Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:40

Чет элдиктер Ысык-Көлдөн мүлк алса баа өсөбү?


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген мыйзамга кол коюлду. Бул мыйзамды кабыл алуу убагында кызуу талкуу жаралган. Жаңы мыйзамдын мааниси жана коомдогу пикирлер тууралуу сөз кылабыз.

18-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон документ "Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзам деп аталат.

Анда жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттерин чет өлкөлүк жарандарга жана юридикалык жактарга жеке менчикке берүүгө багытталган түзөтүүлөр каралган.

Ошондой эле рекреация объекттери катары пайдаланылган жер тилкелери Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте убактылуу пайдаланууга бериле турганы белгиленген.

"Кыргыз жери чет элдиктерге сатылып кетет"

Мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бакыт Сыдыков.

Парламенттик комитетте каралып жатканда депутат Балбак Түлөбаев мыйзамдын маани-мазмунун мындайча түшүндүргөн эле.

“Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунан тышкары бардык жерлерде чет өлкөлүк жарандар мүлк алганга укуктуу. Кандайдыр бир себептер менен Ысык-Көл облусунда гана мүлк алганга укук берилбей калган. Илгери кандай себептер болгонун изилдесем, Бостериде бир чатак чыккан дейт, ошондон кийин алынбай калыптыр. Азыр Ысык-Көл облусунда чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасында жерге ээлик кыла албайт, жер сатылбайт. Бул Жер кодексинде да турат. Жердин үстүндөгү мүлккө гана уруксат берилет. Мисалы, Түркиянын, Орусиянын жарандары, арабдар, америкалыктар, канадалыктар келип Бишкекте жер алып, мүлктү салып, үстүндөгү мүлктү сатып кете алат. Бирок жерди сата албайт. Мындайлар көп. Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде, бардык жерде бар, Ысык-Көлдө гана уруксат берилген эмес. Ошон үчүн ушул мыйзам алып келинип жатат”.

Түлөбаев аймакта жогору кирешелүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик тармакты түзүү үчүн заманбап инфратүзүмдү өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген. Анын пикиринде, мыйзам Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймактарын өнүктүрүү үчүн инвестиция алып келүүгө шарт түзөт. Ошондой эле сапаттуу туристтик тейлөөгө болгон суроо-талапты канааттандырып, бюджетке киреше алып келет жана жаңы жумуш орундарын ачат.

Мыйзамда сатууга уруксат бериле турган мүлктөрдүн аныктамасы берилген. Ага ылайык, “рекреация объекттери менчигинин формасына, ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун укуктук формасына карабастан, эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу рекреациялык-мейманканалык кызматтарды, ден соолукту чыңдоо, жашап туруу, эс алуу, туризм боюнча кызматтарды көрсөтүүчү Ысык-Көл биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттеждик шаарчалар, конок үйлөр жана башка объекттер кирет”.

Арийне, депутат Султанбай Айжигитов мыйзамдын түпкү максаты Баш мыйзамга, Жер кодексине жана эл аралык укуктук нормаларга ылайык келбей калганын айтып, ал кабыл алынса, Ысык-Көл аймагынан жерди сатууга жол ачылат деген пикирин билдирген:

“Жер үстүндөгү мүлктөр жөнүндө сөз болуп жаткан жок бул жерде. Силер рекреация объекттерин сатып жатасыңар. Рекреация объекттери деп жердин өзүн, эс алуу жерлерин айтат. Ошол эс алуу жерлерине жер, тоолор, суулар, токойлор - ошонун бардыгы кирет. Силер азыр бул жерде рекреация объекттери деп туруп жерлерди, болгондо да эс алуу жерлерин сатып жатасыңар. Жердин өзүн сатып жатасыңар. Бул объективдүү аныктама эмес, объективдүү аныктама боюнча рекреация объекттери деп так ошол эс алуу жерлерин айтат. Ошол жерде сууларды, карды, тоолорду, токойлорду ж.б. – жердин так өзүн айтат. Болгондо дагы силер эң жакшы жерлерди сатканы жатпайсыңарбы. Эмнеге башты айлантасыңар? Жөн эле саткыбыз келип жатат дебейсиңерби андан көрө? Андан көрө ошол жерди сатып туруп, бизнес кылыш керек дебейсиңерби?”

Демилгечилер мыйзам долбоору Кыргызстанга инвестиция тартууну көздөй турганын айтып, “жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин” билдиришкен.

Депутаттар Султанбай Айжигитов менен Гуля Кожокулова документтеги рекреациялык аймактардын тизмесин тактоо, алардын катарынан жер аянттарын алып салуу жана оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, оңдоп чыгуу сунушун беришкен.

"Чет элдиктер көчүп келе баштаса, коомдо чыңалуу жаралат"

Бул мыйзам коомдо талкуу жаратып, туристтик объекттер менен кошо мамлекеттин менчиги болгон жердин өзү дагы чет элдиктердин менчигине өтүп кетет деген кооптонуулар айтылып келет.

Каракол шаарынын тургуну Руслан Абдыраимов чет өлкөлүктөр жакшы жерлерден мүлктөрдү сатып ала баштаса, Ысык-Көлдө баалар өсүшү мүмкүн деп болжолдоп жатат:

“Ысык-Көл аймагынан кыймылсыз мүлктү сатууга мен каршымын. Анткени, биринчиден, кыймылсыз мүлктүн кымбаттоосуна алып келет. Ансыз деле кымбат болуп турганда кыргыз эли, биз, үйү жоктор, мүлктү сатып ала албай калабыз. Аябай дуу болуп, батирлер, үйлөр кымбаттайт. Анын үстүнө, чет элдиктер жакшы жерлерди алып, ээлеп калганга аракет кылат да. Өйдө жактан, суунун башынан, жакшы-жакшы жерлерден. Алардын баарын кийин ээлеп калат, анан өздөрүнүн үй-бүлөсүн, туугандарын алып келет. Чет элдиктерге өздөштүрүлбөгөн, бош жерлер бар го – “Асман” шаарын салабыз деп атпайбы – ошол жакта салдырып, иштетсе болот. Мындай пансионаттарды сатып алганга, шаардын ичинен чоң-чоң мейманканаларды, жер үйлөрдү, батирлерди сатканга мен каршымын”.

Караколдун дагы бир тургуну Нурмат Шайыкеев мыйзамдык уруксат Ысык-Көлдүн аймагындагы рекреациялык мүлктөрдү коңшу өлкөлөрдүн жарандары көбүрөөк сатып алат деп эсептейт. Ал мындай жагдай Кыргызстанда чыңалууну жаратышы мүмкүн экенин айтты:

“Мисалы, чет өлкөдө – Түркияда, Болгарияда, Грекияда, Орусияда ушундай мүлктөр чет элдик жарандарга сатылып жатпайбы. Алар күчтүү мамлекеттер. Эртең өзүнүн кызыкчылыгы болгондо акырын сатып алынган мүлктөрдү жокко чыгарып коюшу мүмкүн. Мисалы, ошол эле грек бул жактан мүлк албайт. Бизден сатып алуучулар негизинен кытайлар болот. Аларды кийин чыгарыш кыйын болот. Мисалы, Түркияда үй-жайы бар түрктү бул жакка алып келип, мүлк алдыра албайсың. Эмне үчүн дегенде, анын өзүнүн Түркияда жакшы жерлерде үйлөрү бар. Бул жактан алганга анын муктаждыгы жок. Биздикин ким алат?”.

"Инвестиция тартуу үчүн дүйнөлүк тажрыйбадан калбайлы"

Азыр иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Ысык-Көлдөн башка аймактарынан чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берилген. Маселен, Кыргызстанда чет элдиктер айыл чарба жеринен башка бардык кыймылсыз мүлктү сатып ала алышат. Кыймылсыз мүлк алуу жарандык алууга укук бербейт.

Ошондуктан Кыргызстандагы курорттук аймактан мүлк сатып алууга жол ачканда бул аймакка инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзөт деп мыйзамды жактагандар да бар.

Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Дегенбаев мыйзам Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртууга, Ысык-Көлгө капиталдын агымын көбөйтүүгө жакшы шарт түзөт деген пикирин бөлүштү:

“Бул дүйнөлүк тажрыйба. Туризм болгон жердин баарында ушундай кыймылсыз мүлк сатылат. Батир болобу, дача болобу, коттедждер болобу – дүйнө жүзүнүн баарында ушундай, Түркияда, Майамиде ушундай. Дүйнө жүзүндөгү тажрыйба боюнча үйүн-имаратын алганы менен, жерин албайт. Мен билгенден, Түркияда коңшу өлкөлөрдүн жарандарына жер сатпайт. Европалыктарга же башкаларга сата берет. Инвестициялык дараметти жогорулатып, туризмди өнүктүрүш үчүн, ошол жердин курулуш тармагы иштейт, курулуш материалдары сатылат, анын арты менен соода жүрө берет. Инвесторлор келет, туристтик жерлерге пенсионерлер келип үй, батир алып жашайт. Дубай деле ушундай, ал жакка дүйнөнүн булуң-бурчунан барып каалаган батирин, вилласын сатып алат. Биз деле ошондой жолго түштүк, мен мындан кооптуу нерсе деле көрбөйм. Тескерисинче, инвестициялык абалды жакшыртуу үчүн бул жакшы кадам. Жергиликтүүлөргө жакшы болот, сүтүн, этин сатышат, иштеп акча табышат. Туристтер дин жайында эле эмес, жыл бою келип турушуна шарт түзүлөт. Келип жашап, тамактанышат, ары-бери саякатташат – мунун баары акча. Албетте, киши саны көбөйсө, кыймылсыз мүлктүн баасы көтөрүлөт, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бүгүн вилла саттырбасак деле, каалайбызбы-каалабайбызбы, баа кымбаттай берет. Ошондуктан жакшы жагын караш керек”.

Ысык-Көл – Кыргызстандагы уникалдуу көл. Күңгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо тоо кыркаларынын ортосунда, 1609 метр бийиктикте жайгашкан. Ага ар кандай көлөмдөгү 80дей өзөн агып киргени менен, бир дагы жерден суу агып чыкпайт. Аянты боюнча дүйнөдөгү 30 ири көлдүн катарына кирет. Көл жана анын аймагы 2001-жылы Бүткүл дүйнөлүк биосфералык коруктар тутумуна киргизилген.

Кыргыз бийлиги үч жылдан бери Ысык-Көл аймагында “Асман” аттуу 500 миңден ашык тургунга эсептелген ири шаар-комплексти курууну жана ага чет элдик ишкерлер, инвесторлор жана компаниялар жайгашып иштесе болорун айтып келет. Ал курулса, кыргыз жарандары менен бирге чет элдик жактар үчүн да мүлккө ээлик кылууга бирдей шарт түзүлөт. Бул долбоордун курулушуна бир кыйла жергиликтүү тургундар менен экологдор каршы чыгып, шаар жана инфратүзүмдүк курулуштар көлдүн экосистемасына зыян келтирерин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG