Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Жапонияда алгачкы ирет аял премьер-министр келери күтүлүүдө


Санаэ Такаити
Санаэ Такаити

Жапониянын Либерал-демократиялык партиясынын (ЛДП) төрагалыгына 64 жаштагы Санаэ Такаити шайланды. Бул Жапониянын тарыхында алгач ирет премьер-министрлик кызматты аял киши ээлеши мүмкүн дегенди билдирет.

Добуш берүү эки айлампа менен өткөрүлдү, анткени биринчи турда талапкерлердин эч кимиси жетиштүү добуш топтой алган эмес.

The Japan Times басылмасы жазгандай, экинчи турда Такаити айыл чарба министри Синдзиро Коидзумини жеңип, 185 добуш алды. Коидзуми 156 добушка ээ болду.

Жаңы премьер-министрди бекитүү үчүн парламенттин кезексиз жыйыны октябрдын ортосунда чакырылат. ЛДП парламенттин эки палатасында тең көпчүлүктү жоготконуна карабастан Такаитини бул кызматка бекитет деп күтүлүүдө. Анткени оппозициялык партиялар өз талапкеринин айланасында бириге алган жок.

Партия лидерин тандоо премьер-министр Сигэру Ишиба кызматта болгону бир жыл иштегенден кийин отставкага кетерин жарыялаган соң өткөрүлдү. The Guardian басылмасы белгилегендей, өткөн жылы орто көз караштагы саясатчы Ишибанын шайланышы партия ичиндеги оңчул мүчөлөрдүн нааразычылыгын жараткан. Такаити партиянын эң консервативдүү өкүлдөрүнүн бири.

Либерал-демократиялык партия Жапониядагы эң ири саясий партия. Ал 1955-жылы түзүлгөндөн бери, кыска мөөнөттүү (жалпы төрт жылдык) тыныгууларды эсепке албаганда, бийликте болуп келген. Либерал-демократтар менен “Комэйто” партиясынын башкаруучу коалициясы 2009-жылдан бери иштеп келет.

Өткөн жылы либерал-демократтар парламенттин төмөнкү палатасындагы азчылыкты түзүп калган, бирок коалициядагы өнөктөштөрүнүн жардамы менен бийликте калууга жетишкен. Быйыл июль айында ЛДП Жогорку палатада да көпчүлүктү түзбөй калды.

Шерине

XS
SM
MD
LG