып эле дарыланып жатат», - деди.

Массалык маалымат каражаттарында бир нече күндөн бери Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирусту дарылоо боюнча илимий консультативдик кеңешинин төрагасы, өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин «вирус экинчи жолу жукпайт» деп айтканы көп окулууда. Профессор Сооронбаев кайсы изилдөөлөрдүн негизинде мындай тыянак чыгарганын «Азаттыкка» төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

«Ооруп айыккан кишиде коронавируска карата иммунитет пайда болот. Ошондуктан адам экинчи жолу бул вирус менен оорубайт. Адамдын иммундук системасы бул вирусту бир ооругандан кийин таанып калат. Бирок азыр канча убакытка чейин бул иммунитет сакталып турат деген суроого так жооп жок. Ошентсе да бир топ адистер, айрыкча башка мамлекеттердеги кесиптештерибиз бул иммунитет көпкө созулушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Анткен менен убакыт өткөн сайын иммунитеттин күчү азая берет».

Азырынча экинчи ирет ооругандар жок

Кыргызстандагы ооруканаларга вирус кайталанып жуккан бейтаптар азырынча кайрыла элек. Дарыгерлер буга вирустун жугуу айлампасы Кыргызстанда өтө аз убакытты алганын айтышат. Ага карата туруктуулук, антитело иштелип чыкты же чыкпады деген жыйынтыкка келиш үчүн дагы бир нече ай өтүшү керек.

Гүлжигит Аалиев.
Гүлжигит Аалиев.

Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасынын директору, инфекционист Гүлжигит Алиев «экинчи жолу вирус жукпайт» деп 100% кепилдик берүүгө мүмкүн эмес деген ойдо.

«Эч ким вирус экинчи жолу жугуп калбайт деп 100% кепилдик бере албайт, - деди ал. - Ар бир адамдын иммундук системасы ар башка. Азыр Кытай баштаган бир катар өлкөдөгү окумуштуулар вирус улам кайталана берерин далилдеп жатышпайбы. Кудайга шүгүр, бизде азырынча кайра кайрылып, ооруп калгандар боло элек. Бирок кайра жугат деген коркунуч бар. Андыктан ар бир адам сак болушу керек. Вируска карата организм кандай реакция кылары белгисиз».

Толук далилдене элек

Дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулар дем алуу органдарынын курч сезгенүүсүн козгогон вирус улам өзгөрүп, мутация болгондуктан, ага карата антитело маселеси дагы эле талаштуу деп эсептешет.

Апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) адам экинчи ирет COVID-19 оорусун жугузушу мүмкүн деген нускама чыгарган. 8-июлда АКШда чыккан «​Wall Street Journal» басылмасы Корея, Европадагы вирусту бир нече ирет жугузуп алган, антителосу жок болуп чыккандар тууралуу атайын илимий иликтөөнү чыгарды.

Түркиядагы профессор-микробиолог Зафер Гөнүлалан коронавирусту экинчи ирет жугузуп алуу адам организми үчүн кооптуу экенин эскертти:

«Бул - денедеги бир топ органдарды талкалаган вирус. Негизинен азыр өпкө, дем алуу органдарынан эле жабыркап жатышпайбы. Бирок боорго, бөйрөккө, жүрөккө, мээге да оор таасир калтырат. Азырынча анын туруктуулугу канча убакытка созулары иликтене элек. Беткапты чечпей, аралыкты сактап, колду таза жууганды улантып, эл көп чогулган жерге ооруп айыккандар деле барбай турганы оң. Айрым кесиптештерим биринчи ооругандан кийин кайра вируска кабылган учурлар болду. Кийинкисинде киши катуу жабыркайт экен».

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 10-августтагы билдирүүсү боюнча бир суткада илдет 258 кишиден табылды. Жалпысынан оору жуккандар 40 177 болуп, 32 229у айыкты. Бир күндө алты киши каза тапты. Өлгөндөрдүн жалпы саны - 1 474 киши.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG