Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Кытайды кыйнаган илдет АКШга да тез тарады


АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кеме-госпиталы Нью-Йоркко келди. 30-март, 2020-жыл.
АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кеме-госпиталы Нью-Йоркко келди. 30-март, 2020-жыл.

Кытайдын Ухань шаары кадимки турмушка кайтып жаткан кези. 11 миллион калктуу шаарда поезд жүрүп, эки айдай өкүм сүргөн катаал эрежелер алына баштады. АКШ COVID-19 вирусу эң көп тараган өлкөлөрдүн сап башына чыкты.

Дүйнөнүн үшүн алган пандемиянын очогу - Ухань кадимки жашоо ыргагына кайта баштады.

Эки ай бою шаар сырткы дүйнөдөн бөлүнүп, 11 миллион эл үйдө камалып отурду. Эми поезд жүрүп, машинелер каттап, шаарга жан кирди. Оор сыноодо бири-биринен ажырап калган үй-бүлөлөр бириге баштады.

Алардын бири 19 жаштагы студент Гуо Лянькай үч айдан кийин Шанхайдан өз үйүнө кайтып келди. "Энемди көрүп, ушунчалык кубанып турам. Чуркап барып кучактагым келди, бирок бул өтө кооптуу", - деген жигит Кытайда ​абал жакшырып келатканы менен "вирусту толук жеңе элекпиз" деген ойдо.

Кытайда СОVID-19 вирусуна чалдыккан 81 миңдей кишинин 80% Уханда жашайт. Шаарда коронавирусту жуктурган соңку бейтап 23-мартта катталган. Ага карабай, коомдук жайларда адамдардын дене табын текшерүү дале күчүндө.

Анын себебин дем алуу органдарынын илдеттерин изилдеген окумуштуу Чжун Наньшань «оорунун симптомдору сезилбеген адамдар көп. Алардан башкаларга жугуп, бейтаптардын саны кайра көбөйөт" деп түшүндүрдү.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө коронавирус жугузгандардын 90% сакайып кетти. Ошол эле маалда Бээжиндин бийлиги 25-марттан тарта башкалаага келгендерди 14 күндүк карантинге алуунун шарттарын дагы күчөттү. Мунун менен кытай өкмөтү эпидемиянын экинчи толкунуна каршы туруп, эми вирусту сырттан жугузуп келгендерге бөгөт коюунун аракетин көрүп жатат.

Ал тапта Америка Кошмо Штаттары COVID-19 вирусу эң көп тараган өлкөлөрдүн сап башына чыкты. 30-мартта ооруну жуктургандардын саны 160 миңден өтүп, үч миңден ашуун киши көз жумду.

Кырдаал курчуп баратканына байланыштуу президент Дональд Трамп коронавирустун жайылышын токтотуу чараларын 30-апрелге чейин узартты. Президент алдыдагы эки апта өтө маанилүү экенин баса белгиледи. "Азырынча жеңишти оозанбай тууралы. Алдыңкы эки аптада ар бир киши айтылган чараларды сактаганы өтө маанилүү. Силер канчалык эрежени так кармасаңар, бул алаамат ошончолук тез бүтөт", - деди америкалык лидер.

Ушул тапта АКШнын чоң шаарларындагы ооруканаларга түйшүк түштү. Нью-Йорк, Чикаго жана Лос-Анжелесте мэр-губернаторлор бейтаптар үчүн кошумча жайларды камдап жатат.

Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо өлкөдөгү медайымдар менен дарыгерлерди өз штатына чакырып, эпидемия менен кармашта жардам берүүгө үндөдү. "Бул кармаштын аскерлери - биздин медиктер" деди Куомо. – Бизге бир аз тыным алуу зарыл. Медайымдар 12 сааттан иштеп жатат. Дарыгерлер да тыным алышы керек. Бизге жардам бергиле".

Дүйшөмбүдө АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кеме-госпиталы Нью-Йоркко сүзүп келди. Шейшембиден баштап бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Калифорниянын губернатору Гейвин Ньюсом штатка бейтаптар үчүн 50 миң орун керек болорун эскерткен. Адистер белгилегендей, өлкөнүн батыш жээгинде коронавируска чалдыккандар бир нече аптадан кийин көбөйүшү мүмкүн.

Вашингтондун мэри Мюриэль Баузер башкалаанын тургундарын өтө зарылчылык жок болсо үйдөн чыгарбай кармоого буйрук чыгарды.

Документте «буйрукту аткарбагандар ким болбосун мыйзам бузган деп табылып, сот аркылуу 5000 долларга чейин айыпка же 90 күнгө чейин камалышы мүмкүн», – деп айтылат.

Вашингтондогу Аллергиялык жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институт Кошмо Штаттарда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 100 миңден 200 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин эскертти.

Вашингтондогу Калктын саламаттыгына көз салган институттун директору Крис Мюррей кырдаалды адистер кандай баалап жатканына токтолду.

"Апрелдин 2-аптасында медициналык мекемелерге кайрылгандардын саны туу чокусуна жетери күтүлөт. Ага чейин ооруканаларда, анын ичинде интенсивдүү дарылаган бөлүмдөрдө орун калбай калат. Штаттарда жагдай ар кандай болсо да, жалпы өлкөдө кырдаал абдан оорлойт. Апрелде көз жумгандардын саны да өсүп, анан басаңдайт" - деп түшүндүрдү Крис Мюррей.

Жон Хопкинс атындагы университеттин маалыматына караганда, 31-мартка карата АКШда коронавируска 164 миңден ашуун киши чалдыккан. Андан 3100 адам көз жумду, 5764 киши айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG