Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:35

Уранды казууга уруксат: экономика же экология


Кызыл-Омпол кенинин картасы.
Кызыл-Омпол кенинин картасы.

Жогорку Кеңеш уран казууга тыюу салган мораторийди жокко чыгарды. Беш жыл мурда парламент уран иштетүүгө тыюуну киргизген документти жокко чыгарган чечимге жетимиш депутат макул болду. Муну менен өкмөткө Кызыл-Омпол кениндеги уран кенин иштетүүгө жол ачылды. Өлкө жетекчилери кенди казууда экологияга жана калктын саламаттыгына кооптуу жагдайлар болбой турганына ишендирүүдө. Ошол эле маалда кенди казуунун экологияга тийгизүүчү таасиринен чочулагандар да бар.

Документ “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Уран, торийди чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзамы деп аталат.

13-июндагы жыйында аталган мыйзамды 2-3 суроо менен кыска талкуулаган депутаттар дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты. Жетимиш депутат “макул”, сегизи “каршы” добуш беришти.

"Экономиканы көтөрүү үчүн казышыбыз керек"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уранды казууда алдыңкы технологиялар колдонулуп, экология менен калктын саламаттыгына кооптуу жагдай болбой турганын айтты. Ал экономиканы көтөрүү үчүн ушундай кендерди иштетүү зарыл экенин белгиледи.

“Дүйнө жүзү боюнча коопсуздук эрежелердин баары сакталат. Анан, ошого жараша кайсы механизмдер керек болсо, ошонун баары колдонулат. Ал жерде калдык сактоочу жай болбойт. Титаномагнетит деген темир, магниттик ажыратуу кылып, аларды өзүнчө бөлүп алабыз дагы, ошол жактан чыккан сейрек кездешүүчу металлдарды дагы, уран менен торийди дагы Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатыбызда кайра иштетебиз. Ал жакта калдык сактоочу жайларыбыз бар. Ал жайлар атайын ошого арналган. Уран менен торийди дагы бир жолу айтып коёюн: биз андан алып анан пайда көрөбүз дегенден абдан алыспыз. Бизге биринчи кезекте титаномагнетит менен сейрек кездешүүчү металлдар керек. Бирок, бул жерде чалгындоону дагы, изилдөөнү дагы таптакыр кыймылдатпай турган мыйзамды кабыл алып, бекитип койгонбуз. Азыр бизге уруксат берсеңиздер, биз келип муну сиздер менен такай акылдашып турабыз”.

Акылбек Жапаров кенди казууга даярдык көрүү үчүн бюджеттен 1 млрд сом берилгенин, ал каржатка жабдыктар алынып, лабораториялар бекемделип, химиялык-технологиялык анализдердин баарын жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын айтты.

Парламент бул мораторийди алган соң Кызыл-Омполдогу кенди иштетүү боюнча аракеттер башталарын билдирди. Өкмөт башчы 26-28-июнда Кытайдын Үрүмчү шаарына барып, ошол жактагы башка иш-чаралардан тышкары, титаномагнетит чыгарган ири заводдун ишмердиги менен да таанышарын жарыялады.

Министрлер кабинетинин башчысы кендин экология менен туризмге терс таасири тууралуу маанайды айрым маалымат каражаттары атайылап күчөтүп жатат деген пикирин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар Акылбек Жапаровго 2019-жылдагы чечимди эске салышты. Ошол учурда да уран казууга тыюу салууга каршы болгонун айткан Жапаров андан бери "заман өзгөрдү" деп, азыркы жагдайды түшүндүрүүгө аракет кылды.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Кызыл-Омполдон казылган уран менен торий аралаш руданы Кара-Балта заводуна ташууда коопсуздукка терең маани берүү зарылдыгын белгиледи.

“Келечекте торий менен уранды сактаган бир саркофагды түзөбүзбү же бирдеме кылабызбы, бул жагынан так ченемдерди жазышыбыз керек, өкмөттүн тиешелүү жобосуна ченемдерди киргизип коюшубуз керек. Себеби, жакшы билесиз, совет доорунда уранды иштеп чыгып, андан кийин бизде 90дон ашык калдыктар калды. Ушул калдыктарга азыр жер жүзүндө башка мамлекеттерден каражаттарды издеп атабыз. Азыр Кара-Балтага алып барып, алдын ала бир жерди так аныкташыбыз керек. Андан кийин жүк ташуу, мына кечээ күнү бир оор жүк ташуучу унаа кулап калды. Биз чийки заттарды башка облустардан Кара-Балта заводуна кандай жолдор менен алып келебиз? Бул жагынан, менимче, катуу чара көрүшүбүз керек. Эгерде алып кетсек, анда бүт жагынан 100% сакталган жүк болуш керек”.

"Экологиялык кесепети оор болот"

Өкмөттүн ишенимдүү убадасына карабай тоо-кен жана экология жаатындагы адистер чөйрөсүндө Ысык-Көлдүн экологиясына жана чөлкөмдө жашаган калктын саламаттыгына кабатыр маанай да бар. Таш-топурак учурган Улан шамалы Кызыл-Омпол жактан чыгышка, Ысык-Көлгө карай жүрүп турат. Андан тышкары, Орто-Токой суу сактагычынан чыккан суу Чу дарыясына айланып кыргыз-казак чек арасын кесип агат.

30-май күнү Кыргызстандын жарандык коомунун ондогон активдүү өкүлдөрү бийликтин уран казууга тыюу салган мораторийди жокко чыгаруу аракетине тынчсыздануусун билдирген кайрылуу жарыялаган. Кайрылууда долбоорго көз карандысыз экологиялык экспертиза өткөрүү жана айлана-чөйрөгө таасирин баалоо талап кылынган.

Эколог Анара Султангазиева Кызыл-Омполду казууда Ысык-Көл менен Чу дарыясы, айлана-чөйрөдөгү флора менен фауна жабыркашы мүмкүн экенин айтат. Адис экономикалык пайда менен экологиялык зыяндын баасы тең келбейт деп эсептейт.

“Анын топурагы менен эле бөлүкчөлөрү учуп элге, өсүмдүктөргө, жаныбарларга, сууга бир топ зыян келтирет. кесепети бир топ эле. Бекеринен Көлдүн тегереги биосфералык аймак деп аталбайт да. Биосфералык аймак бул табигый ресурстуу жана аябай сактай турган жер деп которулат да, туурабы? Өкмөт өзү чечти, президент өзү чечти. Алар экономикалык каражат табуу жагына басым кылып жатышат. Ал эми анын экологиялык кесепеттери эске алынган жок. Чынын айтканда бизде ушундай да, Кыргызстанда, дегеле КМШ, Борбор Азияда биринчи экономикалык жагына басым кылабыз. Академияда отурган академиктер менен докторлор деле “койгулачы экологияңарды, биринчи акча табыш керек, экономиканы өнүктүрүш керек” деп айтышат. Эгерде биздин экологиябыз талкаланбай өнүксө, анда экономика дагы өнүгөт. Бул бири-бири менен тыгыз байланышта. Эгерде биз убактылуу экономикалык пайда табабыз деп экологиянын баарын талкалап салсак, биз кийин Африкадай болуп аябай жабыркап калышыбыз мүмкүн”.

Расмий маалыматтарга караганда, Кызыл-Омпол кенинин совет мезгилинде изилденген бир участогунда 10 млн тонна титаномагнетит, 330 миң тонна цирконий, 300 миң тонна фосфор, 8 миң тонна сейрек кездешүүчү металлдар бар. Руданын 0,002% уран, 0,0005% торий түзөт деп айтылат.

2019-жылы да кенди казуу аракеттери болуп, бирок калктын катуу каршылыгынан улам “Уран, торийди чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда парламент бүгүнкүдөй эле көпчүлүк добуш менен бул металлдарды иштетүүгө тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG