Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бир талапкерге белгиленген миңге чейинки үгүтчү көп деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” курган маегинде белгилеп, алдыда бул чекти азайтуу аракети көрүлөрүн кошумчалады.
“Менин жеке оюм, бул көп. Кудай буюрса, келечекте Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары менен сүйлөшүп көрөбүз. Мен эми бул ниетти алдын ала айтып коюп жатам. Бир шайлоо участкасында бир талапкердин үгүтчүлөрүн бештен ашырбасак”, - деди Шайназаров.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
Мындан тышкары шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон 300 миң сомго, үгүтчүлөрдүн эң көп саны 500дөн 1000ге көбөйгөн.
Шерине