Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатына мандат берилгенден кийин анын документтери кайра текшерилбей турганын билдирди. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Азаттыкка” курган маегинде айткандай, шайлоонун жыйынтыгы жана кайсы бир талапкерди жеңүүчү деп тааныган токтом жокко чыгарылбайт.
“Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо өткөндөн кийинки токтомдору сот тарабынан кандай гана негизде болбосун, кайрадан кароого тыюу салынат. Мурда БШК Жогорку Кеңештин депутатына мандатын берип, бир-эки жылдан кийин соттун чечими менен биз ал мандаттарды жокко чыгарып, башка талапкерге берген учурлар болду. Азыр андай болбойт”, - деди Шайназаров.
Ал эми депутатка кылмыш жасаганы үчүн соттун чечими чыкса, ошонун негизинде гана мандатынан ажырашы мүмкүн.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында мандат алгандан кийин шайлоо алдында талап кылынуучу документтерине байланыштуу депутаттыктан четтетилген учурлар болду. Алсак, 2023-жылы депутаттар Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов диплом маселесине байланыштуу соттун чечими менен мандаттан ажыратылган. Мындан тышкары добуш сатып алуу фактысы боюнча арыздардын негизинде да депутаттыктан четтетилгендер болду.
Быйыл депутат Султанбай Айжигитов мандатынан ажырады. Буга расмий себеп катары анын “соттуулугу алынбаганы” себеп болгону көрсөтүлгөн. Андан бир аз мурдараак Айжигитов парламентте кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сын пикирин айтып чыккан.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
Шерине