Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүүдө элдин макулдугу сураларын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасы киргизиле турган болсо бул эл менен кеңешилип чечилерин 4-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди. Ал жазанын катаал түрүн киргизүүгө соңку жылдары балдарга жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөтүп өлтүргөн учурлардын көбөйүшү себеп экенин белгиледи.

Жапаров адам өлтүрүү жана зордуктоо боюнча соңку беш жылдагы статистикалык маалыматтарды келтирген.

“Коомчулук балдарыбыздын жана аялдардын кол тийгис укуктарын коргоо үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатат. Элдин калың катмарынын бул талабы мыйзам аркылуу гана чечилиши керек. Мыйзамдын долбоору - Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө - биринчи иретте коомдук талкууга коюлат. Андан кийин Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна корутунду берет. Ал мыйзам долбоору референдумда кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет. Эгерде көпчүлүк эл колдосо, андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек”, - деди президент.

Ал коомчулукта “сот жана укук коргоо органдарына ишеним жоктугу жана бейкүнөө адамдар кесилип кетиши мүмкүн” деген чочулоолорго да жооп берип, бул чара кылдаттык менен көрүлөрүн, бардык заманбап технологиялар колдонуларын айтты.

Өлүм жазасы колдонула турган болсо ал адам өлтүрүү жана өспүрүмдөрдү зордуктоо кылмыштарына тиешелүү болорун, коррупция жана башка кылмыштарда “жалаа жабылып калуу тобокелдиги бар экенин” тактаган.

27-сентябрда Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчы “балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү” сунуштап жатканын билдирген.

1998-жылы Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Бул документ өлүм жазасын толук жоюуну талап кылат жана андан четтөөгө же баш тартууга жол бербейт. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.

Шерине

XS
SM
MD
LG