Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

Коронавирус Борбор Азияга келди


Алматы. 16-март, 2020-жыл.
Алматы. 16-март, 2020-жыл.

Өзбекстанда өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алгандардын саны алты адамга жетти. Казакстанда 16-марттан баштап өзгөчө абал күчүнө кирди. Бул өлкөдө тогуз кишиден коронавирус табылды.

Өзбекстанда 11-мартта Парижден учуп келген аялдан коронавирус аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги ал бейтаптан оору күйөөсүнө, уулуна, кызына жана небересине жукканын кабарлады. Бул аял менен көрүшүп, катташкан туугандары, ал жашаган көп кабаттуу үйдүн жашоочулары, бейтап менен кошо учуп келген жүргүнчүлөр, учактын экипаж мүчөлөрү жана ал каттамды тейлеген аэропорт, бажы, чек ара кызматкерлери эки жумалык карантинге алынды.

Коронавирусту жугузган бул үй-бүлөдөн сырткары Стамбулдан учуп келген дагы бир жүргүнчүдө оору бар экени аныкталган.

«Азаттыктын» өзбек кызматы Ташкенттеги аэропорттон бир жүргүнчү карантинге алынып кетип жатканы тартылган тасманы жарыялады. Бул өлкөдө соңку жагдайдан улам базарларда, соода-жай, дүкөндөрдө ызы-чуу, кымгуут башталды.

Өзбек өкмөтү коронавируска каршы чараларды күчөтүп, оору тез жайылып жаткан өлкөлөр менен аба каттамдарын токтотту. Автоунаа жолдоруна жана темир жолдорго чектөө киргизди. Чет өлкөлүктөрдүн келишине да убактылуу тыюу салды. Мектептер жана окуу жайлары 16-марттан тартып үч аптага тарады.

Президентке караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин башчысы Дилшод Саиджонов жагдайга байланыштуу такталбаган, жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын, ал тургай беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.

Казакстанда болсо соңку маалыматтарга ылайык, коронавируска кабылгандардын саны тогуз адамга жетти. Алардын баары Германиядын, Италиядан жана Польшадан учуп келген жүргүнчүлөр болуп чыкты.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев 16-мартта мамлекеттик телеканал аркылуу кайрылуу таратып, оорунун жайылып кетүү коркунучу бар экенин эскертти:

Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

«Өзгөчө абал 16-мартта таңкы саат 8де башталат жана 30 суткага уланат. Зарыл болгон учурда мындай режимдин мөөнөтү дагы узарышы мүмкүн. Коомдук тартипти кайтаруу күчөтүлөт. Эл көп келчү иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Көптөгөн казакстандыктар алдыдагы майрамдарга карата бир топ пландарды түзүшкөн, кимдир-бирөө концертке, айрымдары спорттук мелдештерге баргысы келген. Тилекке каршы, жалпы саламаттыгыбыз үчүн мунун баарын токтотуп туруш керек».

Токаев өлкөгө кирип-чыгуу чектелгенин, көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде санитардык-эпидемиологиялык режим күчөтүлгөнүн кошумчалады. Бирок мындай чектөө жүк ташуучу автоунааларга тиешелүү эмес экенин белгиледи. Ошондой эле медициналык текшерүүнүн, карантиндин шарттарын бузган жарандар жазага тартыларын билдирди.

Мунун алдында Алматы шаарында коронавируска чалдыккан аял кылмыш жоопкерчилигине тартылганы белгилүү болгон. Полиция аны «санитардык кызматтардын ишине жолтоо болду, кийинки убакта өзү менен байланышта болгон жарандар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты» деп айыптаган.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өз элин вируска каршы адырашманды колдонууга чакырган. Ал 13-мартта мамлекеттин өнүгүшүнө арналган жыйында бул чөп «түркмөн ата-бабалар миңдеген жылдар бою колдонуп келген, жаман адаттарга жана ар кандай жугуштуу ооруларга каршы даба болору далилденген» деп айткан. Түркмөн бийлиги өпкөнү сезгенткен ооруга чалдыккандар тууралуу расмий кабарлай элек. Бирок «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашхабадда жугуштуу илдетке чалдыккан бейтаптар жаткан ооруканадагы ишенимдүү булактарына таянып, кеминде эки адамдан ушундай илдет аныкталганын жазган.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандан сырткары Тажикстан менен Түркмөнстанда коронавируска чалдыккандар расмий каттала элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG