Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:44

Мюнхендеги аэропорттун иши дрондун айынан эки жолу үзгүлтүккө учурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германияда Мюнхен аэропорту бир сутканын ичинде эки жолу дрондор байкалганына байланыштуу учууларды убактылуу токтотту. Ишемби күнү таңга жуук аэропорт ишин жанданта баштаганы менен күн ичинде каттамдардын кечигиши күтүлүп жатканын Reuters агенттиги жазды.

Аба майдандын иши жума күнү кечинде токтотулган. Маалыматка караганда, 23 каттам башка шаарларга жөнөтүлгөн, ал эми Мюнхенге 12 рейс жана шаардан 48 каттам токтотулган же кийинкиге жылдырылган.

Бейшемби күнү кечинде аэропорт алгачкы жолу ишин токтоткондо Мюнхенден Лондонго уча турган учактын капитаны жүргүнчүлөргө “дрондор байкалгандыктан учуп-конуу тилкелери жабылганын жана абада полициянын тик учактары бар экенин” маалымдаган.

Бельгиянын VRT телеканалынын булактары билдиргендей, 3-октябрга караган түнү белгисиз дрондор Бельгиядагы Элзенборн аскер базасынын үстүнөн байкалган. Маалыматка караганда, кийинчерээк болжол менен 15 дрон Германиянын аба мейкиндигине киргенин Дюрен полициясы кабарлаган. Дрондор кайдан чыккандыгы, ким башкаргандыгы жана кийин кайда жоголгону азырынча белгисиз.

Германиянын ички иштер министри Александр Добриндт полиция үчүн дрондорду жок кылуу боюнча аскерлерге суроо-талап жөнөтүү тартибин жеңилдеткен мыйзам долбоорун иштеп чыгууну убада кылды.

Акыркы жумаларда Дания, Швеция сыяктуу өлкөлөрдүн жана Германиянын түндүк аймактарындагы маанилүү инфраструктуралык объектилер менен аскердик базалардын үстүнөн белгисиз дрондордун көрүнгөнү тууралуу маалыматтар улам чыгууда. Алгачкы жолу 24-сентябрдын кечинде Копенгаген аэропортунун үстүнөн дрондор байкалган. Азырынча бул окуялардын артында ким турганы жана алардын өз ара байланышы бар же жок экени боюнча расмий версия айтыла элек.

Бирок бийликтер бул ишке Орусиянын тиешеси болушу мүмкүн экенин четке каккан жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG